«БИР БОЛДУН» ТИЗМЕСИНИН БАШЫНДА МЫКТЫБЕК АБДЫЛДАЕВ

Шайлоого катышууга бел байлаган партиялар Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин жарыялап, расмий кампаниянын башталуусун күткөн баскычка келип калышты. Алдыда эми саясий партияларды үгүт жүргүзүү иш-чаралары күтүп турат. Ал 4-сентябрда башталат.

16-августта Бишкектеги «Damas» мейманканасында «Бир бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясынын съезди өтүп, анда партиянын «Илбирс секириги» программасы кабыл алынды жана платформасы бекитилди. Ошондой эле талапкерлердин тизмелери бир добуштан жактырылып, кабыл алынды.
Делегаттарга партиянын тизмедеги талапкерлеринин аты-жөндөрү менен партиянын маалымат катчысы Лунара Мамытова тааныштырды.
Талапкерлерге добуш берүү 1 саатка жакын убакытка созулуп, жыйынтыгында делагаттар тизмени бир добуштан колдоп беришти. Тизменин башкы сабын Мыктыбек Абдылдаев, Алтынбек Сулайманов, Игорь Чудинов, Чолпон Жакупова, Акылбек Жапаров, Аскарбек Шадиев, Жаныбек Бакчиев, Лунара Мамытова, Исхак Пирматов, Кубанычбек Жумалиев көп жылдардан бери саясатта, мамлекеттик башкаруу иштеринде, коомдук турмушта өз орду бар инсандар түздү. Булардын айрымдарына кыскача токтолуп кете турган болсок, милициянын генералы Мыктыбек Абдылдаев башкы прокурор, президенттик администрациянын башчысы, Игорь Чудинов министр, өкмөт башчы, Акылбек Жапаров бир нече жолу министр, өкмөт башчынын орун басары, Аскарбек Шадиев министр, губернатор, Кубанычбек Жумалиев министр, губернатор, өкмөт башчы болуп иштеген. Укук коргоочу Чолпон Жакупова «Адилет» укук клиникасын жетектеп, көп жылдардан бери жарандарга укуктук жактан жардамын берип келе жатса, Исхак Пирматов менен Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеӊештин депутаттары. Лунара Мамытова болсо Улуттук биринчи каналдын жүзүнө айланган теле алып баруучу. Бир сөз менен айтканда, тизме башындагылардын басымдуу көпчүлүгү мурда жана кийин саясий, мамлекеттик кызматтарды аркалаган адамдар.
Тизмеде ошондой эле жаӊы чыгып келе жаткан жаштар да көп экендигин баса белгилеш керек. Алардын фамилиялары эч нерсе айтпаса да, өз өрөөнүндө көп иштерди жасап, көзгө көрүнүп калгандар. Партия саясатка жаӊы муунду тартып жатканы көрүнүп турат. Ошол эле кезде тажрыйбалуу, профессионал да кишилер жетиштүү. Мисалга айтып кетсек, экс-каржы министри, экс-спикер, Жогорку Кеӊештин депутаты Марат Султанов, мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Бакирдин Субанбеков, экс-губернатор, агенттиктин жетекчиси Мамасадык Бакиров, Жогорку Кеӊештин депутаттары Абдыжапар Бекматов, Нурбек Мурашев, мамлекеттик кызматта көп жыл иштеген Досалы Эсеналиев, Эсеп палатасын эки жолу башкарган кесипкөй финансист Дамир Өскөмбаев, кезинде Жогорку Кеӊештеги фракцияны жетектеген белгилүү саясатчы Улугбек Ормонов, Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы башчысы Сүйөркул Бакиров, Сузактын акими болуп 5 жыл иштеген Нурболот Мирзахмедов жана башкалар.
Тизмени андан ары уласак, белгилүү тарыхчы-журналист Кыяс Молдокасымов, спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлү, Эмгек сиӊирген машыктыруучу Нурлан Токоноев, экс-депутат, белгилүү банкир Нурлан Койчубаков, ошондой эле Өмүрбек Эгембердиев өӊдүү коомчулукка таанымал адамдар аталган партиянын катарында депутаттыкка ат салышууда.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Tairova8484
2015-08-25 20:07:52
Бир бол алга!
0
malywKG
2015-08-27 22:17:22
Алга Бир бол
0
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан