«САНТА-БАРБАРАДАГЫ» МЕЙСОН КЫРГЫЗСТАНДА

Узак убакытка созулган «Санта-Барбара» сериалында Мейсондун ролун аткарган актёр Лэйн Дэвис Ысык-Көлдө досу Болот Шамшиев менен эс алып жүргөнүн угуп, түнү бою жол жүрүп жетип бардык. «Англисче сүйлөйм, бирок бир аз французча да билем» деген актёр менен котормочусуз маек куруу мүмкүн эмес эле. Режиссёрлор Сүйүн Откеев менен Болот Шамшиев котормочулук милдетти аркалап бизге жардам беришти. 65 жаштагы актёрдун өзгөчө жөнөкөйлүгү, суроолорду ылгабай четинен жооп берген ийкемдүү мүнөзү бизди абдан таасирленткенин баса белгилеп кетпесем болбос. Анда актёрдун маегин сунуштайбыз.

– Лэйн, саламатсызбы? Кыргызстанга куш келипсиз! Айтсаӊыз, кыргыз жеринен кандай таасир алып жатасыз?
– Саламатчылык! Кыргызстанга келгенде эле ичимден кайра бул жакка келе турган өлкө экен дедим. Кыргызстанга биринчи жолу келишим, бирок дагы көп келем. Буга чейин Кыргызстан тууралуу эч жерден уккан эмесмин, эми гана бул өлкө тууралуу окуп, билгим келип жатат. Ири шаарларыӊарды билбейм, анткени Бишкекти көрө элекмин. Жолдо келе жатып жаратылышка, тоолорго, кооз пейзажга абдан суктандым. Жаратылышыӊарды биздин АКШдагы Борбордук Калифорнияга абдан окшоштурдум. Өзүмө эл таанып, жер кыдырган жагат. Кыргызстан мен саякаттаган 35 же 36-мамлекет. Ар бир өлкөдөн ар кандай таасир аласыӊ, мен табияттын кооздугуна караганда ал жакта жашаган адамдардан көп таасирленем. Өзүмө түрдүү көз караштагы адамдар менен баарлашуу кызык.
– Сизди «Санта-Барбара» сериалындагы Мейсондун ролунан улам жакшы тааныйбыз. Бул сериалга тартылып жүргөн убакты «алтын доорум» деп эсептейсизби?
– Мага популярдуулук алып келген Мейсондун ролу болду, аталган сериалга 34 жашымда тартылып баштагам. Ошол убакта күн сайын студияга барып сериалга тартылуу өзүмө абдан жакчу. Жашоомдун эӊ таттуу көз ирмемдери тартуу талаасында өткөн. Бирок сонун убактар менен бирге кыйын күндөр да болгон. Убакыттын тардыгы мен үчүн чоӊ көйгөй болчу, эч нерсеге жетишүү мүмкүн эмес эле, дайыма иш үстүндө жүрөсүӊ. Беш жыл катары менен киного тартылып жүрө берсе баары эле тажайт болушу керек. Ал убак канчалык таттуу болбосун, ал күндөргө кайрылып баргым келбейт.
– Каарманыӊыз Мейсонго окшоштугуӊуз барбы?
– Мейсон экөөбүздүн юморго болгон мамилебиз бирдей. Бирок ал ичкиликти көп ичкен адам эмеспи, а мен спирт ичимдиктерин такыр ичпейм.
– Учурунда сиз үчүн көз жашын төккөн күйөрман кыздарыӊыз көп болсо керек эле, азыр деле барбы?
– Ооба, учурунда күйөрман кыздар абдан көп болгон. Азыр алар өздөрү ата-эне болуп калышты. Азыркы жаштар мени көп тааныбайт.
– Никеде бактылуусузбу?
– Өзүмдү бактылуу адамдардын катарына кошом, жубайым менен ажырашып кеткенбиз, бирок достук мамилебизди сактап калганбыз. Ортобузда эки уулубуз бар. Өзүм чыгармачылык деп жүрүп кеч үйлөнгөм, биринчи уулум 40 жашымда төрөлгөн. Саякатка чыкканда экөөнү теӊ алып жүргөнгө аракет кылам. Улуусу эл көзүндө жүргөндү жактыра бербейт. Кичүүсү Казакстанга келип, ал өлкөнү аябай жактырган, дагы келгиси келип жүрөт.
– Кыргыз режиссёрлору киного тартылууга чакырса тартыласызбы?
– Албетте, бир өлкөгө келгенде турист катары эле келип кетип калбай, эл эсинде кала турган эмгегимди калтырып кетүү мен үчүн чоӊ бакыт. Учурда Болот Шамшиев сунуштаган эки долбоорду караштырып жатабыз.
– Учурда эмне менен алексиз?
– Киного караганда театрга жакынмын. Америкада өзүмдүн театрым бар. Шекспирдин калемине таандык пьесаларды коём, роль аткарам. Шекспирди дүйнөлүк аренага таанытуу иштеринде көп эмгек жасадым.
– Кыргызстанда эми гана кино тармагы жанданып келе жатат, жаш режиссёрлорго айтар кеӊешиӊиз...
– Тажрыйбам менен бөлүшүүгө дайыма даярмын. Берер кеӊешим – азыр кино тартуу оӊой болуп калды. Жаш режиссёрлор теорияга караганда практикадан көбүрөөк нерсе үйрөнүшөт. Тарткан иши окшошпой жатса улам-улам тарта бергенден тажабашы керек. Анан эч качан токтобошу керек.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат, эс алууӊуз ойдогудай өтсүн!

Болот Шамшиев: «ЛЭЙН ЭКӨӨБҮЗ 6 ЖЫЛДАН БЕРИ ТААНЫШПЫЗ»
– 2009-жылы АКШнын Калифорния штатында 2 ай жашап калган элем. Ошол жактан досторум аркылуу Лэйн менен таанышкам. Лэйн мыкты театр актёру, режиссёр, драматург, Шекспирден башка эч бир драматургду теӊине албайт. Биз таанышкандан кийинки жылдары Лэйн бир казак фильмине тартылып, Алматыда жүргөндө мени чакырткан эле, ошондо жакындан достоштук. Анан Ысык-Көлгө чакыргам, колу бошобой жатып мына эми келди. Интеллекти жогору, абдан жөнөкөй, момун киши. Баарыбыз ушул кишиникиндей интеллектке жетсек жаман болбойт элек.

ОРУСИЯДА 10 ЖЫЛ КӨРСӨТҮЛГӨН «САНТА-БАРБАРА»
«Санта-Барбара» сериалы жалпысынан 2137 сериядан турат. АКШнын экрандарында 1984-1993-жылдары, ал эми Орусияда 1992-2002-жылдарга чейин көрсөтүлгөн. Американын Санта-Барбара шаарында жашаган бай Кепвеллдердин үй-бүлөсү жана алар менен атаандашкан башка үй-бүлөлөр ортосундагы мамиле, чиеленишкен окуялар сериалдын курч сюжетин түзөт. Сериалды тартуу иштери көп жылдарга созулгандыктан айрым актёрлор иш графигине чыдабай, тартуу талаасын таштап кеткен учурлары болгон. Жалпысынан сериалда үч жолу Мейсон, эки жолу Тед, беш жолу Си-Си, төрт жолу Келли, эки жолу Жинндин ролун ойногон актёрлор алмашкан. Баш каарманды ойногон актёрлордун бир күндүк иш акысы 2 миӊ доллар, ал эми ар бир серияга тартылуу акысы 400 миӊ долларга жеткен. «Санта-Барбара» сериалын аталган шаардан 140 чакырым алыстыкта жайгашкан, аянты 1800 чарчы метр көлөмдөгү студияда тартышкан. Сериалдын сценарийинин авторлору жубайлар Бриджит жана Жером Добсондор эмгеги үчүн 30 миллион долларга жакын гонорар алышкан. Бүгүнкү коногубуз Мейсондун ролун ойногон актёр Лэйн Дэвис аталган сериалга 1984-1989-жылдары тартылган. Сериалдан кеткенин ал окшош күндөрдөн тажаганын жана профессионалдык өсүүнүн жоктугуна байланыштырат. Кызыгы, Лэйн Дэвис кеткенден кийин сериалдын рейтинги түшүп, көрөрмандар киножаратуучулардан кайра аны сериалга кайтарууну суранышкан.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эксклюзив: “Санта-Барбара” телесериалындагы Мейсон SUPER.KG`де конокто
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан