Роза Шакирова, ырчы: «МЕНИН БАШЫМА ДА КАРГА ЧЫЧАР ДЕП ЫЙЛАГАМ»

Шаӊдуу да, кайгылуу да ырлардын майын чыгара аткарган ырчы айым Роза Шакирова менен баарлаштык. Бул жолу анын жан адамга айтпаган сырларын угуп, жан дүйнөсүнө саякатка чыктык.

«АТАМДЫН ЖАКШЫ КӨРГӨН КЫЗЫ БОЛЧУМУН»
-Кичинемде өтө эрке элем, үйгө конок келсе «кызым, кел, ырдап койчу» деп атам чакырып алчу. Бир жолу аяш атам конокко келип, адатымча атам экөө отурган жерге кирип барсам, мага көӊүл бурбай сүйлөшүп отурушат. Барып атамдын тизесине отурсам деле байкашпады. Анан тура калып белимди ийип бийлейм деп тоголонуп кеттим. Уялганымдан ыйлап ийсем, атам «ой, кызым эсимден чыгып кеткен турбайбы, кана, шпагатка отуруп берчи» деп көӊүлүмдү алып койгон.
Боз ала болуп эле ойноп жүрчүмүн. Саксайып же чачым таралбайт. Ошондой болсом да атамдын эӊ жакшы көргөн кызы элем. 1-класска барарда жуунтуп, тарантып, чыкыйтып кийинтип мектепке жөнөтүшкөн. Ошондо жолдон атам мени тааныбай өтүп кетиптир. Үйгө келип «Роза кана?» деп сураганынан үйдөгүлөр «мектепке кетти» дешсе артымдан барган. Ошондо «кызым, ушундай жакшынакай белеӊ?» деп таӊ калып көтөрүп эркелеткен эле. Алиппе майрамына даярданып ырларымды аябай жаттагам. Мен «Д» тамгасы элем. Майрам башталганда окуучулардын баары ырларын айтышты, мага кезек келгенде жаттаган ырымды айта албай «Д» тамгасы дүӊгүрөп» деп 3 жолу айтып чыгып кеткем.

«ОКУЙМ ДЕП 500 СОМ МЕНЕН ОШКО КЕТКЕМ»
-Апам мени тигүүчү болот десе, атам «Мыскал Өмүркановадай ырчы болот» дечү. 1995-жылы ата-энем үй курабыз деп камдаган темир-тесекти 600 сомго сатып, 100 сомун өздөрүнө алып, 500 сомун мага берип Ошко окууга жиберишкен. Музыкалык окуу жайга тапшырдым. Вокалга орун толуп калып, өмүрү укпаган кларнет деген үйлөмө аспап факультетине өттүм. Атын унутуп калбайын деп дептерлеримдин ар бирине жайнатып кларнет деп жазып алгам. Анан беш айдан кийин вокалга которулуп, Абды Кожомжаров деген агайдан сабак алдым. Комуз менен ырдасам мугалимдер «опера ырчысы болгуӊ келсе эстрада менен ырдаба» деп айтышчу. Ырчы Орозгүл Токторбаева менден 1 курс өйдө окучу. Аны тойлорго көп чакырышар эле, ал шерик кылып мени ээрчитип алчу. Мага комуз менен ырдоону Орозгүл үйрөткөн. «Үнүӊ сонун, эстрада менен ырдасаӊ жакшы болот» дей берип эстрада, фольклорго ооп кеттим.

«АСЫЛБЕК БАЙКЕНИН ЫРЛАРЫ МЕНЕН ӨСТҮМ»
-2003-жылы Бишкектин четиндеги Новопавловка айылында батирде жашачумун. Батирдин ээси той кылып мени «ырдап бер» деп чакырды. Ошол тойго Асылбек Өзүбеков келинчеги менен келген. Асылбек байке «азамат, атыӊ ким?» деп сурады эле, «Роза» десем, «мм, жакшы» деп койду. Сүйүн эже (ред.Өзүбековдун жубайы) «Ушул кызды «Туӊгуч» театрына алсаӊчы, үнү жакшы экен. Акча тапканда бардык эле кыз өзүн-өзү карап калат» деген. Ал кезде толук кыз болчумун.
3 күндөн кийин 1 автобус толо ырчылар Асылбек байке менен Таласка гастролго бардык. Комуз менен ырдап жатсам улам абышка-кемпирлер келип акча кыстарышат. Санасам 4 миӊ сом экен, Асылбек байке гонорар деп 2 миӊ сом берди. Ошентип аны менен тойлорго бара баштадым. Ар бир тойдон миӊ сомдон берет. Бир күнү апамды шаарга чакырып, 10 күндө тойдон чогулткан акчама кийим алып берип айылга жөнөткөм. Асылбек байкенин ырлары менен өнүгүп-өсүп, ушул күнгө чейин келе жатам.

«ЖАЛАӉ СУУ ИЧИП ЖАШАГАН КҮНДӨРҮМ БОЛГОН»
-1999-жылы Оштон музыкалык окуу жайды аяктап, Бишкектеги Улуттук консерваторияга тапшырдым. Акча табыш үчүн бир кафеге идиш жуугуч болуп жумушка орноштум. Бир күнү жакын курбумдун эжеси издеп келиптир. Мени көрүп «ий, байкуш сиӊдим, сен идиш жууп калдыӊ беле?» десе, намыстанып ыйлап жибердим. Анан ал эже «Мындан ары иштебейсиӊ! Сен идиш жууй турган кыз эмессиӊ, ырдай турган кызсыӊ» деп мага акча салып турмай болуп Орусияга кетти. Ошентип Орусияга кеткен эжем турмушка чыгып кетип, мага жардамдашканга убактысы жок болуп калды.
Иштен кетип калганда 3 күн ачка калдым. Дүкөндөн карызга нан ала берип, акыры дүкөнчү эже да карызга бербей калды. Суу ичип жашадым. Ырчы Жамал Абдукеримова экөөбүз 1 бөлмөдө турчубуз. Жаш экенбиз да, экөөбүз уруша кеткенбиз. Ал деле мени бага берип чарчады окшойт. Мага сүйлөбөй өзүнчө тамак ичет. Жалаӊ суу ичкениме 3 күн болуп, сабакка да барбай калдым. Тура албай жатсам сонун тамак жыттанып кетти, көзүмдү ачсам Жамал балык бышырып жеп жатат. Ошондо менин башыма да карга чычар деп ыйлагам. Ыйлап жатып уктап кетиптирмин, бир маалда бирөө эшикти такылдатты. Ачсам бир бала «сизге бир тууган акеӊиз Нурмат Якутиядан акча салып жиберди» деп 20 миӊ рубль берди. Дароо акчаны алмаштырып, чоӊ балык сатып келип кууруп жегем. Анан Айдаркенге кеттим. Айылыма жеткенде таксиден түшүп алып кыйкырып ыйлагам. Тигил таксист киши байкушка кичине жетишпейт окшойт деп ойлоду болуш керек. Ошентип жүрүп шаарга да көнүп кеттим.

«ЖОЛДОШУМ ЫРДАГАНЫМДЫ ЖАКТЫРАТ»
-Көпчүлүк «сахнага жаӊы чыкканыӊда чачыӊ сары болчу» деп айтышат. Чачым башында кара болчу. Нурбек Дайырбек уулу экөөбүз ырдаган «Карабачы» деген ыр хит болуп жатканда силердин гезитке чакырышкан. «Сүрөткө түшөбүз, гезитке чыгабыз» деп чачымды сапсары кылып боёп салгам. Жолдошум менен таанышканда «Роза, чачыӊды башка түскө боёчу» деди. Болбой эле жүрө берсем сулуулук салонуна алып барып, өзү бир түстү тандап боётуп салган. Андан көп өтпөй эле үйлөнүү тууралуу сунушун киргизди. Ойлонбой туруп макул болдум. Анткени мен ойлонгучакты аны жоготуп алчудай сезилди. Дароо макул болуп алып аябай уялгам. Атам турмушка чыгардан мурун «аны жакшы көрөсүӊбү?» деп сураганда мен «сүйөм» дедим. «Бактылуу болгула, Кудайым силерге эркек бала берсин» деп батасын берген болчу. Кудайга шүгүр, жолдошум жакшы, бир уулубуз бар. Нурсейит эл алдына чыкканды жактырбагандыктан «өз ишиӊе мени аралаштырба» дейт. Бирок чыгармачылыгымды колдойт, ырдаганымды жакшы көрөт. Жаӊы үйлөнгөндө кечке эле ырдата берчү. Азыр болсо ырдасам «акырынчы» деп калат.

"Студенттик күндөрүмдөгү кыйынчылык болбосо мынчалык өспөйт элем".

"Сары чачтуу "блондинка" кезим".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жолдошумду акчанын күчү менен сүйүп кеттимби деп ойлойм" дейт Роза Шакирова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
Santta
2015-08-24 17:35:45
АЗАМАТСЫЗ!Озумдун жердешим Кенже аяш атамдын кызыго)) Аяшатамдын эле оозусуз ону тус суйлогон созунуз,атасын тарткан бактылуу кыз болот демекчи,коп кыйынчылык коргонунуз мн сиз бактылуусуз жана бактылуу болгонго татыктуу инсансыз,Ишининизде уйбулолук жашоонузда албан ийгиликтер жарала берсин!Сиздин кыял жоругунузду ырларынызды жонокойлугунузду адамдык сапатынызды баалаймын АЛЛА.ТААЛА ылайым эки дуйно бактылуулардан кылсын оомийн!
+1
Nur.88
2015-08-24 17:56:25
Роза эжени сыйлайм,уулдун урматын коруп бактылуу болунуз!
0
jazgul80
2015-08-24 19:43:12
жолдошу мурун ырда десе . эми ырдаса акырын десе. жолдошу суйбой калган окшойт ойумча
-6
korsaromega
2015-08-24 21:15:23
Розанын жонокойлугу жагат. Карабайсынбы? бут болгонун болгондой, баарын жашырбай айтып жатат! Роза бактылуу бол, бул омурдон эч качан жамандык корбо!
+1
izada
2015-08-24 22:11:48
Маек жакшы ,оргиналдуу болуптур. Роза азаматсын! Тилегине жетишине тилектешмин!
+1
Meka77
2015-08-24 23:42:51
Сонун мыкты айым ийгилик.
+1
sarbo
2015-08-25 14:18:10
озумдун эжемда,уй-булосундо да ушундай келиндери дагын эн жакшы коргон кайнеже,роза эже ишинизге ийгилик!!!!
0
karona
2015-08-25 17:47:43
Жамал Абдукеримова жонундо да жазып койсонуздарчы урматтуу суперчилер! Интервью алып дегендей, сураныч.
0
admin_portal
2015-08-25 17:52:44
karona, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
Swallow
2015-08-27 09:27:00
Роза эже сиздин чыгармачылыгынызды абдан баалайм. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм, мындан да оркундоп осо бериниз.
0
kyma9183
2015-08-27 16:26:40
Эч бир жасалма,мактаныч,жашыруу жок маек болуптур. Жонокойлугунуздон жазбаныз!
0
Adike
2015-08-27 20:46:35
Азаматсын Рооза.Чыгармачылык ийгилик каалайм.
0
elmira_kurmanalieva
2015-08-27 22:11:09
таман кантет )))))))))))
0
zhykyo
2015-08-29 23:21:26
Жакшы ырдайт жолугуп калсам суротко тушот элем
0
Eliza.janybekova
2015-09-15 16:48:40
Роза Шакированы сыйлайм, чыгармачылыгынызга ийгилик
+1
jolli
2015-10-26 10:14:10
Роза эже саламатсызбы,сиздин жөнөкөйлүгү ңүзгө абдан баа берем, бардык берген интервюларыңызды окуп жана угуп, көрүп келем, ушул сапатыңыз жоголбосун анткени азыркы ырчыларда ал сапат калбай калды((( үнүңүз өчпөй кыргыздын эски ырлары ды өчпөй ар дайым элдин адында жүрө бериюиз, Алымканды ырдаганыңызды биринчи жолу уктум, ушундай билими бар, слуху бар, келбети бар, адамдык сапаты бар, ырчыларыбыз менен сыймыктанам, терең таазим сиздерге... анан эптеп септеп фонаграмма мнен жүргөндөр аман болушсу
0
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан