Ырчы Назгүл Токтакунова менен «Жаӊы толкун-2011» эл аралык сынагынын катышуучусу Айбек Замиров бизге берген маегинде экөө 10 жылдан бери мамиле куруп келерин айтышкан эле. Эми минтип эки жаштын мамилеси дагы бир тепкичке көтөрүлүп, үй-бүлөгө айланганы турат. Бул тууралуу ырчылардын продюсери Эрнест Уметалиев өзүнүн инстаграмдагы баракчасына жарыялаган. Жагымдуу кабар тууралуу: «Ооба, негизинен тойду күзүндө деп сүйлөшкөнбүз. Азырынча так күндү белгилей элекпиз. Ата-энелерибиз кандай деп чечишсе, биз ошого макулбуз»,- деп билдирди Айбек мырзанын болочоктогу жубайы Назгүл.