Бардык партиялар шайлоого даярдыктарын көрүп, съезддерин өткөрүүгө кам көрүп жатышат. Алардын арасында «Бир бол» партиясы да бар. Партияга келип кошулгандардын тизмеси дале уланып, катарга укук коргоочу, «Адилет» укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова кошулду. Бул тууралуу партиянын басма сөз катчысы Лунара Мамытова маалымдады.
Чолпон Жакупова көп жылдардан бери укук коргоо жаатында эмгектенип, миӊдеген жарандарга укуктук жактан жардамдарын көрсөтүп келет. Аны баары юрист, адвокат катары жакшы билишет.
Буга дейре партияга Жогорку Кеӊештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев өзүнүн партиясы менен кошулган. Абдылдаев убагында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болгон, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин жетектеген, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын башчысы болуп турган.
«Бир болго» прокуратуранын генералы кошулганын сөз кылып бүтө электе дагы бир чоӊ жылдыздын ээси, милициянын генералы Бакирдин Субанбеков да бул партиянын тизмесинде депутаттыкка аттана турганы белгилүү болду. Райондук, облустук милиция бөлүмдөрүн, ИИМдин башкармалыктарын жетектеп, ички иштер министри да болгон Бакирдин мырзанын да басып өткөн жолу милиция кызматкерлеринин эсинде. Анын күч органында натыйжалуу иштегенин, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү эмгегин милиция кызматкерлери бүгүнкү күнгө чейин айтып келишет. Ишиндеги жетишкендиктери убагында бааланып, ошол кездеги президент Аскар Акаев сыйлык, наамдар менен сыйлаган.
Мына ошентип мыйзамдын үч багыттагы «генералдары» бир жерге чогулушту.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg