МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ…

(Башталышы өткөн сандарда)

 «Үмүтүм ушунда эмес беле, эми эмне кылам? Аделге эмне дейм?»
Эчен жылдан бери мынчалык кыйналган эмес эле, санаадан саргара түштү. Эч нерсеге көӊүлү келбей, кечке шаарда каӊгып басып жүрдү да, кечке маал үйгө келди. Ушул короо жай, чарбактагы гүлдөрдүн баары анын сырын билип алгансып кыжырданып жатты.
Айкөл жаӊы чыккан бүлдүркөндү ала келип чарпаяда Адел экөө жеп отурушкан эле. Каары көзүнө төгүлүп кирип келген Карыпбекти көргөндө экөө теӊ ордунан тура калышты.
– Кандайсыз, тынччылыкпы, таяке?
– Жакшы, силер эмне кылып жатасыӊар?
– Бүлдүркөн жаӊы чыгыптыр, ошону...
– Эмне, андан башка эрмегиӊер жокпу?!- кекерлеген Карыпбектин сөзүн түшүнбөй, экөө теӊ бири-бирин карап туруп калышты.
– Чарчадыӊызбы?- деди Адел акырын гана. Жини келип өпкөсү көөп, бирдин ичинен чыга тургандай болуп жаткан Карыпбекти эсине келтирген ушул назик үн болду. Өзү да
байкабай жоошуй калды.
– Чарчадым,- деди ал күӊк эте. Тигилерди күнөөсүз урушканына өзү уялгандай терс бурула басып кетти. «Кечиргиле мени» деди ичинен. Өз бөлмөсүнө кирип галстугун чечип бир жакка, костюмун чечип бир жакка ыргытып жиберди. «Эмне кылуу керек? Өзү жаш, сулуу болсо, же ортобузда кармап турган балабыз болбосо канчага кармалат? Эмне менен кармап калам? Байлыкка кармала турган жан эмес». Көкүрөгүндө Адел аны таптакыр сүйбөсүн, жөн гана ыраазычылык үчүн жашап жүргөнүн билчү. Коркунуч жүрөгүн каптап алды.

ххх

Кереметтүү жаздын күндөрүнүн биринде Тимур таӊ ата көзүн ачты. Жумушка бара турган убактысы болуп калган экен, сергек туруп кетти да, душка түшүп, сакал-мурутун алып, тизилип турган көйнөктөрүн тандап, ага карата галстук карап жатты. Жигит өзүнө-өзү ыраазы. Өзү да жаш, келбеттүү, сулуу эле. Ишенген беделдүү жерде иштеген ата-энеси, өзүнүн иши, далай кыздын жүрөгүн күйгүзгөн келбети, айтор, жаш жигитке эмне керек болсо, ошонун баары Тимурда бар эле. Эшиктен кирип келген апасы анын даярданып жатканын көрүп ичи элжирей түштү.
– Тима, бүгүн эрте келе аласыӊбы? Атаӊ экөөбүз бир кызыктуу адамды конокко чакырганбыз. Сен да аны менен таанышып алсаӊ зыяны тийбейт.
– Ким экен ал?
– Карыпбек Абышевич.
– Болуптур, апакеси, сиз айткандай болот,- деди Тимур кайдигер гана. Өз оюнда болсо бүгүн түндү кайсы кыз менен өткөрсөм деп турду.
Тимур үчүн аялдардын сулуулугу өзгөчө мааниге ээ эле. Ал эч качан алардын ички дүйнөсүнө маани берчү эмес, жылтырак өӊ болсо эле артынан ээрчип кетчү. Анан да өзүн ээрчип көз жаш төккөн кыздарга кайдигер эле. Өзү тереӊ сүйө албаган жеӊил жан башкалардын да сезимин жеӊил кабыл алчу. Ушундай жеӊил жашоо, ийгилик аны өмүр бою кошточудай жашар эле. Атасынын аркасы менен Ак үйдө иштеп, жаш саясатчы аталып жүргөн бул жигитте дымак да, өзүнө өтө ишенимдүүлүк, текеберлик да бар эле. Тагдыр, кокустук деген кызык тура. Ошол күнү Тимур апасынын сөзүн эстен чыгарып, адатынча түнкү клубга достору менен жолугууга бара жаткан эле. Телефонун караса апасы бир нече жолу чалган экен. Адатта көӊүл деле бурбай койчу жаны бул жолу эмнегедир үйүн көздөй жөнөдү. Машинесин токтотуп үйгө бет ала турган болгондо короодо жалгыз турган аялзатынын караанын көрүп калды. Тимурга далысын салып турган келин өзүн бирөө карап турганын байкабады. Үстүндө жөнөкөй көйнөк, узун чачын жарашыктуу өрүп койгон, тал чыбыктай сымбаттуу Адел Тимурдун көзүнө асмандан түшкөн периштедей көрүндү. Келиндин турган турушунда сөз менен айтып бере алгыс сулуулук, назиктик бар эле.
– Сен кайдан чыга калдыӊ, периштем?- деди ал Аделдин желкесине келип акырын шыбырай. Адел коркуп кетип жалт бурула берди. Келинден өзгөчө жыпар жыт уруп, Тимурду ого бетер мас кылып жиберди.
– Ай!- деп чочуп кеткен Адел боюн жыйганга үлгүрбөй кеӊ далылуу жигиттин кучагына кулай берди. Көз ирмемдик гана убакыт... Экөө теӊ ток ургандай селт эте биринен
бири алыстай берип тиктешип калышты. Адел алдында турган келишимдүү, жайдары жылмайган жигитке тигилди. «Бир дагы боёк жок табигый сулуулук» деп суктанып
алды Тимур.
– Атыӊ ким, сулуу кыз?
Адел апкаарып кетти, үн ката албай үйдү көздөй тез-тез басып жөнөдү. Жүрөгү атып кетчүдөй түрсүлдөп жатты.
Кирип келгенде эле:
– Сага эмне болду? Коркуп кеттиӊби?- деген күйөөсүнүн суроосуна да жооп бере албады. Башын чайкай өз ордуна отурду.
Тимур бир топтон кийин коноктордун үстүнө кирди. Өздөрү да байкабай, Адел экөөнүн көздөрү чагылыша түштү.
– Кел, балам, мынча эмне кеч?- деди Тимурдун атасы. – Таанышып ал, бул Карыпбек Абышевич. Юристтердин дөө-шаасы деп койсок болот,- деди тамашалай. – Бул болсо менин жалгыз уулум Тимур. Кесиби боюнча юрист, бирок саясатка кызыгып алып, анын казанында кайнайм деп жүрөт. Эптеп ушул иниӊе көз кырыӊды салып, тажрыйбаӊдан бөлүшүп жөлөп-таяп жүрсөӊ, Каке...
– Саламатсыздар?- Тимур күлүмсүрөй Карыпбек менен кол алышты. Карыпбек да аны жылуу тиктеп турду. «Мына, мени менен теӊдердин балдары минтип бой жетип, ата
энесине жөлөк-тирек болуп калды. А меникичи, мен эми чындап эле баласыз өтөмбү?»
деп эски жараты тызылдап кетти.
– Сиздин ишиӊизге элдин баары суктанып жүрөт. Сиз киришкен иш акыры жакшы болбой койбойт дешет. Сиз менен көптөн бери таанышсамбы деп жүргөм, Карыпбек байке. А бул сулуу сиздин кызыӊыз болсо керек?- деди Тимур Карыпбекке кайрылып жатканы менен, дагы деле Аделден карегин тарта албай.
Дасторкондо отургандардын баары оӊтойсуз боло түшүштү.
– Жок, Тимур, жаӊылышасыӊ, бул менин өмүрлүк жарым,- деди Карыпбек салмактуу. Тимур кызарып кетти.
– Кечиресиздер, мен билген эмесмин.
– Балам, колуӊду жууп келип биз менен отур,- деп жиберди апасы абалды оӊдомокко. Тимур шарт сыртка чыгып кетти. Тамекиден дембе-дем тартып, колдорун майда калтырак басып кеткенин байкады. Көз алдына дагы деле гүл бурак келин тартыла берди.

ххх

Карыпбек үйүнө келгенде өӊү керсары тартып турган Аделди байкап, үстүнө үйрүлө калды.
– Эмне болду, суук өтүп калдыбы?
– Жок, баары жайында. Бир аз сыртка чыгып дем алып келейин,- деген келин күйөөсүнүн кучагынан чыкканча шашты. Сыртка чыгып көкүрөгүн кере дем алып эс ала түшкөндөй болду. Белгисиз бир оору көкүрөгүн мыжыгып үч бүктөлө түштү. Жана кеӊ далылуу жигиттин кучагына жыгылганына бушайман. Андан да жаманы – ал
Карыпбектин кызы деп ойлоп алганына эки эсе ыза болуп жатты.
– Мен анын аялымын!- деди өзүнө-өзү эскертип жаткандай. Бирок жүрөгү бул чечимге таптакыр макул эместей азоо тайдай туйлап жатты. Адел Тимурду көргөндөн бери кызыктай абалда. Карыпбек болсо жаш аялынын бул өзгөрүүсүн байкаган жок...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Baby_kg
2015-08-24 09:35:10
Timur Adeldi suiup kaldyy:)
0
nurperi-kantemir
2015-08-24 10:24:20
Менин оюмча Аделда Тимурду жактырып калат окшойт аягында баш кошушпаса эле
0
KENEWBEK88
2015-08-24 10:58:33
Бул китепти сатуудан тапса боло бекен Админ?
+3
admin_media
2015-08-24 14:17:20
KENEWBEK88, саламатсызбы!
Жок, тилекке каршы, китеп чыга элек.
0
AsmanNuru
2015-08-24 22:32:25
Адел Айкол менен эле болсунчууу...
+2
asi_azis9291
2015-08-25 07:24:29
Дагы бир жума!
0
saipi
2015-09-01 18:55:02
Adel mn Timur uilonup kalywsa eken
0
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан