БИР БҮРКҮМ

  • ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО катышмакчы болуп жаткан партиялардын саны 34төн 30га кыскарды. 4 партия белгиленген мөөнөттүн ичинде банкта эсеп ачкан эмес.
  • Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун Президенттик аппараттын экс-башчысы ДАНИЯР НАРЫМБАЕВДИ 15-сентябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармоо чечимин күчүндө калтырды.
  • Быйылкы жылы 1-сентябрда 1-КЛАССКА 107 миӊ окуучу барат.
  • Орусиянын Архангельск облусунун АЛЬПИНИЗМ федерациясынын президенти Михаил Ишутин 8-август күнү Кыргызстандын эӊ бийик Жеӊиш чокусунан түшүп келе жатып жүрөгү токтоп кайтыш болду.
  • Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНА бөлүнгөн каражаттын иштетилиши боюнча кылдат текшерүүнү өтүнүп арызы менен Башкы прокуратурага кайрылды. Чүй облустук сотунун кабинетинен өрт чыгып, андан жоголгон мародёрчулук боюнча кылмыш иштеринин материалдарын уурдоого шектелип 3 адам кармалды.
  • ИИМдин маалыматы боюнча, өрт коюу жана уурдоого буйрутма бергендер МАРОДЁРЧУЛУК үчүн соттолгондор Абдували Акжолов менен Абдулла Юсупов болгон.
  • Быйыл өлкө аймагынан чогултулган БИТИР-САДАГАНЫН жалпы суммасы 31 миллион 112 миӊ 350 сомду түздү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
  • Темир Сариев "ДАТКА-КЕМИН" жогорку чыӊалуудагы электр линиясын ушул жылдын 31-августуна чейин толугу менен бүтүрүп, ишке берүү керектигин белгиледи.
  • Өлкө боюнча SIM-КАРТАЛАРДЫ каттоо мөөнөтү 1-октябрга жылдырылды. Бүгүнкү күндө 1 миллион 82 миӊ 44 абонент каттоодон өтө элек.
  • АЛА-БУКАДА мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча айдоочу 7 жылга кесилди. 22-июнда болгон жол кырсыгынын кесепетинен 3 мектеп окуучусу жана 1 оператор каза болгон.
  • Башкы прокуратура бала бакчанын жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирип жиберүү фактысы боюнча Ош мэриясына байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди. «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу» беренелери боюнча козголгон бул иштер шаарды МЕЛИС МЫРЗАКМАТОВ жетектеп турган мезгилге туш келет.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан