Жогорку Кеӊештин депутаттары Өмүрбек Абдрахманов, Равшан Жээнбеков жана экс-башкы прокурор Кубатбек Байболов Феликс Куловдун партиясынын тууруна конгону жатышат. Бир кезде «ата мекенчилердин» алдыӊкы сабында жүргөн Абдрахманов менен Жээнбеков парламентте аталган фракциянын курамынан чыгып, фракция менен «жаакташып» келишкени баарыбызга белгилүү эле. Аталган эки депутат америкачыл көз караштарын активдүү билдирип келишип, шайлоо алдында Орусиянын саясатын жактаган Кулов менен «кол кармашуусу» талкуу жаратты. Ошентсе да мындай аракеттерди түшүнүүгө болот. Кандай кылып болбосун парламенттин босогосун аттоо керек. Андан кийинкиси кийин болот.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg