Азамат Уланов, тамашоучу, актёр: «БИР ТУУГАНЧИКТЕН» ӨЗҮМДҮ КӨРҮП АЯБАЙ КАТКЫРДЫМ»

«Бир тууганчик» тасмасындагы башкы каарман Бакыттын сүйүктүүсүнө көз кысып: «Байке, созолонуп отурган кызга гүл алып бергенге кудуретиӊиз жетпесе, анда жалпак тил менен айтканда, «мелочный» экенсиз»,- деген тапан тилдүү гүл сатып келген балакай эсиӊиздеби? «Тамашоу» долбоору аркылуу таанылып, мына ушундай көрүнүктүү образдарды жаратып келе жаткан Азамат Уланов менен тааныштырабыз.

Толук аты-жөнү – Уланов Азамат Уланович
Туулган жылы, күнү – 2000-жыл, 12-август
Туулган жери – Бишкек шаары
Учурда №6-мектептин 9-классынын окуучусу

– Азамат, сени «Тамашоу» долбоору аркылуу тааныйбыз. Бул долбоорго ким алып келди?
– Мен азыр да мектептин КВН Лигасында ойнойм. Ал жакта ойноп жүргөндө башка мектептин КВН боюнча жетекчиси ойногонумду жактырып, аталган долбоорго чакырды. Анда мен 5-класста окучумун. Өнөрүмдү баалашып «Бишкек» командасынын катарына кошушту. 4 жылдан бери ал команданын катарында ойнойм.
– Мектептеги КВНге кантип аралашып калдыӊ эле?
– Мага бир байкем «көзүӊ чоӊ, кебетеӊ өзгөчө, мектептин КВН Лигасына катышпайсыӊбы?» деп калды. Анан кастингге барып «Мына 6» («Вот 6») командасына өтүп кеттим. Биринчи ойногонумда залдагы эл каткырды, экинчи жолу ойногонумда да күлүп калышты. Анан КВН меники экенин түшүнүп, оюндарга баш-отум менен кириштим.
– Сахнанын эмнесине арбалдыӊ?
– Сахнага чыкканда өзүӊдү кадыресе жакшы сезип каласыӊ. Сен эмне кылсаӊ ошону карап отурган элдердин күлкүсүнөн өзгөчө энергия аласыӊ. Эл оозуна алынып, таанымал болосуӊ.
– Көбүнчө кандай образдарды жаратасыӊ?
– Биринчи образым «Шрек» мультфильминдеги «өтүк кийген мышык» болчу. Азыр «Тамашоудо» «мачо» болуп жүрөм.
– «Тамашоудо» ойноп жүрүп эмне таптыӊ?
– КВН бул менин жашоом десем болот. КВН аркылуу көптөгөн досторду таптым. Жер кыдырып Сочи, Москва, Астана, Алматыга бардым. Кыргызстанга таанылдым. Кинотеатрлардын экранына чыгып жүрөм. Минтип интервью алып жүрүшөт (күлүп).
– Таанымал болдум деп калдыӊ, көчөдөн кол тамга алгандар барбы?
– Кол тамга бергенге мен азыр кичинекеймин го. Бирок көчөдө жүргөндө «Оо, сен «Тамашоудогу» Азаматсыӊ го» деп мени менен сүрөткө түшкөндөр бар. Кээде апалар «садагаӊ кетейин» деп бетимден өбүшөт.
– Сени кандай ата-эне жарыкка алып келгени, бир туугандарыӊ кызыктырууда...
– Атамдын аты Улан, апамдын аты Каухар. Атам Англия, АКШдан унааларды алып келип сатат. Апам үй кожойкеси. Эки эжем бар, алар экөө теӊ иштешет.
– «Бир тууганчик» тасмасына ким аркылуу тартылдыӊ?
– Үйдө отурсам «кел, сага ылайык текст бар» деп Бакыт телефон чалды (ред. Бакыт Осмонканов). Текстти бергенде таӊ калып биринчи окуганда тилим келбеди. Анан отуруп алып жаттадым. Мен ролумду аткара албай, көп дубль менен тарттык. Кинонун бет ачарына барып өзүмдү-өзүм көрүп «кантип ушундай болуп калдым?» деп аябай каткырдым. Ушул киного тартылгандан кийин көбү «Азамат, сага ишенгенбиз, бул ролду аткара аларыӊа көзүбүз жеткен» дешти.
– Бакытты байке эмес, Бакыт дейсиӊби?
– Ооба. Көнүп калгам да. Мен Бакыт, Жеӊиш (ред.Жеӊиш Майрамбек уулу) дейм, алар мени «малыш» дешет.
– Биринчи гонорарыӊ эсиӊдеби?
– «Сен эмне кылмаксыӊ?» деген тасмага тартылып 1000 сом алгам. «Бир тууганчик» тасмасынан 3 жарым миӊ сом алдым.
– «Тамашоуго» катышуу, тасмага тартылуу көп убакытты алат да. Мектепте жетишесиӊби?
– Мектепте жалаӊ «5»ке окуйм. Баары эле «кантип жетишесиӊ, кантип эле «отличниксиӊ»? Же мугалимдер менен «байланыш» барбы?» дешет. Андай эмес, бирок кантип жетишем деп өзүм да таӊ калам.
– 15 жашка келип калыпсыӊ. Сүйүү-күйүү темасы сенде кандай болуп жатат?
– Азыр сүйгөн кызым бар. Ал биринчи кыз эмес. Буга чейин экөө болгон. Азыркы сүйлөшкөн кызымдын аты Сабина.
– Келечекте кандай пландар бар?
– «Тамашоудо» ойноп бүткөндөн кийин актёр болуу. Бирок актёрлук олуттуу кесип эмес да. Ошондуктан жеке ишкер катары бутка турсам деп кыялданам.
– Маегиӊе рахмат, тилегиӊе жет!

"КВНде жүрүп кандай гана образдарды жаратпадым. Акыры "мачонун" образына токтодум".

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кичинекей "тамашоучу" Азамат: “Жылдыз болгум келбейт”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Mediziner
2015-08-24 11:06:39
9-класс болгону менен. алда канча жаш көрүнөт экен. Тилинен болсо тим эле чаң чыгат го)
Тамашоудо кайсы команда менен ойносо, ошол команданы алга сүрөгөн дал ушул жигит болуп саналат. Таланты бар, келечекте мыкты чыгармачыл адамдардын катарын толуктайт деп ойлойм.
0
Meerima.Majitova
2015-08-24 14:24:30
Иий акылдуу балаго ,кичикей болуп алып девушкам бар дейтго,
0
AFRODITA-89
2015-08-24 23:09:24
баарын тарс эткизе ачык айтып салыптырго тиги суйгон кызы эми бабник дейт болуш керек токпой чачпай айтып салды чон эле бала экен 9 класс болсо кичинекей корунотго мен 5-6 га да окуй электир деп ойлопмун
0
asdf
2015-08-25 08:55:21
Молодец
0
Alibi
2015-08-25 16:51:13
Азамат байкесине окшоп бою кичикей экен
-1
Afina
2015-08-27 10:48:34
ааа молодец..... ийгилик дагы дагы
0
elmira_kurmanalieva
2015-08-27 17:17:04
сооооонун бала экен,мен аны 5-6 класстай эле коруп журо бериптирминда,корсо 15 жашка чыгып кеткен турбайбы,)))
0
jypar.i
2015-09-02 22:20:27
Азамат, атыңа жараша өзүң да азамат экенсиң. Ушунуңдан жазба.Сага Кудайым акылды, талантты бериптир.Өмүрүң узун болсун.Ата-энеңди, элиңди кубантып жүрө бер.
0
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан