«КЫРГЫЗСТАН» ПАРТИЯСЫ ШАЙЛООГО АТТАНДЫ

Аптанын башында Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Кыргызстан» партиясынын кезексиз 4-курултайы болуп өттү. Бул чоӊ жыйынга Кыргызстандын кыйырынан аталган партияга мүчө болуп, жер-жерлерден шайланып келген 800гө жакын делегаттар менен 100гө чукул ММКнын өкүлдөрү, атайын коноктор катышты.
Алгач партиянын басып өткөн жолу, алдыга койгон максаттары тууралуу атайын тасма көрсөтүлүп, андан соӊ азиз меймандарга сөз берилди. Алгачкылардан болуп Кыргыз Эл баатыры, белгилүү коомдук ишмер, саламаттыкты сактоо тармагынын адиси Миталип Мамытов сөз алып, партияга бириккендер жаш, ар тармактагы кесипкөй адистер экендигин, эӊ башкысы алардын артында кайсы бир саясий күчтөр же сырттагы державалар турбаганын айтса, коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиев да партиядагылардын артында калбыры жок лидерлер бар экендигин айтып, ийгилик каалашты. Партия мүчөлөрү партиянын максаттарына ылайык каалоо-тилектерин айтышып, өз сунуштарын беришти.
Андан соӊ курултайдын делегаттары партиянын аталган программасын бир добуштан кабыл алып, аны менен бирге эле «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитишти. Көпчүлүктүн добушу менен партиядан Канатбек Исаев, Азиз Турсунбаев, Чолпон Султанбекова, Нурбек Алимбеков, Жыргалбек Калмаматов, Гульмира Орозалиева, Дастан Жумабеков, Урмат Ишенбеков, Тынчтык Конушбаев, Нурлан Макеев, Эльмира Жумалиева, Канат Муратбеков, Алмаз Баатырбеков, Жаныбек Исаев сыяктуу инсандар сапты баштап, шайлоого аттанышты.

Азат Белеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
korsaromega
2015-08-24 22:02:23
Алга Кыргызстан! Силер бийлике келсенер Кыргызстан онугот деп ойлоймун!
-1
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан