СОГДИАНА

«Сердце магнит», «Не беспокойся», «Овара болма», «Нетай» аттуу орусча, өзбекче ырлары менен өзбек шоу дүйнөсүн гана эмес, орус шоу дүйнөсүн да багындырган Согдиананын күйөрмандары Кыргызстанда да жок эмес. Согдиана өзбек, орус, англис, француз тилдеринде ырдап келет. Популярдуулугу күндөн-күнгө күч алып, жылдызы жанып турган ырчы 1984-жылы 17-февралда Ташкент шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда Өзбекстандын мамлекеттик консерваториясынын магистратурасында окуйт.

– Согдиана, ырчылыкка болгон кызыгууң канча жашыңдан ойгонгон?
– Жаңылбасам төрт жашымдан ырдап баштагам. Кандай чөйрөдө болбоюн ырдагандан эч тартынчу эмесмин. Өзгөчө жакын туугандарыбыз чогулуп калышканда ырдап берүүмдү суранып калышчу. Ошондо ырдап да, бийлеп да алардын көңүлүн көтөрчүмүн. Музыкага болгон чоң кызыгуумду, шыгымды байкаган ата-энем 1991-жылы мени музыкалык мектептин фортепиано бөлүмүнө тапшыртышкан. Классикалык музыка боюнча бир нече жолу пианисттердин конкурсуна катышып, лауреат болгом.
– Классикалык музыкадан эстрадага өтүп кетүүңө эмне себеп болгон?
– Алгач музыкалык окуу жайга тапшырганымда эстрадага кызыкчу дагы эмесмин. Анткени, классиканы жактырган адамдар эстраданы уккусу да келбейт эмеспи. Эң кызыгы, 8-класста окуп жүргөнүмдө бир конкурста Мерайа Керинин ырын ырдап чыккам. Залда отурган эл эң сонун кабыл алган. Ошондон тартып эстрадага болгон кызыгуум ойгонуп, вокал боюнча сабак ала баштагам. Азыр менин классикалык музыка боюнча да, эстрада боюнча да билимим бар.
– Эстрадага өтүшүңө ата-энең каршы болгон эмес беле?
– Апам каршы болгон. Анткени, ал мени роялда ойногонумду абдан жактырчу. Бирок, кийин эстрадалык бир топ конкурстарга катышып, ийгиликтерди жарата баштаганымда баштапкы оюн өзгөртүп, колдоо көрсөтүүгө өткөн.
– Чыгармачылыкта өз жолуңду таап кетүүңө кимдин салымы көбүрөөк?
– Албетте, ата-энемдин. Атам студиядан менин үнүмдү укканда чыгармачылыкта колдоо көрсөтөөрүн айтып, убадасын берген. Ошондон кийин мени бир мүнөткө да жалгыз калтырган жок. Атам менин продюсерим да, менеджерим да. Атамдын аркасы менен радиодон ырларым, телевидениеден клиптерим чыга баштаган. Ал эми апам болсо мени үй жумушунан бошотуп койгон. Өз колу менен мага сахнага кийүүчү кийимдеримди тигип берчү. Бул адамдардын күчү менен мен эстрададан өз ордумду таптым десем жаңылышпайм. Мындан тышкары менден 12 жаш улуу Сергей деген агам бар. Ал менин эң жакын кеңешчим.
Согдиана деп атыңды ким койгон?
– Согдиана – бул менин сахнадагы псевдонимим. Бул ысым мага кичинемден абдан жакчу. Ушундан улам мындан эки жыл мурун Согдиана болуп алгам. Негизи, бул өзбектер, калмактар жашап кеткен жердин аты экен. Псевдонимим мага эле эмес, көпчүлүккө жакса керек. Анткени, эми жакындарым да атымдан аташпай Согдиана деп айтышат. Ал эми өзүмдүн толук аты-жөнүм Оксана Нечитайло. Менин атам өзбек, апам орус кызы.
– Музыка тармагында жетишкен ийгиликтериң жөнүндө айта кетсең?
– Бир топ ийгиликтерге жетиштим десем болот. Өзгөчө эстрада жаатындагы конкурстарга көп катыштым. Өзбекстанда өткөн 1999-жылы «Садо-99» фестивалынын, 2001-жылы «Мелодии моего края» конкурсунун, 2003-жылы Санкт-Петербургда өткөн «Путь к звёздам» конкурстарынын лауреаты болгом. Ошол жы­лы президентибиз Ислам Ка­римовдон «Нихол» сыйлыгын алгам. 2005-жылы Болгариянын Варна шаарында өткөн «Дискавери» аттуу конкурстан 2-орунду утуп келгем. Ушул конкурстан кийин мага Италияда өтө турган эстрадалык ырлар боюнча эл аралык конкурска чакырык келген. Аталган фестивалдын биринчи күнү «Юрак Махзун» деген ырды ырдап чыгып, ырымдын аранжировкасы үчүн «мыкты аранжировка» деген номинацияны алгам. Баарынан да фестивалдын экинчи күнү алган сыйлыгым мени бакытка бөлөгөн. Анткени, «эң мыкты ырчы» наамынын ээси болгом. Бул фестивалга 13 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан эле.
– Согдиана, «Фабрика звёзд-6» долбооруна кандайча катышып калгансың?
– «Фабрика звёзд» жарыялаган кастингге катышууга даярданып жүргөнүм тууралуу мен эч кимге айткан эмесмин. Анткени, эки жыл бою «Новая волна» конкурсуна катышканы аракет жасагам. Бирок, аракетимден эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Ошондон кийин алдыдагы пландарым жөнүндө эч кимге айтпайм деп чечкем. Тааныштарымдын көбү менин бул долбоорго катышканымды теледен чыккандан кийин билишкен экен. «Фабрика звёзд» мен үчүн чоң мектеп болду. Ал жактан үч айдын ичинде көп нерселерди үйрөнүп, тажрыйба топтогонго жетиштим. Лариса Долина, Владимир Кузьмин, Алсу, Руслана өңдүү белгилүү ырчылар менен дуэт ырдадым.
– Аталган долбоорго катышууга талант роль ойнойт бекен же акчабы?
– Негизи, мен алдыга койгон максаттарыма өзүм жеткенде гана жетишкен ийгиликтеримден ырахат алам. Ошондуктан, «Фабрика звёздго» да өзүмдүн аракетимдин артында катышып калгам. Балким, акчанын күчү менен өткөндөр да болсо керек, бирок, кандай болгон күндө да «Фабрика звёзд» таланттуулар үчүн дейт элем. Менин оюмча бул шоу долбоорго таланты жоктор өздөрү деле барбаса керек.
– Орус шоу дүйнөсүндө да популярдуулукка жетише алдың. Россияга ке­түү оюңда жокпу?
– Чынын айтсам, менин көп пландарым Россия менен байланыштуу. Өзгөчө «Сердце магнит» аттуу ырымдан кийин чакыруулар көбөйдү. Бирок, Россияга биротоло кетүү оюмда жок. Анткени, Өзбекстанда менин эң бактылуу күндөрүм өткөн. Менин ысык-суугумду бө­лүшкөн жакындарымдын баары ушул жакта. Анын үс­түн­дө ырчылык атак-даңкты да мага мекендештерим ыйгарган.
– Ырчылык менен актрисалыкты кошо аркалоо кыйын эмеспи?
– Менин оюмча ар бир ырчы актриса болуусу керек. Ошондо гана анын ырлары элдердин жүрөгүнөн түнөк табат. Ошондуктан, менимче, актрисалык менен ырчылык бири-бирине тоскоол болбостон, кайра бири-бирин толуктап турат. Актёрдук чеберчиликке да консерваториядан сабак берет. Толук актёрдук билимим жок болсо да бул багытта түшүнүгүм бар. Киного мен кокусунан тартылып калгам. «Кожо Насирдин» деген киного саундтрек ырдаганы барып, режиссёрго жагып калгам. Анан «Кожо Насирдинде» Жасмин аттуу кыздын ролун аткаргам. Ал эми экинчи киного тартылуу сунушу мага «Фабрика звёздго» катышып келгенден кийин түшкөн. Сунушту мен ойлонбостон кабыл алгам. Ошентип, режиссёр Бахром Якубов тарткан «Согдиана» аттуу киного тартылгам. Бул кинодо мен баш каарман Согдиана деген кыздын ролун жараткам. Бул ролду жаратуу мага кыйынчылык деле алып келген жок. Себеби, каармандын жандүй­нөсү менин жан­дүйнөмө абдан жакын экен.
– Эгерде ырчы болбой калсаң, кайсы кесипти аркалайт элең?
– Турмушта мен өзүмдүн издегенимди таптым деп ойлойм. Себеби, сахнада ырдоо мен үчүн чоң бакыт. Ырчылыкка мен бүт өзүмдү арнап келем жана бул кесипти аркалаганыма эч өкүнбөйм. Эгерде тилегим оңунан чыкпай, ырчы болбой калсам, фотомодель болмокмун. Сүрөткө түшкөндү абдан жакшы көрөм.
– Имиджиңди тез-тез өзгөртүп турасыңбы?
– Негизи, искусство жаңыланып турууну талап кылат. Ошондуктан, артисттер имидждеринин үстүндө иштөөсү керек. Анткени, сырткы келбет артисттин аброюна чоң таасирин тийгизет. Мен дагы сахнага чыккан сайын кү­йөр­мандарыма жаңылык тартуулап турууну артык көрөм.
– Кайда барып эс алууну жактырасың?
– Түнкү клубдарга барып эс алуу мага жакпайт. Андан көрө паркка барып же тоого чыгып, сейилдеп келсем кадимкидей эс алып калам.
– Кыялыңдагы мырзаны сүрөттөп берсең?
– Негизи, мага аялзатынын көңүлүн караган чыныгы мырзалар жагат. Анан көбүнчө кара чачтуу жигиттерге көп көңүл бурам.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 215, 15-21-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан