АТАКТУУЛАРДА АРЫКТОО НЕГИЗГИ МАСЕЛЕ

Азыр артисттер эле эмес, жөнөкөй адамдардын арасында да кантип арыкташ керек деген маселе көп. Эл көзүндө жүргөн жылдыздарыбыз арыктоо үчүн кандай аракеттерди жасайт, сурап көрөлү.

Кенже Дүйшеева: «КҮЙӨРМАНДАРЫМА МУРУНКУ КЕНЖЕНИ БЕЛЕК КЫЛДЫМ»
– Учурда спорт залга барып машыгып жатам. Ага алымсынбай кечинде стадиондо чуркайм. Тердеп-кургап күнүгө 6 сааттан бийлейм. Андан сырткары мүнөздөп тамак жеп калдым. Жыйынтыгында 5 килограммга арыктаптырмын. Кандай максат койбо, ага жетиш үчүн бекем эрк керек. Мурда менде семирүү деген маселе болчу эмес. Анткени жаным тынбай кыймылда болчумун да. Акыркы кезде кыймыл азайгандыктан толуп кеткем. Жактырган көйнөктөрүм батпай калганда аябай жаман болдум эле. Азыр аларды кийип жыргап калбадымбы. Бир сөз менен айтканда, мен күйөрмандарыма мурунку Кенжени белек кылдым десем болот.

Мерген Турган: «АРТИСТТЕРДИН БААРЫН АРЫКТАТАМ»
– 6 айдын ичинде 13 килограммга арыктадым. Алдыма 20 килограмм салмак таштайм деп максат койдум эле, бирок ага жетпедим. Дагы бир аз арыктасам жакшы болмок, сахнага жапжаш болуп чыга келмекмин. Тааныштардын кеӊеши менен бир компаниянын азыгын ичип жатам. Жаӊы төрөлгөн баладай эле болуп калдым. Буюрса, артисттердин баарын арыктатам деп жатам. Райхан Абдувалиеваны 14 килограммга арыктатып салдым. Чолок шымдарды кийип, кичинекей жаш кызга окшоп калды.

Роза Шакирова: «БУТУМДУ АРЫ, БЕЛИМДИ БЕРИ ЧОЙДУ ЭЛЕ БАРБАЙ КОЙДУМ»
– Орозо кармагандан кийин эле арыктоону чечтим окшойт. Катуу диетага отурбадым, спорт залга барып атайын машыккан деле жокмун. Болгону кечки саат алтыдан кийин тамак жебейм. Болбой эле курсагым ачып баратса дарбыз же алма жеп коём. Мүмкүн болушунча жашылчаларды, алардан жасалган салаттарды жегенге аракет кылам. Нан такыр жебей калдым. Арыктаганга жардам болсун деп бийге бардым эле, бутумду ары чоюп, белимди бери чоюп кыйнашты эле токтотуп койдум. Анын ордуна кеч кирип, эл таанылбай калган учурда үйдүн жанындагы мектептин стадионуна барып чуркап жатам.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (52)
kamuke_72
2015-08-18 02:04:29
Арыкташ учун чифир ич,тамеки тарт,арактан сок.бадыран же ачыган айран ич,кечке негрдей иштеп акчаны аз ал,жакынын менен согуш,туну бою уктаба,тамак ашты мусорго ыргыт.муздак баняга туш.телевизор коруп жат суудан шимирип.чиркейге таланып,ич откоргон дарыдан коп коп ич.телефонду тиктеп кезерип ачка отур.чонураак суммада кредит алып ал.анааан ошондо терин соогуно жабышканча арыктап жыргааап каласын фигуран чыгып!
+9
Santta
2015-08-18 14:15:14
kamuke_72, Чон эле экенсиз кичине чындыка дал келе турган созду жазсаныз тамакты кайсы жинди мусорго таштайт убал эмеспи?Мусорго эмес азраак же дебейсизби ойду келди оттобой,туну бою уктабаа депсиз тамеки тарт телефонду кечке карап олтур депсиз булар денсоолука зыянго?Денсоолука зыян келтирбей деле арыктаса болот,Ээн пайдалуусу спорт мн машыкса арыктайт,нанды азраак жеп толька жер жемишти коп жесе мына ушундада арыктайт адам!
0
KYRGYZJERI
2015-08-18 22:00:55
Santta,
чон кыз бул тамашада чындыгына жараша
0
peri-jan
2015-08-18 04:47:12
Учурда менин да койгойум))) ушул
0
SHAHDAR
2015-08-18 08:41:20
Мага карыз акча берип койгула, сарсанаа болуп жатып бат эле арыктайсынар
+1
kg_egizder
2015-08-18 13:33:52
Семирем дегендер майлуу тамакты, мантыны, курмаларды жесе, анан баняга тушордо да курсакты тойгузуп тушсо семиреткен, АРЫКТАЙМ дегендер укапустаны коп жесенер оной арыктайсынар дарбыз да сонун арыктатат, мен россияда диета кармагам да алма, кефир ичет элем дарбыз жейт элем башка эч нерсе жебедим тез анан Оной тез эле арыктап кеткем
+1
Sagidko88
2015-08-18 15:43:01
Тороттон кийин кантип арыктаса болот? Айрыкча пузо))))
0
Tairova8484
2015-08-18 16:26:14
Канчалык эркин кучтуу болсо,ошончолук тез арыктайсын,диета менен.
0
MIRAN
2015-08-18 19:29:21
Кенже эже сооонун болуп калыптырго
0
anar-87
2015-08-18 22:46:24
кыймылы аз адамдар бат толот ,кобуроок кыймылдап тамакты убактты саат менен жесе нанды азырак жесе эле арыктайт .
0
mira120486
2015-08-18 23:11:49
Уфффф Кантип бат эле арыктаса болот экен ээ? Аябай ушул проблема болуп жатат. Гербалаеванын продукциялары деле арыктатып жатат,бирок жааай арыктатат окшойтго.
-1
Sam88
2015-08-20 11:34:57
Лучшая диета это, не жрать.
+1
Bema.9696
2015-08-20 12:43:25
Кенже эже сонун болуп калыптыр
0
jazgul.kg.ru
2015-08-22 23:52:40
Арыктоо учун эртен м.н тамактануу алдынан 1 саат мурда жана кечкисин 300г кипиток ичиниздер
0
seed
2015-08-23 10:56:37
aryktagysy kelgender kupu9ga jazgyla oni opyt bolushom
0
football1
2015-08-23 13:51:16
Коон жеп артынан айран ичсенер, илибой семиз арыктайт
0
daniel87
2015-08-24 02:28:52
Тушунуп тушунбой арыктайм дегендерге би нерселерди ооруп жаза бербегиле!!!адам дайыма салмагына конул буруш керек семируу турдуу оорулардын башаты жана алып келет болгондо да коркунучтуу оорулар аялы эркекби денсоолукка кам коруш керек
0
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан