8-август күнү Баткен облусунун Көчө-Карын деп аталган жеринде кыргыз чек ара кызматкери октон жаракат алды. Окуя болгон күнү 10дон ашуун тажик жарандары мыйзамсыз чек арадан өтүшкөнү аныкталып, анын бири кыргыз чек арачылары тарабынан колго түшүрүлгөн. Мыйзам бузгандардын калгандары Тажикстандын аймагына өтүп кетүүгө жетишип, ал жактан кыргыз чек арачыларын көздөй ок чыгарган. Ок кыргыз чек арачысынын бутуна тийген. Айтымдарга караганда, чек арадан мыйзамсыз өтүшкөн тажик жарандары Кыргызстандагы дарыянын нугун өз айылына карай бурмакчы болушкан.
Өткөн аптанын 3-август күнү Баткен облусунун Көк-Таш айылы менен тактала элек аймактагы Май айылында жашаган кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чыккан жаӊжал чечилип бүтө элек. Талашка түшкөн 20 сотых жер тилкесин алмаштыруу боюнча долбоорлор түзүлүп, аны кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын талкуусуна алып чыкмай болушууда.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg