ЖЫЛДЫЗДАР ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ КАНТИП ТОСУШТУ?

“Той болот, тойдун эртеси да болот” демекчи, баарыбызды шаңга бөлөгөн Жаңы жылды тосуу аземи артта калды. Майрамдык кечелердин көркү болгон жылдыздарыбыз жолборс жылын кандай тосушту экен, байкап көрөлү.

Темир Назаров
Ырчы Темир 31-декабрь күнү жубайын Ош шаарынын борбордук аянтында болгон карнавалга, андан соң кафеге алып барып, романтикалык кеч уюштурганга үлгүргөн. Анан үйүнө барып Жаңы жылды тууган-уруктун коштоосунда көңүлдүү тосуп алды. Ырчы апасына кымбат баадагы булгаары тон берип көңүлүн алса, жубайына билерик белек кылды. “Ал эми кызым азырынча кичинекей болгондуктан, белек бергенди деле түшүнбөйт. Ошентсе да кызым чоңойгондо киет деп, кооз көйнөк сатып алып койдум”,- дейт ырчы.

Алихан
Жаш ырчы Алихан Жаңы жылды апасы менен тоскону 26-декабрь күнү Орусияны көздөй сапар тарткан. Ырчынын айтымына караганда, эне-бала көптөн бери майрамдарды чогуу өткөрбөй калышкан. Анын үстүнө, 1-январь апасынын туулган күнү экен. Ошентип, Алихан апасынын жана жакындарынын коштоосунда Жаңы жылды тосуп, аябай кубанган. Орусияда Жаңы жыл астында үч күн үч түн жааган кар ырчынын маанайын тазартса, Москва шаарында салют аттыруу модадан калганы көңүлүн ооруткан. Жаңы жылдын эртеси апасына көз талдырган пейзаж тартылган чоң сүрөттү белекке берип, туулган күнү менен куттуктаган. Ошентип, ырчы 3-январь күнү мекенине аман-эсен кайтып келди.

“Кыз-Бурак” тобу
«Кыз-Бурактын» кыздары кирип келген жыл таттуу болсун дешкенби, майрам күнү көңүл калгыча торт жешиптир. Жаңы жылга карата топто иштегендерге ар кандай аталыштагы наамдар ыйгарылды. Мисалы, Аида “тартиптүү кыз” наамынын ээси болсо, Сайкал “шок кыз” болуп табылды. Ал эми “супер айым” наамы Кенжеге ыйгарылды. Буга кошумча Гүлшайыр эжебиз топтун кызматкерлерине акчалай сыйлык берип да кубантты. Буга чейин кой, эчки, козу союп келген кыздар бул Жаңы жылда үндүк, тоок союшту. Ал эми түнкү асманды кооздукка бөлөгөн фейерверк үчүн 12 миң сом коротушкан. Жыл тогошорго аз калганда шампандарын көтөрүп салют аттырганы “Кыз-Бурактын” кыздары сыртка чыгышкан. Салюттардын үнү да, атылышы да өзгөчө эмеспи. Андан улам Гүлшайыр эже коркконунан экинчи кабатка качып жөнөсө, кыздар короодогу машинанын артына жашынып калышкан. Айтор, фейерверк аттыруу 40 мүнөткө созулуп, көздөрүнөн жаш чыкканча каткырган кыздарды Гүлшайыр эже үйгө араң киргизиптир.

Сема
Семанын кызы, уулу бар экени баарыбызга белгилүү. Ырчы жигит: “Жаңы жыл түнү балдарым үчүн өзүм Аяз ата, кичүү иним Аяз кыз болду. Майрамды жакшы маанайда баштаганбыз. Анан майрам ортолоп калганда, үйүбүзгө чыныгы Аяз ата менен Аяз кыз кирип келип жатышпайбы! Көрсө, иним Жанарбек бизге сюрприз болсун деп заказ кылып койгон экен. Анан Аяз ата балдарга белек берип баштаса, мен да кызыгып кетип ыр айтып белекке ээ болуп, өзүм Аяз ата болгонумду унутуп уят болдум”,- дейт жылмайып.

Бек Борбиев
Ырчынын үй-бүлөсүндө Жаңы жыл сайын апасын айылдан алдырып, төрүнө отургузуп, бала-чакасы менен тосмой адатка айланган. Быйылкы Жаңы жылда да энеси баласынын төрүндө отурду. Майрамдык азык-түлүк, үйдү кооздоочу жасалгаларды, салюттарды жеңебиз өзү алган. Мындай нерсеге баш оорутпаган ырчы майрам үчүн канча каражат кеткенин да билбейт. Ырчы түнкү саат 12 болгондо эл катары эшикке чыгып салют аттырып, шампан менен каалоо-тилек айтып тынч тосуп алганын маалымдады.

Асел Турдалиева
Асел айым жолборс жылын сырдаш досторунун курчоосунда тосту. Жаңы жылды үйүнө киргизип алган соң Аяз кызга айланып, Аяз атаны жандап достору менен шаар аралашты. Тууган-урук, дос-тааныш баарыныкын кыдырып, белек берип, конок болуп, сүрөткө түшүп, айтор, аябай жыргады. Ошентип, катуу чарчаган ырчы таң атканда үйүнө келип кулаган. Жаңы жылды кандай тостуңуз деген биздин сурообузга “чёткий тостум” деп каткырган ырчы айым ушуларды айтып берди.

Назира Айтбекова
Назира Айтбекова Жаңы жылды күйөөсү Искен менен романтикалык маанайда тосуптур. Тың келин күндүзү кайын-журтун, өз апасын куттуктап көңүлдөрүн алганга жетишкен. Кечкисин үйүнө келип, баласынын курсагын тойгузуп уктатып койгон соң жагылган шамдын жанында күйөөсүнө жакшы сөздөрдү айтканга да үлгүрүптүр. Күйөөсү “сен сексенге чыкканда деле сүйөм” десе, “мен 90го чыкканда да картайбайм” деп Назира тамашалап жатып Жаңы жыл кирип келгенин да байкабай калышкан. Шампандарын ачып, салют аттырган соң Назира күйөөсүнө кылыч берсе, күйөөсү алпаруучуга алтын билерик тагып кубантыптыр. Ошентип, эки жаш ак жолборс жылы өзгөчө болот деп кыялданып жүрүшкөн кездери.

Камчы Сарыбаев
Актёр, ди-джей, тамада Камчыке 30-декабрда корпоративдик кечелерге заказ алып, түнү менен Аяз ата болуп капчыгын кампайтып алган. Эртеси Жаңы жылды уюлдук телефонун өчүрүп салып тынч майрамдоону каалап, жакын досун үй-бүлөсү менен конокко чакырган. Аяштар даамдуу тамак-ашы жайнаган дасторкон үстүндө ырдап-бийлеп отуруп, Жаңы жылды шампан менен жакшы маанайда тосуп алышыптыр. Камчы досун узаткандан кийин уктап калган кошуналарын ойготуп, аларды Жаңы жылы менен куттуктаганга да жетишкен. Андан соң таңкы саат 3кө чейин сыналгы көрүп уктабаган баласын уктатам деп жатып андан мурун өзү уктап калган. Эртеси түшкү саат 12 ченде ойгонуп, үй-бүлөсү менен ата-энесин, кайын-журтун куттуктаганы барып өлөрчө этке тоюп келген. Топоздун этин аябай жеп алган актёр азыркыга чейин тамакты аш кыла албай кыйналып жүргөн кези.

Султан Садыралиев
Султан ырчы атка конгону, Жаңы жылды достору же болбосо корпоративдик кечелерде тосуп келген. Быйыл мүчөл жылы болгондуктан, ырчы өзгөчө тосууну каалап, айылга кетип калды. Шаан-шөкөт, ызы-чуудан чарчаган Султан Жаңы жылды ата-энесинин кашында тынч тосуп алды окшойт. Ырчы бул жолу жадакалса тарсылдатып салют аттырганга да көңүлү келбей, бир туугандарынын маңдайында домбра менен ырдап отурган. “Биз кичине кезибизде апам менен атам чогуу аткарган дуэт ыр бар болчу, ошону белек катары ырдап берип, ата-энемди сүйүнттүм. Уй жылында жашоомдо бир аз кыйынчылыктар болуп кетти эле. Жолборс жылы тынч болсун деп ырымдап, тынч тосуп алдым. Эми быйылкы жыл жакшы жылдардан болсо керек деп ишенип жатам”,- дейт ырчы. Кардын жаабай койгонуна Султандын маанайы түшкөнү менен, ата-энесинин жанында болгонуна кубанып, Бишкекке кайтып келди.

Айбек, Гүланда
Жаңы келин Гүланда менен ырчы Айбек Жаңы жыл күнү майрамды тууган-уруктарын куттуктоо менен башташты. Баарынын көңүлүн алышкан соң жакын досунукуна барып, Жаңы жылды ошол жерден тосушкан. Гүланда буга чейин кафелерде, досторунукунда же эже-сиңдилери менен тосуп келсе, быйыл кара чечекей жолдошунун жанында болгонуна сүйүндү. Аяштары менен ырдап-бийлеп, жайылган дасторкондун четинде аябай чер жазышты. Жыл алмашар убакта болсо эл катары шампан ачып, салют атып, жакшы каалоо-тилек айтышып, көңүлдүү майрамдашты. «Кудайдан жан шеригим менен өмүр бою бактылуу болоюн деп тиледим»,- дейт ырчы айым.

Бегимай Эсенгулова
Бегимай сулуу 31-декабрь күнү таң эртеден кеч киргенче салат жасоо менен алектенген. Дасторконду түрдүү даам менен жайнатып салган соң радиодогу түз эфирге барып, элге жаңы жылдык куттуктоосун арнады. Андан соң продюсери Динара Эсенгулованы куттуктаганы барып, Айдин Шер экөөнүн мелдешинин үстүнөн чыккан. Айдин орусча, итальянча аткарылчу классикалык ыр жаздырган эле. Продюсери: “Бул ыр кыргыз радиолорунун форматына туура келбейт, андан көрө кыргызча жакшы ыр жаздыр”,- деп талашып жаткан. Бегимай бул талашты чечүүгө жардам берип төмөнкүдөй сунуш киргизиптир. Эгерде аталган ырды эл жакшы кабыл албай койсо, Айдин 2011-жылы 31-декабрь күнү саат 12де Аяз атанын кийимин кийип Динара эжесин куттуктаганы бармакчы. Ал эми ыр популярдуу болсо, анда Динара эже Аяз кызга айланып Айдинди куттуктайт. Бегимай экөөнүн маселесин чечери менен шашып үйүн көздөй жөнөгөн. Жолдо автотыгынга туш болуп, саат 24:00гө саналуу мүнөттөр калганда үйүнө араң жетип, жакындары менен бокал кагыштырганга үлгүрдү. Баарынан жаманы, Бегимай шашып жатып продюсерине алган белегин унутуп бербей калган. Аны жаңы жылдын 1-күнү баштыгынан көрүп, дароо Динара эжесине алпарып берип кечирим сураган.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Robingud
2010-01-12 16:48:01
Super-info 5-10 unottuk baktiluu kiyaldardi tartuulaptir da altin takka mingizip.Birok,bul iwter 3 kundo ulkon ozgortuulor kirgize turgan iwter emes da.Конституцияны 3 kundo ozgortup 4iguu takyr mumkun emes.any juzogo awyruunun minimaldik ubakyty ukuk jaginan alganda ele kan4alagan aylardi kamtiyt.Jakwi tilek-jarim yrys.balkim,bolor...eger bakiev baykener uruksat berse...
0
Robingud
2010-01-12 16:51:39
marwrutkanin orduna avtobustardi koldonuu sonun pikir.dagy kudayga wugur,KIRGIZSTANDA salyktyn turu an4a-myn4a olkolorgo karaganda az.Turkiyada algan ar bir buyumundun saligi bar.baykuwtar da arizdanip juruwot.Mamleket salik albasa kantip mayanalardi koboytmok.dagy orus baykelerden kariz alat ko 4amasi...
0
№ 375, 8-14-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан