Өткөн аптада Бишкек шаарында үрөй учурган кандуу окуя катталды. Таштанды таштоочу челектин ичинен табылган адамдын дене мүчөлөрү шаар тургундарын дүрбөлөӊгө салып, өлтүрүлгөн адамдын, ага шектүү катары кармалган адамдын жаш экендиги бирөөлөрдү сестентип, бирөөлөрдү кейитти.
ҮРӨЙ УЧУРГАН ОКУЯ
14-август күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 5-кичи райондон таштанды таштоочу челектин ичинен полиэтилен баштыгына салынган адамдын кесилген колдору жана буттары табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарек боюнча барышкан ыкчам иликтөө кызматкерлери кесилген дене мүчөлөр эркек адамга таандык экенин аныкташкан. Бул факт боюнча «киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, маркумдун аты-жөнүн тактоо жана кылмышкерлерди табуу аракеттери көрүлө баштаган.
Эртеси, тагыраак айтканда, 15-август күнү Фучик көчөсүндөгү №18-үйдүн бет маӊдайында жайгашкан таштанды таштоочу челектен болжол менен 30-35 жаштардагы азиат түспөлүндөгү эркек адамдын башы табылган. Ал эми 17-август күнү жиликтенген маркумдун денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан чемоданга салынып, өрттөлгөн абалда табылып, жогорудагы дене мүчөлөр бир адамга тиешелүү экендиги аныкталган.
Көп узабай маркумдун аты-жөнү такталып, ал Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 1981-жылы туулган Эрлан Оркошев экендиги белгилүү болгон. Бул окуя боюнча маркумдун тааныштары, туугандары жана кесиптештери суракка алынып, жыйынтыгында шектүү катары маркумдун аялы 1989-жылы Ош шаарында туулган Айдай Субанова кармалды.
«ТАМАКТЫН АЙЫНАН УРУШ ЧЫКТЫ»
Тергөө учурунда кылмышка шектүү Айдай Субанова мындайча көрсөтмө берген:
– Акыркы күндөрү күйөөм экөөбүздүн ортобузда көп чыр-чатак орун алып жүргөн. Ошол күнү да кечинде күйөөм жумуштан келип, мен жасаган тамакты жактырбай, анын айынан ортодо уруш чыгып мага кол көтөрдү. Ал буга чейин да мага кол көтөрүп келген. Мен ачууга алдырып аны ашкана бычагы менен сайып өлтүрүп алдым. Ошол күнү үйдө балдар бар эле. Эртеси аларды апамдын үйүнө алып барып таштадым да, кайра үйгө келип кылмышымды жашыруу үчүн күйөөмдүн денесин жиликтеп, баштыктарга салып шаардын ар кайсы жактарына такси менен ташып таштап келгем.
«АГАМ МЕНЕН ЖЕӉЕМДИН УРУШКАНЫН ДЕЛЕ КӨРГӨН ЭМЕСМИН»
Мындай өлүмгө туш болгон маркум өзү ким болгон жана эмне жумуш менен алектенчү эле? Атын атагысы келбеген туугандарынын бири буларга токтолду:
– Эрлан байкемдин Бишкек жана Ош шаарларында бизнестери, бир жолу колдонулуучу идиштерди чыгарган заводу бар болчу. Милиция кызматкерлери агамды жеӊем өлтүргөнүн айтышууда. Билишибизче, экөө жакшынакай эле жашап жатышкан, ортолорунда 2 баласы бар болчу. Мурда деле экөөнүн урушканын көргөн эмес элек. Учурда туугандарыбыздын бардыгы бул окуяга ишене албай турабыз.
«ТЕРГӨӨ ИШТЕРИ УЛАНУУДА»
Бул окуя тууралуу Бишкек ШИИББинин жетекчисинин орун басары Самат Курманкулов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бизге маркумдун иниси агасы бир күндөн бери дайынсыз жок болуп жаткандыгын айтып, арыз менен кайрылган эле. Таштандыдан табылган дене мүчөлөрдү көрүп, ал дене агасына тиешелүү экенин тааныган. Бул кылмышка шектүү катары маркумдун жубайы, 26 жаштагы Айдай Субанова кармалды. Ал жасаган күнөөсүн моюнуна алды жана убактылуу кармоочу жайга камалды. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Ал буга дейре сот жообуна тартылган эмес. Кылмышка шектүүнүн акыл-эси ордунда же ордунда эместигин билүү үчүн соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Маркум менен кылмышка шектүү 2011-жылы баш кошуп, 4 жыл бирге жашашкан экен. Ортолорунда 3 жана 2 жаштагы эки уулу бар. Балдарынын келечеги эмне болору азыр чечилүүдө. Аялы кылмышты өзү жасаганын айтууда. Ал эми аны ташыган таксисттер баштыкта жиликтенген адамдын дене мүчөлөрүн салып баратканын билишкен
эмес. Кылмышка шектүү 2013-жылы Медициналык академияны аяктаган.
Маркум жөнүндө айта турган болсок, ал Кара-Кулжа районунда төрөлүп, Бишкек шаарында көп жылдан бери батирде жашачу экен. Жакын арада үй салмакчы болуп жаткандыгы маалым болду. Ал кытай жана англис тилдеринде эркин сүйлөп, Англия жана Кытай өлкөлөрүндө иштеп келгенин туугандары айтышты.
БУГА ЧЕЙИН ДА МЫНДАЙ ОКУЯЛАР КАТТАЛГАН
Уулунан айрылган эне: «КЕЛИНИМ УУЛУМДУН БАШЫН МУЗДАТКЫЧКА САЛЫП АНАН ЫРГЫТЫПТЫР»
Өткөн жумада Бишкекте төбө чачты тик тургузган окуя болуп өттү. 14-август күнү 5-кичирайонундагы таштанды таштоочу челектен эркек адамдын колдору жана буттары табылды. Кийинки күнү Фучик көчөсүндө таштанды челегинен адамдын башы жана жансыз дененин калган бөлүгү борбордогу чайханалардын жанынан табылган. Аз өтпөй жиликтенип борбордун ар кайсы бурчуна ташталган жарандын өздүгү такталып, ал ишкерлик менен алектенип жүргөн 1981-жылы туулган Эрлан Оркошев болуп чыкты. Ишкердин өлүмүнө шектүү катары анын жубайы кармалды. Биз Эрлан Оркошевдин жакындары менен жолугуп, алардын оюн угуп кайттык.
Гүлнар Байыскулова, каза тапкан Эрлан Оркошевдин апасы: «УУЛУМДУН ЖҮЗҮН КӨРӨМ ДЕП ЫЙЛАДЫМ, КӨРСӨТҮШКӨН ЖОК»
– Баламдын бир адамга да зыяны жок болчу. Жоготконума ишене албай турам. 7 жыл Кытайда, 3 жыл Англияда жашады. Англис тили менен кытай тилин кыргыз тилиндей сүйлөчү. 5 убак намаз окуп, колунан келсе кишиден жардамын аячу эмес. Бишкектин чет жагында кагаз идиш-аяктарын жасай турган заводду ишке киргизем деп чуркап жүргөн. Тез-тезден сүйлөшүп турчубуз.
13-август күнү телефон чалсам алган жок. Санаам тынчыбай келиниме чалсам ал да албай, кийин өзү чалды. «Айланайын, Эрлан каякта? Телефонун албай жатат го» десем, «Мен апамдыкына кеткем. Ал мончого барганда ошентип өчүрүп коёт» дейт. Эртеси чалсам дагы өчүк. Телефонун өчүрчү эмес. Эки телефону менен теӊ тынбай бирде Кытай менен, бирде бул жактагы жумушундагылар менен сүйлөшүп, дайыма байланышта болуп турчу. Келиниме эртеси чалсам, «Эрлан түндө үйгө келген жок» деди. «Мурда келбей калчу беле?»десем, «жок, антчү эмес» дейт. Балдарым менен издей баштадык, милицияга кайрылдык. Жанагы рэкет деген кармап алып кыйнап жатабы деп да чебелектеп жаттым. Аягында «Эрландын үйүн тоноп кетиптир» дегенинен Бишкекке учуп келдим. Түз эле ШИИББге бардым, барсам келиним Айдай бозоруп эле турат. «Эмне бозоруп калгансыӊ, Эрлан маӊдайыӊа келип калары бардыр» десем, «ооба, апа, келет» деп бири-бирибизди жубаткандай болдук.
Ошол мени менен калган түнү келиним уулум Кытайдан белекке алып келип берген кызыл чемоданга баламдын денесин салып ыргытып келген экен. Аягында келинимдин баламды өлтүрүп, денесин бөлүп салганы маалым болду. Аны же мага айтышпайт. Ортончу баламдан «Эрлан кыйналбай өлүптүрбү?» десем, «жок, апа, жүрөккө эле бир сайыптыр» деген. Кийин кепинге ороп алып келишкенде «көргө кетсе көрбөй калам, жүзүн көрөм» деп ыйладым. Көрсөтүшкөн жок.
Келинимдин кантип ушуга дити барганын азыр да түшүнө албай турам. Мурдараак Айдай мага кытайлыктардын киносун көрсөткөн эле. Анда да бир аял күйөөсүн жиликтеп салат. Ошону көрүп башынан ойлонгонбу деп түркүн ойлорго кептелем. Балдары жетим калды. Сыздап, кылар айламды таппай турам. Келиним «кайненемди аяйм, ал жакшы киши» деп айтыптыр. Аяса ушинтип баламды жиликтейби? Баламдын башын табышканда эмнегедир муздак экен. Кийин келинимден тергөөдө сураганда «башты кесип муздаткычка коюп анан ыргыткам» дептир. 29 жашында баламды шаштырып ак тоюн берип ушул кызга үйлөнткөм. Эми айламды таппай турам.
Шерлан Оркошев, бир тууган иниси: «АГАМДЫН КУМУРСКАГА ДА ЗЫЯНЫ ЖОК БОЛЧУ»
– Тергөөнүн жүрүшүндө такси кызматына жасалган чалуулар аркылуу кылмыштын бети ачылды. Көрсө, жеӊем башка номур менен үйүнөн ары жактагы үйгө буйрутма кылып, ошол жактан түшүп кетип жүргөн экен. Бир таксист көрсөтмөсүндө «Жаш келин эки баласы менен отурду. Жанында оролгон чоӊ килем бар. Килемди унаа жуучу жайга алып барып таштады» дептир. Унаа жуучу жайдан сурасак, килем аябай кан болгон экен. Дагы бир таксист «Жаш кыз чоӊ кызыл чемодан менен келип отурду. Айткан жерине жеткен соӊ тура тур деп кайра чемоданы жок келди» деп жатат. Жеӊебиз кылмышын моюнуна алды.
«Тамак жасай албайсыӊ» дегенинен урушуп кетип, байкабай бычак сайып алдым дептир. Агам бою узун, спорт менен машыккан эркек, ал эми жеӊемдин салмагы ашып кетсе 45 килограмм болот. Байкабай сайып коё алмак эмес. Агам андай уруш болгон чакта да сайдырбайт болчу. Менимче, агам уктап жатканда кылмыш жасалса керек. Күйөөсү урчу экен деп айрым ММКлар жазып жатышат. Байкем антмек эмес, дайыма жеӊемдин көзүн карап турчу. Айрымдар «байкуш кызды күйөөсү ошого жеткирген экен» дешүүдө. Агамдын кумурскага да зыяны жок болчу. Логикага салып көргүлөчү, ошончо кордук көрсө ажырашып кетпейби? Мүлкүнүн жарымын алганга укугу бар болчу. Биз дагы жеӊебиздин ушул кылмышка барганына таӊ калып, ишене албай жаттык. Бирок анын көрсөтмөлөрүн көрүп ынандык. Агамдан ажырап кабыргабыз кайышып турат. Баарынан апама оор болду. Атабыз бир жарым жыл мурун каза болгон эле. Эми агамды жоготтук.
Асхат Субанбеков
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg