СДПК ЖАКЫНКЫ 5 ЖЫЛГА 5 КАДАМЫН БЕЛГИЛЕДИ

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Кыргызстан социал-демократтар партиясынын кезектеги 14-съездинде СДПКнын 5 жыл ичинде аткарган иши, алдыдагы милдеттери тууралуу сөз болуп, 4-октябрдагы парламенттик шайлоого бара турган талапкерлер такталды.

СДПКнын өткөн беш жылда аткарган ишин негизинен анын негиздөөчүсү, азыр өлкө президенти Алмазбек Атамбаев баштаган ири долбоорлор аныктаганы белгилүү. Жогорку Кеӊештеги СДПК фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков өз баяндамасында өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган 5 кадамга токтолду. Партиянын 2010-жылдагы Апрель жана Июнь окуяларынан кийин оор кезеӊде өткөн жыйында айтылган өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак орносо экен деген тилеги аткарылды. Кыргызстандын кайра жаралуусуна жол башталды. Өлкөнүн экономикасы акырындан жанданып, улуттук ири долбоорлор алга жыла баштады.
«Биз СДПК туруктуулукка данакер болду деп айтууга акылуубуз, партиябыз башкалардай болуп бөлүнүп-жарылган жок, тилектеш жана биримдиктүү партия экенибизди далилдедик. Фракциянын аракети менен коалициянын улам ыдырашына жол бербей, ынтымакты кармап келдик. Биз президентибиз Алмазбек Атамбаевге тирек болдук»,- деди фракция лидери.
Бүгүн экономикалык ири долбоорлордун алды аягына чыгып, арты эртеӊ-бүрсүгүнү ишке ашканы турат. Алардын бири – Баткендеги узундугу 142 чакырым Айгүл-Таш-Самат электр чубалгысы курулуп бүтүп, өрүкзарлуу Баткен Тажикстанга энергетикалык көз карандылыктан чыкты. Эми Датка-Кемин электр чубалгысы 31-августта иштөөгө берилсе, бул бүт өлкөбүздүн энергетикалык толук көз карандысыздыкка ташталган ири кадамы болуп калмакчы. Нарында жаӊы ГЭСтердин курулушу башталды. Түндүк-түштүк альтернативдик жолу курулууда. Өлкөдө диний кырдаал мамлекеттин көз жаздымында калып келген эле. Соӊку жылдары мамлекет диний саясатын күчтөндүрдү. Буюрса, диний кырдаал туруктуу, радикал күчтөргө карата өз учурунда сокку урулууда. Куралдуу күчтөрдү реформалоо да өз натыйжасын берип, кыргыз армиясынын кадыры өскөнү байкалат. Кыргызстанда мамлекеттик тил маселесине да олуттуу көӊүл бөлүнүп, быйыл бюджеттен
243 миллион сом каралды. Мынча каражат Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн эмес. Ошону менен катар Ала-Тоо жергесин байырлаган башка улуттардын да тилдеринин өнүгүшүнө бардык шарт бар.
СДПКнын өткөн беш жылдагы беш кадамы Кыргызстанды өзгөрткөнүн белгилеген фракция лидери Ч.Турсунбеков партиянын алдыдагы беш кадамын белгиледи. Фракция лидеринин айтымында, биринчи кадам – социалдык-экономикалык багыттагы иштер. Экинчи кадам – алдыдагы беш жылда коррупциядан тазаланган коомго айлануу. Үчүнчү кадам – сот реформасы. Чек ара көйгөйлөрүн чечүү СДПКнын төртүнчү кадамы болуп калат. Бул кечээ же бүгүн пайда болгон маселе эмес. Бешинчи кадам кыргызстандыктарда «биз баарыбыз Кыргызстанды өнүктүрөбүз» деген сезимди жаратуу. Көп улуттуулук Кыргызстандын байлыгы. «Кыргызстандын ысык-суугуна күйүүгө даяр көп улуттуу мамлекетти курууга дал биздин партия жол баштоого тийиш жана ал максаттын өтөсүнө чыгабыз деп ишенем! СДПК улуттук ири иштерде өлкө башчысына тирек болдук. Дегеле социал-демократтар дүйнөдө бакубат мамлекет куруу жагынан бай тажрыйбага ээ. Биз ошол тажрыйбага таянабыз. Башта айткандай, президентчил партия катары элдин көзүндө турабыз. СДПК өлкөнү кайра жаратуу багытынан тайбайт. Өлкөбүздүн өркөнүн өстүрөбүз! Телегейи тегиз заманга жол баштайбыз. Элибиз аман, жерибиз бүтүн болсун!»,- деп сөзүн жыйынтыктады фракция лидери.
Съездде сүйлөгөн Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков: «Чейрек кылымга жакын тарыхы бар Кыргызстан социал-демократиялык партиясы партиянын мурдагы лидери, азыр өлкөнүн президенти
А.Атамбаевдин жетекчилиги менен ушундай келечек жолду, туура багытты тандай аларыбызды турмуш өзү көрсөттү. Партиянын тарыхый калыптанган орду бар, коомдо салабаттуу авторитетке ээ, саясий күрөштө такшалган деп айтсак болот. Бүгүн «үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнаган» элдик, мамлекеттик уюткунун партиясына айланды»,
- деди.
Сүйлөгөн делегаттар партиянын ишмердиги тууралуу ой бөлүшүп, «Биз бактыбызды Кыргызстандан гана табабыз!» деген бекем ишенимди айтышып, жыйындын катышуучуларын эл, мекен үчүн дагы да иштей берүүгө чакырык жасашты.
Съездде делегаттар СДПК партиясынан VI чакырылыштагы ЖКнын депутаттыгына 131 талапкердин тизмесин бекитти. Талапкерлердин курамы интернационалдуу, алдыӊкы ондукта парламенттеги фракция мүчөлөрүнөн үчөө гана бар, калганы жаӊы ысымдар. Тизмедеги талапкерлердин 26сы жаштар (35 жашка чейин). Гендердик теӊчилик сакталган – 40 талапкер аялдар.
Партиянын 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого бара турган талапкерлеринин тизмесин Чыныбай Турсунбеков жетектесе, экинчи орунда Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков турат. Биринчи ондукта жаш муундун өкүлдөрүнөн Данияр Аттокуров, Жанар Акаев бар. Апрель баатырларынын бири Мээрбек
Мискенбаев
да алдыӊкы ондукта. Өз иши менен көрүнгөн Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Марат Аманкулов тизмеде бешинчи.
Экинчи ондукту Бишкек шаарынын мурунку мэри Иса Өмүркулов баштайт. Асел Кодуранова, Кожобек Рыспаев, Улан Примов, Анвар Артыков, Эльвира Сариева, Мухтар Айнакулов, Төрөбай Зулпукаров, Тилектеш Исаев, Евгения Строкова да ушул ондукта.

Каныкей Аскарова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан