ЮРИЙ БОБКОВ менен ЖАНЕТА эмне дешет?

Жылдыздар турмушунан

Эсиңизде болсо, өткөн санда “Жанета калп айтабы же “Супер-Инфобу?” деген аталышта макала жарыялаганбыз. Ал материалдан “Жанета атын таанытуу үчүн баарына даярбы?” деп биринчи бетке анонс берген элек. Албетте, ал суроо макаланын өзүндө кенен чечмеленип берилген.
Гезит чыккан күнү эртең менен Юрий Бобков келини Жанетаны, уулу Денисти ээрчитип редакциябызга келди. Кыргызга таанымал, Эл артисти наамынын ээси Юрий Бобковду, албетте, сыйлайбыз. Эл артисти бул – элдик адам. Кырк жылдык өмүрүн элге арнап келе жаткан Эл артисти: “Мен жаңжалды жактырбаган адаммын. Бирок үй-бүлөм тууралуу кеп болсо, унчукпай коё албайм. Силер кызыксыңар, «Жанета өзүн таанытуу үчүн...» деп. Биринчиден, ал он жылдан берки үзүрлүү эмгегинин натыйжасында эл аралык сынактардын эки жолку жеңүүчүсү болду. Анан ким тааныбасын? Экинчиден, «баарына даярбы?» дегениңер менин үй-бүлөмө чоң шек келтирди. Жанетанын талантын мен гана эмес, профессионал ырчылар да баалашат. Ушундай таланттуу ырчы Испанияда кыргыздын желегин желбиретип келсе, силер шек санайсыңар. Менин оюмча, шоу-бизнес менен иштеген гезит кыргыз эстрадасына көмөк көрсөтүүсү зарыл”,- деп күйүп-бышты.
Бир эмес, бир нече ирет редакцияга келип, тынчсызданган Юрий байкенин үй-бүлө дегенде үстөмөндөн түшөрүн байкадык.
Биз макалабызда “Жанета Испаниядан биринчиликти алып келгени калп” деп айткан эмеспиз. Эл ичиндеги ар кандай кептерден улам дүйнөлүк интернет булактарынан “Bon Voyage” – Эл аралык сынагы, Жанета Бобкова деп суроо салып, жергиликтүү сайттардан тышкары жооп ала албадык» деп жазганбыз. Ырчыга дал ушул шектенүү катуу тийиптир. Ырчы Испанияга кайрадан суроо салып тастыктамакчы болгон, анан “аныктамасы бир жумадан кийин келет экен” деди. Бирок Жанета бизге сынактан алган дипломун көрсөттү. Эмнеси болсо да, ортодогу түшүнбөстүктөрдүн баары артта калды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
almazikKG
2010-01-19 14:21:27
Шамаал болбосо чоптун башы кыймылдабайт да !!!
экоондо тен куноо бар !!1
0
Jeka
2010-01-19 16:27:54
Кимдики туура?

"Супер-инфону" күзгү десек, Жанета - маалымат булагы. Күзгүдө эмне күнөө. Салыштырып көрөлү:
1) ...Жанета “жакында эле курдук” деп заңгыраган эки кабаттуу үйүнө чакырган. Ал гана эмес, жыгачтан оюлган тепкичин “Денис өз колу менен жасады” деп таң калтырган.
Факт: Жанета айым: “Ал үй меники эмес экени чын. Гезитке чыгат дегенинен, туугандардыкын
0
Jeka
2010-01-19 16:44:34
2) "Bon Voyage"–эл аралык сынак эмес эле, таланттуу жаш балдардын эл аралык фестивалы экен.
0
Jeka
2010-01-19 16:46:20
3) Сынак - бул мелдеш, б.а. жеңүүчү аныкталат, ал эми фестиваль - майрам, жеңүүчү деген түшүнүк болбойт. Баары "катышты" деген диплом алат.
0
newman
2010-01-20 13:56:54
Доктор Суперди айтып атпаймынбы менин комен. окусан. Сотто буларды жене албайсын, себеп: туз далил жок. Бирок элге Жанета туура эмес кылды деген маанидеги тушунук макала чыккандан кийин эле тарап кеткен.
0
moi lev
2010-01-20 19:19:28
Мен да кызыгып жанагы сынакты интернеттен издеп кордум. Жалан эле детско-юношеский фестиваль деп чыгып жатат го. "Суперге" деле Жанета айым далилдеп, документин корсото албаган окшойт. Эгер тирешуулору дагы узарып, соттошууга барса, сотто деле биринчи орунду алгандыгын далилдеп бериши керек болот, менимче. Ошондо Жанета кантер экен?
0
Айзиля
2010-01-21 13:07:54
Журналист ошонусу менен журналист да.
А Жанетта жок нерсени жок деп эле айтпайбы, элди алдап кандай пайда тапты?
0
abuk
2010-01-22 19:19:58
it uro beret,kerben juro beret. koigulachy baaryngar kyiyn bolup ketkensinger go tim ele festival dep internetten izdep. emne koldo otkorulup jatkan ar kandai festivaldar (cholpon jyldyz dagy bashkalar) synak emespi, alar dele festival dep atalyshyp orundardy beriship japaiby. maga janetanyn ispaniyaga baryp festival bol
0
abuk
2010-01-22 19:27:21
emne bolso dagy kyrgyzstandy elge taanytty. ozubuz chukup anan tolko negativti taap otursak kyrgyzstan degen olkobuz erteng ele je kytai, je rossiya je amerika alyp alat. jakshylygybyzdy ech kachan koldop kotoro albaibyz, kykender!!!!!!!
AMERIKADAN SALAM
0
ongaku
2010-01-23 20:25:53
aizilya jana bashka pro-jurnalistter,

bul super-info jazgan makalasy jurnalistikanyn etiketinen chygyp ketken. alyp karasak, jurnalistter kop chyndyk, kop kalp, kop intrigalardy bilishet, oshonun baaryn biz jurnalistbiz, bizde achyk soz bolush kerek dep jaza berishse emne bolup ketet? jashoodo kop achuu, tatuu chyndyk-kalptar,show-korunushtor bar, bir dagy populyarduu, taanymal osgocho chygarmachyl adam taza ichki duinosu korsotpoit, el menen bolushpoit, sebebi alardyn elge bolgon
0
ongaku
2010-01-23 20:31:25
Урматтуу форумчу, "Супер-Инфого" кенеш, пикир, сунуш, сындар учун атайы тема бар.
0
Нууман
2010-01-24 18:35:33
ongaku туура айтасын. Супер инфо ongaku шектенип атса керек. Катуу тийген жокбу?
0
Айзиля
2010-01-26 09:37:49
Нервинерди коротпой эле койгула, нам какая разница? :)
0
bayash
2010-05-11 13:37:08
Жанетта, Юрий Бапковдун келини болбогондо,анын аты чыкмак эмес,мен Жанеттанын унун баалабайм,жанагы 18 жаш деп ырдаган ырында таптакыр уну окшобой калган,ырдын автаритетин кетирип ырдабай эле койбойбу!
0
bayash
2010-05-11 13:39:47
Азыр акчан болсо казанда шорпо дейт,балким акчага эле сатып алгандыр,муну ким билип олтуруптур!!!
0
№ 376, 15-21-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан