ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

Америка
ЙЕЛЛОУСТОН ЖАНАР ТООСУ 90 МИӉ АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛАБЫ?

Американын түндүк- батышында орун алган Йеллоустон жанар тоосу акыркы ирет мындан 640 миӊ жыл мурун атылган. Ошондон бери жанар тоо окумуштуулардын көӊүлүн өзүнө буруп келет. Эгер ал ойгонсо анын атылышын АКШ компьютердик графиканы колдонбой туруп фильм тартат. АКШнын изилдөөчүлөрү жанар тоо атылса, андан 480 чакырым аралыкта жайгашкан шаарларды калыӊдыгы 90 сантиметр келген күл басып, болжол менен 90 миӊ адам көз жумат дешет.

Пакистан
280 БАЛА ЗОРДУКТАЛГАН

Пакистандын Пенжаб провинциясындагы Хуссейн Кханвала кыштагында 2007-жылдан бери 280 бала зордукталган. 25 эркектен турган кылмыштуу топ жаш балдарды бири-бири менен сексуалдык катнашта болууга мажбурлап келе жатышканын жергиликтүү жашоочулар айтышат.
Ошондой эле кылмыштуу топ ата-энелер балдарынын төшөк катнашы тартылган видеону сатып алышпаса, базарга алып барып сатыкка коюшарын айтып коркутушат.
Жабырлануучулар буга чейин жогоркудай жол менен балдарды мажбурлап тартып алган 300дөн ашык видео сатыкка чыгып кеткенин белгилешет.
Жаш балдарды кордогондорго чара көрүү боюнча айрым ата- энелер жергиликтүү укук коргоо органдарына кайрылышкан. Бирок алар чара көрүүдөн баш тартышып, эл көтөрүлгөн. Учурда провинциянын башкы министри жогорудагы иштер боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө буйрук чыгарды.

Улуу Британия
НАПОЛЕОНДУН ЧАЧЫ АУКЦИОНДО САТЫЛДЫ

Улуу Британиянын Суррей графтыгындагы үйлөрдүн биринен ичинде Наполеон Бонапарттын бир тутам чачы сакталган алтын медальон табылган. Эми ошол табылга ичиндеги чачы менен аукционго коюлуп, 9000 фунт стерлингге (болжол менен 880 миӊ сом) сатылды.
Бир аз ак аралап калган бир тутам чач божомолдорго караганда француз императору 1815-жылы Ватерлоо алдындагы салгылашта жеӊилүүгө учурап, Ыйык Елена (Святая Елена) аралына айдалып кеткенден кийин кесилип алынган. Медальондун арткы бөлүгүндө «Наполеондун чачы, Ыйык Елена аралы, 1816- жыл» деген жазуу бар.

Мексика

ЖЭЭКТЕР БАЛЫРЛАРДАН ТАЗАЛАНАТ
Кариб деӊизинин жээктерин балырлардан тазалоо максатында Мексика бийлиги 9,1 милли- он доллар бөлмөкчү жана ишке 4600 адам тартылат. Аталган өлкөнүн бийлиги «деӊиз жээктериндеги балырлар өздөрүнүн сырткы көрүнүшү жана жагымсыз жыттары менен туристтерди чочутууда» деп билдирет. Балырлар 2011-жылдан тарта көбөйө баштаган.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kg.myrza.94
2015-08-21 22:02:30
Супер
+2
№ 667, 14-август-20-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан