Бекчоро: «ГЕЙЛЕР ЖИНИМЕ КӨП ТИЙИШЕТ»

Көз айнеги көзүнөн түшпөгөн бул жигитти айрымдар көрүүсү начар деп да ойлошот. Бирок андай эмес. Жөн гана имиджи ушундай. Сөз 2009-жылдын Супер стилдүү ырчысы, жагымдуу үндүн ээси Бекчоро жөнүндө болуп жатканын байкадыңыз да.

– Жаңы жылың менен, Бекчоро. Жолборс жылын кандай тосуп алдың?
– Рахмат. Мурун Жаңы жылга жыйырма күн калды, он күн калды деп чыдамсыздык менен күтүп даярданчумун. Намаз окугангабы, быйыл Жаңы жылга кызыгуу болбоду. 31-декабрь күнү чакырык көп болуп, саат түнкү 12ден жети мүнөт өткөндө үйгө келдим. Үйгө балаты кооздоп, жалтырак илген эмеспиз, бул шариятка туура келбейт. Бирок дасторкон жасаганбыз. Мага эмне үчүн Жаңы жылдын кызыгы жок деп да ойлонуп көрдүм. Көрсө, үйдө жашаган үчөөбүз тең ичпейт да, чекпейт да, кыздарга да кызыкпайт экенбиз.
– Үчөөбүз деп калдың, кайда, кимдер менен жашайсың?
– Чыгыш-5 кичирайонунда эки дос балам менен жашайм. Бири ырчы Эрлан Андашев, экинчиси “Visible Steps” бий тобунун мүчөсү – Бактияр. Үчөөбүз тең намаз окуйбуз. Негизи эле биздин үйдөн чыгармачыл адамдар үзүлбөйт. Алар келсе кеткилери келбей “үйүңөрдө кандайдыр бир жылуулук бар” деп отура беришет.
– Бойдок жигиттердин жашоосу кандай болду экен? Үйдү кезектешип тазалай­сыңарбы?
– Башында төшөктөрүбүз жыйналбай, идиштерибиз жуулбай калчу. Анан мен күнүмдүк кылчу иштерибиздин жүгүртмөсүн түзүп койгом. Кимдин кезеги келсе төшөк жыйнайт, үй шыпырат, тамак жасайт, идиш жууйт.
– Анда-санда сүй­лөшкөн кызы­ңар келип кир жууп кетет...
– Экөөнүкү жок. Сүйлөшкөн кызым мен кыйналып кеткен учурда эле келбесе, көп келбейт. Келгенде сиз айткандай, чын эле кийимдеримди үтүктөп кетет. Апам “кыргыз кызынан өтөрү жок. Башка улутка жакын элең” деп көп айтчу. «Сүйүүнүн көзү сокур» деген чын экен, апамдын айтканын жүрөгүмө түйүп жүрсөм да төрт улуттун каны бар кызды жактырып калдым. Ал кызда патриоттук сезим күчтүү. Энеси кыргыз бол­­­гондуктан, кыр­­­гыз­дын салт-санаасын менден жакшы билет.
– Качан баш кошолу деп жа­та­сы­ңар?
– Буюрса, кү­зүндө. Апама айтсам “мейли эми, бири-бириңерди сүйсөңөр айла жок” деп каршы болгон жок. Бир туугандарымдын баары колдошту.
– Байкашыма караганда, гастролго көп чыгасың...
– Кайсы жерде суроо-талап болсо кете берем. Мисалы, акыркы гастролум Таласта болду. Ал жактагы тааныштарым “Таласка келбейсиңби, сенин ырларың хит болуп жатат” деп чакырышкан.
Гастролдон сырткары Ош, Жалал-Абад аймактарынан көп чакырык алам. Алыс жерге менин ставкам жолумдан, тамак-ашымдан, жаткан жеримден сырткары 500 доллар.
– Продюсериң Семетей гезиттерге “алтындай убактыңды кайсы бир ырчыга короткондон көрө өз үй-бүлөңө арнаганың жакшы эмеспи” деген кыяздагы сөздөрдү айтканын уктум эле. Ортоңордо таарыныч болду беле?
– Ортодогу келишим бүткөнгө жыйырма күн калганда Семетей өзү продюсерлик кылганы эки кыз алган. Анда деле таарынган эмесмин. Азыр деле мага жардам берет. Мисалы, жакында тартылчу клибимди Семетей тартат. Мен ага жамандык кылсам да, ал мени жаман көрүп калчу адам эмес.
– “Ай чырай” аттуу клибиңе көп каражат кетти” деп уктум эле...
– Баш-аягы 950 доллар кетти. Бул каражаттын негизги бөлүгүн казармандык жеке ишкер байкебиз көтөрдү. Тартарда көп кыйынчылыктар болгон. Казакстандан үч бийчи кызды чакырганбыз. Андан сырткары, 40 кыргыз кызы да тартылмак. Бишкектеги бир клубга сүйлөшүп коюп, эртең менен саат 10до барсак эшигин ачпай, телефон чалсак албай коюшту. Бир жарым саат күттүк. Кымбат камераларды алып алганбыз. Аларды колдонсок да, колдонбосок да акчасы кете берет да. Айла жок тез аранын ичинде бир клуб таап, клипти тартууга кириштик.
– Клиптерге жарым жылаңач болуп тартыласың го. Айрымдардын “аппарык болбой спорт менен машыгып туруп, анан денесин көрсөтсө болмок” деген сындарын уктум эле...
– Чет өлкөнүн клиптерин карасаң тыржыйган-мыр­жыйган эле ырчылар жылаңач чыгып жүрүш­пөйбү. Биздикилер көнбөгөн үчүн дароо кемчилик издейт. Батыштыкындай багыт алып алгандан кийин кандай дене-мүчөң болбосун чыгышың керек да. Негизи, мен шоу-бизнеске аралашканга чейин спорт менен машыкчумун. Эртерээк булчуңдарым чыксын деп күнүгө үч маал машыгып, ден соолугума күч келтирип алгам. Элестетиңиз, эртең менен үч чакырым чуркап, түштө штанга көтөрүп, кечинде күрөшкө барганымды. Бир жолу турникте асылып турган боюнча эс-учумду жоготуп коюптурмун. Ошондон кийин спорттон оолактап кеткем. Азыр үч ай эле машыгып койсом, булчуңдары элди суктанта турган мурунку Бекчоро болуп калам.
– Шоу-бизнеске аралашуу оңой болдубу?
– Шоу-бизнеске көп кыйынчылык менен аралашкам. Кафеде ырдап жүрүп ырчы катары элге таанылайын десем, эч бир радио ырларымды албай, гезиттер жазбай коюшкан. Ортого бирөөлөрдү салам. Анда деле кыйратып чыгып кетпейм. Тапкан акчамдын баары ыр жаздырганга, анан ортомчуга кетет. Кээде батирге төлөгөнгө да жетпей калат. Ырчы болуу кичинемден келаткан кыял болгондуктан, чыгарбай коюшса сынып калбай өжөрлөнө бердим. Менин ырларымды бирөө кабыл албай же жактырбай койсо, жагалданып анын сөзүн сүйлөө деген менде таптакыр жок. Намыскөймүн, моюн толгоп басып кетем.
Шоу-бизнеске чыга албай аябай жүдөп кетип, бир күнү продюсериме айттым: «Чыгарып койчу деп эч бир радиого, гезитке барып жалдыраба. Экөөбүз батыштын стилинде иштейли. Анан өздөрү эле суранышат. Теле-радио көрсөтпөсө, пираттык жол менен чыгабыз»,- деп. Ошентип, бул мыйзамды катуу карманып иштей баштадык.
– Көпчүлүккө “Мен үчүн белең?” ырың менен таанылдың окшойт...
– Теле-радио, гезиттерге таарынганда “Мен үчүн белең?” ырым бышып калган эле. Аранжировкачынын күнүгө кулак-мээсин жеп жатып өзүмө жаккан музыканы жаздырдым. Радиого алып барсам, угуп көрүп эле дароо жактырып алып калышты. Эки күндөн кийин эле угармандар сурана башташты.
– Сахналаштарыңдын арасында көрө албагандар барбы?
– Атын атабай эле коёюн, мени көрө албагандар көп. Кээде аранжировкачыларга барып “мага Бекчоронукундай кылып бергиле” деп суранышат экен. Бир жолу да аты белгилүү эки ырчы жигит кафеде отуруп алып кыздарга мени жамандашыптыр. Аны менин бир таанышым угуп калып айтып келди. Ал экөөнүн ким экенин билем. Бул окуяны уккандан кийин кыздарга жамандагандан көрө бетиме келип айтпайсыңарбы деп мушташкым келди. Бирок өзүмдү кармадым.
– Ачууң чукулбу?
– Намаз окуганга чейин капа болсом эле бирөө менен урушкум, мушташкым келип, көп адам менен сүйлөшө бербей керсейип турчумун. Ыйман жолуна түшкөндөн кийин жакшы жакка тарбияландым.
– Жан дүйнөң ооруганда кантип дарылайсың?
– Аябай ойго чөмүлүп жан дүйнөм­дү оорутпайм деле. “Бардыгы Алла Тааладан” деген сөз жүрөккө киргенден кийин эч нерсеге кайгырбай калат экенсиң.
– Гейлер тийишкен учур болду беле?
– Эмнегедир гейлер мага көп тийишет. Бирок мен аларга бир да жолу туш болгон эмесмин. Үч-төрт жолу телефон чалышты. Башында түшүнүп-түшүнбөй эле эмне деп жатасың? Кимге чалып жатасың дей берчүмүн. Алардын үндөрү назик болот экен. Азыр гейлер чалса дароо жиним келип, жаагын басып коём. Эркек деген эркектей эле болгону жакшы эмеспи.
– Шариятта төрт аял алууга чейин уруксат бар го. Сен канча аял алайын деп турасың?
– Бир аялды бутуна тургузуп, материалдык жагын бүтүн камсыз кылгандан кийин анан экинчисин алса болот. Жөн эле төрт аял ала берген болбойт. Мага бир аял эле жетет. Мен аны, ал мени сыйлап жашасак болду.
– Маегиңе рахмат!


ЖЫЛМАЙЫП КОЮҢУЗ!

Бекчорону жакшы көргөн күйөрман кыздардын маегинен.
– Эркектер көзү менен сүйүшөт дешет го...
– Анда эмне үчүн Бекчоро дайыма көз айнек тагынып жүрөт?
– Көз айнек тагынса сулуу көрүнөт да. Көз айнекчен Бекчоро кыздарды сүймөк тургай сүйдүрөт. Чечсе бизге окшогон күйөрмандарынан айрылып калбайбы.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Aman
2010-01-12 12:49:23
Ахринеееееет Бекчоро! аябай коп кетип калыптырго клибине 950$ Это астрономическая сумма! можно было тебе с экономить, 50$ тартса болот кыргыздарга, лижбы аты клип болсо болду.
0
Robingud
2010-01-12 14:54:40
Uluu Urmattuu Amanbek,KIRGIZDARGa 50$ga klip tarttirsa bolo beret degendey,saga mine KIRGIZDAR 4upa-4ups beken.Oozuna karap suylo
0
Robingud
2010-01-12 16:26:21
Barakelde,Bek4oro iyman joluna tuwup,oto tuura iw jasapsin.Kuday kabil kilsin.Uwununan jazba
0
Aman
2010-01-12 17:41:13
Robingud Вот типоган, ты вообще не врубаешься,
Я имел введу надо снимать дорогостоюший клип, чтобы потом не позорится, ты сперва прочти мое сообщение, смысль понимаешь.
0
zxc
2010-01-13 11:38:31
Эрлан биздин намазканадан 3 кундук дааватка чыгып келди эле, Аллах ыраазы болсун, артист болсо дагы, Кудай эстеп журушот экен.
0
aiklaus
2010-01-14 05:12:44
A emne 950 dollar dep ysyldashyp algansynar kop dele akcha emes go.
0
jaklin
2010-02-06 18:58:34
terpet ne mogu kogda artisty govoryat skolko u nih ushlo na klip.Nado byt proshe."Artisty prosyat selat takuy aranjirovku kak u menya" dep.Zachem voobshe takoe govorit vsem.Kak budto ty samyi super puper zvezda a ostalnye eto tak.Fu aj protivno chitat.
0
Best Girl
2010-03-16 09:48:27
а че не правда JAKLIN? у него клипы, песни нормальные по сравнению с некоторыми. его слова стоят этого. а то что многие хотят аранжировку как у него это очевидно. давайте смотреть правде в глаза.
0
№ 375, 8-14-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан