БИЙКЕЧТИН ИДЕАЛДУУ ӨНӨКТӨШҮ БУКАЧАР МЕНЕН ТЕКЕЧЕР (24-августтан 23-сентябрга чейин төрөлгөндөр)

Жылдыз төлгөгө ишенбейм дегендер жок эмес, тескерисинче, астрологдордун айтканына көӊүл бөлүп, түгөй тандоодо анын жылдыз белгисин карагандар да бар. Төмөнкү макаладан бийкеч жылдызынын астында төрөлгөндөргө ким шайкеш келбейт да, кайсы жылдыз идеалдуу түгөй болорун билип алалы.

БИЙКЕЧ – КОЙ
«Үй-бүлө мүчөлөрү мен чийген сызыктан чыкпашы керек» деген бийкечтердин ою кой жылдызындагыларга туура келбейт. Бийкеч мырза өзүнүн тактыгы, бир сүйлөгөнү менен кой айымды тез эле арбап алат. Бирок чогуу жашай келгенде ортодогу аягы жок мыйзамдарды аткара албай айым четке чыга берет. Ал эми кой эркек менен бийкеч айым сезимге караганда материалдык байлык же бийлик үчүн биригиши мүмкүн. Экөөнү ушул кызыкчылыктар бириктирет, бирок аз гана убакытка. Эгер эки жылдыз бир жакадан баш чыгарабыз деп белсенишсе, узагыраак убакытка сүйлөшүп, бири-бирин ар тараптан сыноо сунушталат.

БИЙКЕЧ – БУКАЧАР
Мыкты шайкештик. Бийкеч да, букачар да үй-бүлөнү баарынан бийик койгон жандар. Жакындарынын жетиштүү турмушта жашашы үчүн бардык аракетин кылышат. Экөөнү кумардан мурун бирин-бири түшүнө билгени, жан дүйнө жакындыгы бир очокко байлайт. Азгырыкка туруктуу келишет, андыктан бул союзда ала жипти аттаган учур дээрлик кездешпейт. Эгер түгөйлөрдүн бири жаза басып түгөйүнүн көзүнө чөп салса, түйүнчөгүн түйүп алып үйдөн чыгып кете берсе болот. Мындай кадам кечирилбейт.

БИЙКЕЧ – ЭГИЗДЕР
Бардыгына сын көз менен карап, таяктын экинчи учун чукуп көрсөтүп турган бийкеч менен жеӊил мамилени, эркиндикти самаган эгиздер достук мамиледе гана бирин-бири толуктап кете алышат. Эгер ортодо сүйүү оту тутанып, ал үй-бүлө курууга жетсе, анда эки жылдыз ээсине теӊ бекем нерв каалайбыз. Эркек эгиздер үйгө токтобой, иш бүтсө да жоро-жолдошу менен көӊүл ачып жүргөндү жактырат, бул, албетте, бир үйдүн жүгү моюнуна илинген бийкеч сулууну кыжырдантат. Бат-баттан кечирим сураган жолдошун кечире берип акыры жубайынын да көӊүлү сууп калат. Ал эми бийкеч мырза эгиздер айым менен кумар отунда балкый берет, бирок олуттуу мамилеге жеткирбейт.

БИЙКЕЧ – БӨЙӨН
Бөйөндүн сарамжалдуулугу бийкечке майдай жагат. Бөйөн мырза бийкеч айымга баш кошууну максат кылса, бир нерсени билип алуусу тийиш. Үй-бүлөлүк казына, ким менен дос, ким менен кас болуш керек, эмне кийим кийип, кандай тамак ичиш керектигинен бери жубайынын карамагына өтүп кетет. Бирок бул бөйөндү ойлонтпойт деле. Анткени «бардык жерде тартип болуш керек» деген принцип бөйөнгө да тиешелүү. Күчтүү, сөзүнө бекем эркек керек деген бөйөн сулуу идеалдуу мырзасын бийкеч жылдызындагылардан таба алат.

БИЙКЕЧ – АРСТАН
Темперамент, мүнөз жагынан карама-каршы келишет, андыктан сүйүү мамилеси көпкө узабайт дешет жылдыздар. Арстан мырзанын кыз жандуулугун бийкеч айым көтөрө албайт. Башкаларга окшоп кийин оӊолуп кетер деп күтүп отурбай, кол үзүп кете берет. Ал эми романтиканы сүйгөн арстан айым тоӊ моюн бийкеч мырзадан адаттан сырт сюрприз күтө берип чарчайт. «Тамак-аш, кийим-кече менен камсыз кылып жатам, буга мындан ашык дагы эмне керек?» деп мырзасы да бушайман болот. Бирок эки жылдыздан мыкты дос жана ийгиликтүү өнөктөш чыгат.

БИЙКЕЧ – БИЙКЕЧ
Кызуу дискуссия, талаш-тартыш, бири-бирин оӊдоп-түзөө, кеӊеш берүү... Мунун баары бийкечтердин үй-бүлөсүндө боло турчу көрүнүш. Талаш-тартыштын аягы ырбап кетип эле мамилеге доо кетпесе, көпчүлүк учурда бир чечимге келип, туруктуу үй-бүлө очогун кура алышат. Түгөйлөр үчүн махабат, романтика, кумар биринчи орунда эмес. Негизгиси бекем үй-бүлө жана үлгүлүү жүрүм-турум. Эгер иш жаатында да бирге болушса, көзгө көрүнөрлүк ийгиликтерге жетише алышат.

БИЙКЕЧ – ТАРАЗА
Бул союзда чыр-чатак көп болот. Ким күнөөлүү десеӊиз, эки жылдыз теӊ. Бийкеч да, тараза да табиятынан өзүмчүл жандар. Жашоосуна бирөө келип кийлигишип, жаӊы мыйзамдарды киргизе баштаганда «кирпи» болуп тикенектери чыгып, коргонууга өтүшөт. Биримдикти, ынтымакты талап кылган үй-бүлө мыйзамына бул, албетте, туура келбейт. Белгилей кетчү жагдай, эгер бийкеч айым тараза мырзаны тарбиялап, өз кайыгына түшүрө алса, бирге жашап кете алышат.

БИЙКЕЧ – ЧАЯН
Үй-бүлөдө бийлик талаш акыр аягына чейин уланат. Эгер түгөйлөрдүн бири желекти тапшырбаса, кичинекей мамлекет кыйроого учурайт. Чаян эркек бир эле учурда өзүнүкүн бербеген өжөр жана караӊгыдан жол тапкан көрөгөч, дипломат да боло алат. Бул сапаттары менен көпчүлүк учурда жеӊишти камсыздап кетет. Чаян эркек үчүн бийкеч айымга назиктик жетишпегендей сезиле берет. Бул кемчиликти башка айымдардан издейм деп түгөйүнүн каарына калат.

БИЙКЕЧ – ЖААЧЫ
«Эмгек жана сергек жашоо гана адамды бактылуу кылат» деген бийкечтин урааны жаачыны тажатып жиберет. Жаачынын көӊүл ачууга, болбогон буюм-тайымга ашыкча акча коротконун бийкеч жактырбайт. Жаачы мырзаны алдап гана баш ийдирүүгө мүмкүн, өктөм чыккан үн, моюн толгогон өжөрлүк көрсөтүү менен анын жүрөгүн багынта албайсыз, бийкеч айым. Бийкеч мырза «үй жумушун мындай аткарыш керек болчу» деген эрежелерди киргизүү менен жаачы айымды теӊ салмактан чыгарып жиберет. Үй-бүлөдө тынчтык болсун десе, бийкеч мырза майда-чүйдөгө көз жумуп коюшу шарт.

Бийкеч жылдызынын алдында төрөлгөн ырчы Дилшат Кангелдиева жаачы жылдызынын ээси Саадатбек Кендирбаев менен чогуу түтүн булатып келе жаткандарына 27 жыл болгонун айтат:
– Менин болгонун болгондой бетке айткан мүнөзүм бар. Жолдошум болсо абдан токтоо, ийкемдүү адам, мага аяр мамиле кылып турат. Албетте, казан-аяк кагышат, бирок экөөбүз теӊ кечиримдүүбүз, тез эле жазылып, тил табышып алабыз. 1988-жылы баш кошконбуз, ошондон бери ынтымакта, бактылуу өмүр сүрүп келе жатабыз.

БИЙКЕЧ – ТЕКЕЧЕР
Идеалдуу шайкештик. Үй-бүлө мамилесинде бири экинчисин жарым сөздөн түшүнүшөт. Жашоого болгон принциптери да окшош. Бийкечтин түгөнгүс эрежелерин текечер кызыгуу менен угуп, керек учурда өзүнүн толуктоолорун кошо билет. Казан-аяк кагышкан учур болбой койбойт деӊизчи, бирок чырды ырбатпай басууга экөө теӊ аракет кылышат. Бул союздун ыдырап кеткен учуру чанда гана кезикпесе, көпкө чейин бирге бактылуу өмүр сүрүшөт. Бир гана үй-бүлө эмес, иш жаатында да мыкты өнөктөштөр. Эгер эки жылдыз ээлери бириксе, тоону томкорчудай эле күчкө ээ болушат.

БИЙКЕЧ – СУУ КУЯР
Суу куяр түркүн түстө өзгөрүп турат. Бир карасаӊ энергиясы ашып-ташып, кармаган жеринен кан чыгарган эмгекчилдигин көрсөтсө, кай бир учурда шыпты тиктеп жата берген жалкоонун образына түшө калат. Туруктуулукту баалаган бийкечке анын өзгөрүлмө сапаттары жакпайт. Бийкеч мырза шаан-шөкөткө ыктап, сүлкүлдөп кийинип конокко барганды жактырган суу куяр айымды бат эле үйдөн кууп чыгышы ыктымал. Ал эми суу куяр эркек алгач тартипти, тыкандыкты сүйгөн бийкеч айымдын колун кармоо үчүн бардык аракетин кылат. Бирок калыпка салынган тартиптен бат эле тажап, из суутуп кете берет.

БИЙКЕЧ – БАЛЫК
Бийкеч менен балык бат тил табышып, ортодо жактыруу сезими тез эле от алат. Үй-бүлөдө бийкеч талаш-тартышсыз бийликке келип, өз мыйзамдарын орнотот. Балык болсо аткаруучу кызматты алганына капа деле болбойт, негизгиси тынч жашаса болду. Бирок эч нерсеге умтулбай, даярга көнүп, бир агымда кете бергени менен бийкечти тажатып жибериши мүмкүн.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
marmilantka
2015-08-24 09:24:57
Супер жаачы менен текечерди да айтып койгулачы сураныч
-1
admin_media
2015-08-24 14:22:43
marmilantka, саламатсызбы!
Кийинки сандарда жарыяланат.
-1
nurperi-kantemir
2015-08-24 10:09:14
Кандай сонун мен Бийкеч жолдошум Текечээр
+1
UFS
2015-08-24 12:06:11
мен текечээрмин анда бийкеч кыздарды табышым керек экен да)) бийкеч кыздар барсынарбы
-1
ASALARI
2015-08-24 13:37:46
UFS,Оа барбыз:)
-1
cubich
2015-08-24 15:05:57
Эгерде бийкеч-мырза болуп, тараза-айым болсочу?
-1
kg.Islam
2015-08-24 15:25:52
Кызык эле инсандар, Аллага шерик кылбагыла гароскоп ко ишенип ширк бул чон куноо.ар бир инсандын озунун тагыдыры бар бешенесинде жазылган.сооптордон куру калбагыла.
+3
Nuranna_93_kg
2015-08-24 17:15:54
Мен да текечермин.Бийкечтер туура келип калса сонун жашоо болот экен да ээ буюрса....))))
0
EdikoKG
2015-08-24 18:26:31
Кызык. Келинчегим бийкеч,озум таразамын. Кудайдын кулагы суйунсун,камыр-жумур болуп эле ,бир жакшына оокат кылып жатабыз. Баары Алладан.
0
kg.myrza.94
2015-08-24 23:06:38
Балык менен Суукуярды да айткылачы
-1
admin_portal
2015-08-25 11:18:52
kg.myrza.94, саламатсызбы!
Суу куяр тууралуу жакында гезит бетинен жана порталдан окуй аласыз.
-1
Meka77
2015-08-24 23:37:31
Бойон менен суукуярды да жаза кетиниздерчи.
-1
admin_portal
2015-08-25 11:06:09
Meka77, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/article/show/32469
-1
Ayka1994
2015-08-25 12:36:25
текечээрдин башка жылдыздар менен карым катнашы жонундо да маалымат бериниздерчи
-1
admin_portal
2015-08-25 12:39:22
Ayka1994, саламатсызбы!
Сөзсүз маалымат бергенге аракет кылабыз. Баардыгы ирети менен берилип жатат. Жакында окуй аласыз.
-1
Jonaruk
2015-08-26 00:56:15
мен жаачымын бойдокмун азырынча билбейм кимиси мага туш келерин
-1
Tomega
2015-08-27 15:56:26
Кудай сактааа.Мен Бийкеч,жолдошум Суукуяр.Жамандыктын бетин Аллахым ары кылсын.
+1
Aza96
2015-08-29 23:57:45
Жаачы менен балыкты ба жазып койсонор админ .
0
Aza96
2015-08-29 23:58:11
Жаачы менен балыкты да жазып койсонор
0
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан