Алмазбек Атамбаев: «НАЗАРБАЕВДЕЙ ПРЕЗИДЕНТ БИЗДЕ ЖОК БОЛГОНДУКТАН 15-20 ЖЫЛ АРТТА КАЛДЫК»

2015-жылдын 12-августу кыргыз мамлекети ЕАЭСке мүчө болгон дата катары тарых барактарында калмай болду. Ушул күнү Ысык-Көлдүн боюнда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «чек арадагы бажы тосмолору алынып салынсын» деп буйрук беришти. Муну менен Кыргызстан ЕАЭСтин толук кандуу мүчөсү болуп калды.

Назарбаев: «ЫСЫК-КӨЛГӨ 4-5 ЖЫЛДАН БЕРИ КЕЛЕ ЭЛЕК БОЛЧУМУН»
11-август күнү Нурсултан Назарбаевдин учагы Тамчыда жайгашкан жаӊы оӊдоп-түзөөдөн өткөн аэропортко келип конуп, аны Алмазбек Атамбаев өзү тосуп алды. 12-август күнү президенттер журналисттердин алдында адегенде эки тараптуу мамилелерди талкуулашты.
Алмазбек Атамбаев:  «Кыргыз-казак бир тууган эл, алардын ортосунда бажы тосмосу, шлагбаум дегендер жок болуш керек»,- деген оюн айтты. Нурсултан Назарбаев кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазы экенин айтып: «Ысык-Көлгө 4-5 жылдан бери келе элек болчумун»,- деп көгүлтүр көлдүн касиеттүүлүгүн баса белгиледи. Кыргыз-казак мамилелери тууралуу сөз баштаган "эл басы": «Ушул кезге чейин Казакстан Кыргызстанга 1,5 миллиард долларга чукул инвестиция алып келди. Эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 1 миллиард долларга чукулдады. Чек арадагы бажы посттору ачылган соӊ бул көрсөткүч мындан да жогорулайт»,- деди.

КАЗАКСТАНДАН ЫСЫК-КӨЛГӨ КЕЛҮҮЧҮ ЖОЛ КЫСКАРАТ
Андан соӊ президенттер ачык асман алдында атайын даярдалган аянтчада, түз байланышта «Ак-Жол» бажы өтмөгүндө турган кыргыз өкмөт башчысы Темир Сариевге жана Казакстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаевге «бажы көзөмөлү алынсын» деп буйрук беришти.
Нурсултан Назарбаев кыргыз мамлекетин ЕАЭСке мүчө болушу менен куттуктап: «Эки элдин ынтымагы менен биримдиги, эл ичиндеги тынчтыгы мындан да күчөй берсин»,- деди.
Ал эми Алмазбек Атамбаев: «Кыргызстанда Назарбаевдей президент болбогондуктан 15-20 жыл артта калдык»,- деди. Ажо кыргыз элин ЕАЭСке кириши менен куттуктап: «Менин сүйүнгөнүм, мына азыр ачылып жаткан бекетибиздин аты Ак-Жол. Ак жол! Эки элге ак жол! Бүгүн Нурсултан Абишевич Казакстандан Ысык-Көлгө келүүчү кыска жол жөнүндөгү сунушту колдоп отурат. Азыр Алматыдан көлгө 480 чакырым. Жакынкы жылдарда узундугу 240 чакырым болгон кыска жолду курабыз деген ишеничтебиз»,- деп сөзүн аяктады.
Ошентип Кыргызстан союзга мүчө өлкөлөр менен 4 эркиндик деп саналган жумушчу күчү, капитал, товарлар жана кызмат көрсөтүүнүн эркин жүрүшүнө мүмкүнчүлүк алды.

«ГРАЖДАНКА, МОЖЕТЕ ИДТИ СПОКОЙНО, ОН НЕ ГРАЖДАНИН КИРГИЗИИ»
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде эмгектенген Айымкан Кулукеева бул өзгөрүүлөр тууралуу Фейсбук баракчасына минтип жазды: «Жер астындагы өтмөктө 3 полиция кызматкери бир кара тору кыргызга окшош жигиттин документтерин текшерип жатыптыр. Алардын жанына барып туруп калдым. Полиция кызматкеринин бирөөсү "Что вам надо, гражданка?" деди. "Очередной рейд?" деп сурасам, алардын бири, "гражданка, можете идти спокойно, он не гражданин Киргизии" дейт. Бул сөздү укканыма кудуӊдап өз жолум менен кеттим. Буюрса, команда көчөдөгү полицияларга да жетсе керек”.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (68)
aziziko
2015-08-18 02:49:46
Силердин Атамбаев президентей болчу анан адамдай болчу деген комментарийлеринер ага эмне кереги бар ? Атамбаев туптуура айткан Назарбевдей президент болбогон учун Россияда кыргыздар кор болуп журот
+3
ayva
2015-08-18 04:33:59
aziziko,плюс басам деп минуска колум тийип кетти. Биздин элге мыкачы бир каримовго окшогон президент келмейинче наразыбыз деп кубалай беребиз ...Вообще-то биздин азыркы Хан жакшы ,жонокой адам.Кенешип кескен бармак орубайт ,баарыбыздын оюбуз жакшы Жака онолсо зор болмок Атамбаевге азыр оор бутун КЫРГЫЗСТАНды бириктирем деп Жан талашып дол куруп атат колдогондун ордуна буттан тартабыз эх кыргызым КЕЛГИЛЕ БААРЫБЫЗ БИР КОЛЧУКО ТУКУРОЛУ коп тукурсо кол болот.
+1
aziziko
2015-08-18 13:05:47
ayva, мен Атамбаевди жаман президент деген жокмун просто адамдай болчу анан президентей болчу деген комментарийлер жиниме тийди. Эгер сизге Каримовдой президент керек болсо анда Бакиевди алып келели кайра
0
SHAHDAR
2015-08-18 08:39:19
Россиянын гражданствосун алып алган кыкемдер кимге жак болушат болду экен.
-2
Russ1980
2015-08-19 15:57:05
SHAHDAR,Россиянын граджданиндеринин президанти Путинди жактайт.
0
mi-li-na
2015-08-18 11:12:49
Хеее-х озунун агасын агалай албаган бироонун сагаалайт болуп... ашакеге соз жок...
-1
Flander
2015-08-18 12:34:15
А өзү неге Назарбаевдей боло албай жатты экен.Э бечара Атамбайдын баласы аны айтпаса деле билет да Назарбаев.Эмнеге минтти экен.
-1
Kitep
2015-08-20 03:15:46
Flander,Назарбаевден ашып тушот.анчун 25жыл иштеш керек!
+1
kg_egizder
2015-08-18 14:04:53
Атамбаевге асылбай жоон эле жургулочу, кыргыз озу аз, анан дагы ким ойдого карап баратса путунан ылдый тартабыз, бекер отурбай бир бирибизди чукуйбуз, бизге озу не жагат? Акаевди, бакиевди таш баран кылып кууп жиберишди, бутун дуйного шермендер болуп, кудайга шугур десенер тынч дашап атабыз, чет олкодо иштеп болсо да ар ким озуну багып, уй жайыны ондоп атат
-3
asi89
2015-08-18 14:32:59
Соз жок туура казак акын аалы акынга айкан силерге нурсултандай бир уул берсин деп ошонун айтканын президент мойнуна алыптырда не дейбиз элди жерди чек араны ойлогон бир Адам чыгат дуа кылып туралы
0
Radle.kg.kg
2015-08-18 17:24:05
Чындыгында президент бул созду айтбай эле койбоптур.
0
Beka0001
2015-08-18 17:42:51
((((((
0
admin_media
2015-08-18 18:25:20
Pantherka,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат!
0
MIRAN
2015-08-18 19:10:25
Бакиев,Мырзакматов,Тулеев,ге окшогондор болгондо Казакстандан отмокпузда.Казактарды бир сайтында ХХХ ХХХ ошол жака кирсем да Атамбаев Нурсултандай президент керек Кыргызстанга деди деп журот.Ал да кара казактар олуп алган жизнь жетпейсиндер деп.Уят Шаршенович рас колдон келбейби Кыргызстанды гулдотуш,убакытты кетирбей бошот.5жыл болду эч нерсе озгоргон жок.Окуном,иштеген адамдарга бут тосконунарга.Мин наалат!
+2
admin_media
2015-08-19 12:36:12
MIRAN,
Башка сайтты жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!
0
Jyrgal_msk
2015-08-19 02:31:04
Кыргызстандын тунгуч премьер-министри маркум Н.Исанов президент болгондо Кыргызстанды онуктурмок.Премьер эмес тунгуч президент болуш керек эле.Ал киши ону да,акылы да Назарбаевге окшош эле.
0
Nuranna_93_kg
2015-08-19 15:33:33
Эртерээк эле кетсе экен ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_media
2015-08-19 16:07:26
Nuranna_93_kg,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат!
0
Nurluujan16
2015-08-20 15:18:08
Кыргыздар президентти көп отургузбайт! Өзү президент болуп туруп өзүнө критика кылып ушинтип айтпай эле койсо болмок!!! Жаман эмес! Мамлекет катары жашап келе жатканга дагы ыраазы бололу!!! Акырындык менен жакшырып келе жатат! Мамлекетибиз кичине болсо дагы бар! Бизде деле нефть бар болсо бат өнүкмөкпүз! Азыркы жеткен жетишкендерди деле көрө билсек! Баарына эле наалый бербей!!!
0
mmiri88
2015-08-22 15:31:02
Эч кандай озгоруу жок, бажы отмоктордо.
Тескерисинче кыйындап, оорлошуп баратат карапайым калкка эле
0
aman80-11
2015-08-24 01:24:08
Колундан келбесе бошотуп бер.Иштейтургандар табылат. Бул кетиште 1-кылым аркада калыпкалышта ажеп эмес
0
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан