КЫРГЫЗСТАНДАГЫ УЮЛДУК ОПЕРАТОРЛОРДУН АЛДЫҢКЫ ТАРИФТЕРИН САЛЫШТЫРАБЫЗ

Кыргызстандагы уюлдук операторлор сунуштаган тарифтик пландар тууралуу көптөн берки байкоолорумду атайын долбоор аркылуу коомчулукка жеткирүүгө убакыт келип жетти окшойт.
Уюлдук байланыш менен камсыз кылуучуларды 2016-жылдын 1-январынан баштап абоненттерди туруктуу сакталган номерлер менен камсыз кылуу милдеттендирилгенден кийин маркетинг талаасында кардар үчүн согуш күчөдү десек болот. Бул, албетте, уюлдук операторлордун ортосундагы кызматтардын сапаттуулугу, ага болгон баанын жеткиликтүүлүгү жана башка кошумча кызматтарды сунуштоо боюнча атаандаштыкка алып келди.
Операторлор биринен-бири озуп абоненттер үчүн «эӊ ыӊгайлуу, пайдалуу сунуштарды» ойлоп табышууда. Бирок эӊ мыктысын тандоо оӊойго турбайт.
Көпчүлүк сыяктуу эле мага да бир нече оператордун SIM-картасын көтөрүп жүрүү бактысы буюрган. Бирок ошол номерлердин ичинен бирин гана «негизгиси» катары колдонуп, калгандарын «жардамчынын» ролунда алып жүргөндөр да аз эмес. Сиздер окуп жаткан бул макалада уюлдук операторлордун кимисинин кардар үчүн сунуштаган тарифи ыӊгайлуу, пайдалуулугу жагынан марага озуп чыгып, телефонубуздун «негизги» орунуна ээ болору тууралуу сөз кылмакчыбыз.
Тарифтерди салыштырууда сүйлөшүү мүнөтү, интернет жана СМС кызматтары кошулганына көӊүл бурабыз. Мисалы, үч оператордон үч тариф алсак: Билайндын «Твой Стиль», О! операторунун «Переходи на О!» жана Мегакомдун «Элдик» жаӊы тарифи.
Баса белгилей кетчү нерсе, азыркы убакта батыштын уюлдук операторлору интернет-провайдерлерге айланып калган мезгили. Ушул эле көрүнүш Кыргызстанга бир нече жыл кечигип болсо да келет.
Операторлор трафик өткөрүүчү түтүккө айланып бара жатышат. Тандалып алынган тарифтик пландардын ортосундагы окшоштуктарды, айырмачылыктарды салыштыруу үчүн операторлордун тарифтик торчону кандай ой-максат менен курганын түшүнүү керек болду. Учурда уюлдук операторлордун «үчилтиги» ийкемдүү кызматтарды сунуштаганга өтүштү, ар биринде белгилүү өлчөмдө абоненттик төлөмдү бекер кылуу кызматы бар. Бизди болсо бир айлыктын эсеби кызыктырат. Бардыгында эле абоненттик төлөм бир убакта алынбайт, андыктан өлчөмүн гана көбөйтүп койдум.
Оӊой эсептөө үчүн жалпы таблица түзүлгөн, бул жерде бардыгы ачык көрүнүп турат. Сиздердин көӊүлүӊүздөрдү айрым «фишкаларга» бура кетсем: үч оператордун теӊ «плюс» жана «минус» жактары бар. Андан сырткары жылдызчаларга жана майда шрифтке да назар салууну унутпайлы.
Жыйынтык кызыгуу жаратат. Жөнөкөйлүгү жагынан О! уюлдук оператору кубандырат. Бирок бардык абоненттердин сүйлөшүү мүнөтү, жазган
СМСи, колдонгон интернети бирдей өлчөмдө эмес да. Кардарда тандоо болбогону, менимче, ыӊгайсыз. Эгер көбүрөөк интернет колдоном десе, кошумча кызматтарга кошулат, албетте, бекер эмес. Андан сырткары биринчи 300 мегабайттан кийин интернеттин ылдамдыгы төмөндөйт – 128Kбит/с. Эгер зарыл жумушуӊуз жок болсо, интернетти көп колдонбойм десеӊиз, анда сизге О! операторунун сунушу туура келет.
Ал эми интернет «күйөрмандарына» сөзсүз Мегакомдун кызматы ылайыктуу. Башкаларга караганда көп өлчөмдө, тактап айтсак, толук беш кызмат бар, ар ким чөнтөгүнө жараша интернет өлчөмүн тандап алат. Мен жумасына 120 сом кетчү пакетти сунуштайт элем. Атаандаштык жаратып келе жаткан Нуртелекомдун тарифине караганда Мегаком ошол эле баага түйүн ичинде көбүрөөк мүнөт тартуулайт. Сүйлөшүү мүнөтү, мегабайтты жалпылагандагы кемчиликтерди эске албаганда, Мегаком интернеттин ылдамдыгы, саны, сапаты жагынан алдына ат салдырбай кетет. Интернетти колдонууда катып, ортосунан кесилип калбайт, ылдамдыгы мактоого гана арзыйт. Ошондой эле түйүн ичиндеги жана башка операторлорго болгон чалууларга мүнөттөр да жетиштүү.
Билайндан «Бардыгы кошулган» деген принципти камтыган эӊ арзан сунуш 500 сомдон башталат. Оператордун мактанчу жагы – түйүн ичинде да, башка операторлорго болгон чалууларга да мүнөттү жетиштүү өлчөмдө бергени. Ал эми эки операторго салыштырмалуу жогорудагы суммага СМС, эӊ негизгиси ылдам интернет аз берилет. Башка кызматтарга кошулуп интернет колдонсоӊуз болот, бирок кошумча суммага. Жалпылап айтканда, Билайндын флагман тарифи мыкты, бирок баасы «чөнтөк жыртат».
Операторлордун түйүн ичиндеги СМС өлчөмдөрүн эсепке алган жокмун. Анткени азыркы убакта СМС жазышкандардын саны аз го дейм. Ар бир оператор бул кызматты мыкты көрсөтөт деп гана «плюс» коюу жетиштүү.
СтС жана КНС тууралуу сөз кылуунун да кереги жок, бардыгында бирдей схема – көрсөтүлгөн пакеттердин ичинде бардыгы кошулган, ал эми лимиттен сырткары тарификацияда жок. Ушуга байланыштуу бардыгыӊыздарга көрсөтүлгөн лимиттен чыкпоону сунуштайм.
Талкууну сиздердин комментарийлер менен улантсак. Байланыш кызматына акча үнөмдөө үчүн ким кандай куулукка барат?

Денис Бердаков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (45)
ere
2015-08-26 16:19:01
ар ким озунот ылайыктуусун которо берет акчаына карабай
0
kyrgyzka96
2015-08-26 22:03:47
Мен билайн дын лайт+ тарифин колдоном. Эртеменен жакшы анан кеч киргенде катып баштайт. Безлимит одноклассники деген кызматын да колдонгом жакшы болчу калашынча кино коросун. Бирок единица коп алып койчу
0
dastan_nookat
2015-08-26 22:57:14
Мен ''МегаКом'' компаниясын тандайм себеби мага ынгайлуу кунуно жыйырма сомдон алып турат чектоосуз ылдамдыгы эн жакшы ''МегаКом'' алга! алга!
+1
Holerik10
2015-08-27 00:24:23
Мегаком жакшы телефон колдонгондон бери мегаком котором. Бирдигин жоголсо оператор тыйынынан бери эсептеп берет,билайн алып кое берет сурасан ана-мына деп кутулат. Мегакомдун интернети дагы жакшы иштейт,ишеничтуу дагы.
0
mister.ailasyz
2015-08-27 14:28:33
Бизде интернет өтө эле кымбат, О!,билайн, мегаком айырмасы жок кымбат.
билайнда лайь+ кызматын колдонуп күнүнө жөн эле 20 берип аттым, Бишкектин өзүндө интернети иштебейт аман эле болсун дейсин аргасыздан, Мегаком өтө тормуз операторлору чалсаң эң тез алганда 10,11 минутта алат суроо берсен жооп бере алышпайт арыз калтырыныз дейт, арыз калтырсан деле жыйынтык жок. Интернетинен 2011 жылы,эле түнүлгөм ошодон бери мегаком колдонбойм.
О! Ушу оператордун кемчилиги интернет кызматы кымбат,
-3
mister.ailasyz
2015-08-27 14:35:21
Интернет лимитсиз кылсан кунуно 100 мегабайт интернеттен ашканда кийин 64 кбит түшүрүп салат, кино кормок турсун суперге зорго киресин.
Баардык операторлордо бир айга 990 сом интернет үчүн оной акча эмес.
Казакстанда ТЕЛЕ2 деген оператор бар,бир айга 220 сом алат, 5 гига интернет, 90 минута башка операторлорго, ТЕЛЕ2 чексиз сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн берет, интернети эч токтоосуз иштейт катыбайтда жыргалда кыскасы. Бизде 3 эсе кымбат анан калса кызмат көрсөтүүсү сапатсыз.
0
azhibaeva.2012
2015-08-28 05:06:33
Мен Ошко келгенде Билайн колдондум эле интернетке жакпады эч нерсе ачалбайт экенсин. Аны очуруп мегакомго кошулдум интернетке жакшы баардык нерсенди корсон болот. Билайн менен толька звонок кылып суйлошом
0
elmira_kurmanalieva
2015-08-27 16:56:21
эн баарынан О жакшы ,1 айга 1600 саласын модемге кунуно 2 гб берет,кунуно элестетсенер 2 гб берет ,башка мега билайындар айына 2 гб берип коюп эле чексиз интернет деп коюшат анын 2 кундо тугонуп калат .О го кошулгула
0
nurkojo
2015-08-27 23:04:14
Эгерде смартфон дуос болсо бир симканы өчүрүп анан интернет колдонгула... Мегаком " Элдик " тарифи жакшы.... Аппаратыңарда жакшы болсун туугандар 2 симкалар кыйналат инетке ошого өчүрүү керек бирин....
0
kyla490
2015-08-29 11:07:02
мен билайн компаниясын аферист катары кором.Кичине ката кетирдин бирдигинди шимирип кетет
0
Alkash-kyz
2015-08-29 23:41:55
Мен башта нокиа 206 үлгүсүндөгү телефон көтөрүп жүргөнүмдө Билайндын "Фристайл 4.0"тарифтик планын колдончумун.Кийин смартфон алган соң,ал тариф мен үчүн болбой калды.Билайнда бир ай колдонгон пакеттер,1 саатка жетпей жок болду андроид телефондон.Смартфон үчүн О! операторунданы "Переходи на О!"ТфО сын сунуштайм.Интернет үчүн,түйүн ичинде,түйүндөн сырткары дагы акысыз чалуулар,смс,интернет,айтор,сонун тариф.Интернеттин ылдамдыгы да жогору.А МегаКомдун "Элдик"тарифиндеги 0 сом деген болбогон нерсе
0
kg_egizder
2015-08-30 01:46:09
ар ким озуно жакканыны мактаптыр эми кандай жыйынтык чфгаар экен, кайсы оператор 1,чини алат болдукен
0
friendwipkg
2015-08-31 04:06:37
Билайн безлимит жакшы болчу, бирок жакында шарттарын өзгөртүп салышты акмактар.
0
Eldin_demi
2015-12-01 05:52:59
Эн ынгайлуу элдик тарифи мага абдан ынгайлуу жана чонтоко да анча кыйын эмес. Мага мегаком абдан жагат.
0
Eldin_demi
2015-12-01 05:58:41
Мага мегаком ынгайлуу
0
asy777
2016-01-08 02:33:42
Билайн,о! ХХХ ХХХ ХХХ Кыргызстандыкы баардык акча калат
0
admin_superstan
2016-01-08 09:45:33
asy777,
Эскертүү! Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
0
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан