12-август күнү Бишкек-Каракол жолундагы Боом капчыгайында таштар кулап, эс алуучулар жана башка жүргүнчүлөр орто жолдо калышып, жолдун эки тилкесинде теӊ бир нече чакырымдарга созулган тыгын жаралды. Борбор калаа менен Ысык-Көлдү байланыштырган жалгыз жолдун 300 метрдей бөлүгү шагыл менен тосулуп, Кудай жалгап, бул кырсыктан эч бир адам жабыркаган жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуяны жер көчкү деп атагысы келбей, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жолду эксплуатациялоо ишканасы тоонун боорундагы кум менен шагылды жүктөө боюнча иштерди жүргүзүп жатат деп маалымат таратты. Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жер көчкү деп чыкты.
Кырсыктын айынан орто жолдо калып кеткен автоунаалардын кербени жол жарым-жартылай ачылганга чейин 5 чакырымга дейре жетти. Трасса толугу менен 13-август күнү түштөн кийин ачылды.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg