ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (24-августтан 30-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын биринчи жарымында каржылык жааттагы иштерди ийгилик коштойт. Жумушта өз милдетиӊизди мыкты аткарып, үйдү да иреттөөгө жетишесиз. Жаман адаттардан жана ашыкча салмактан кутулууга аракет кылсаӊыз, ыӊгайы келип турат. Аптанын экинчи жарымында жакындарыӊыз сиздин дарегиӊизге сын айтуулары мүмкүн. Келечегиӊизге таасир этчү окуя аптанын акырында болуп өтөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башында жеке мамилелер жөнгө салынат. Узактан бери сүйлөшүп жүргөн кыз-жигиттер баш байлоого чечим чыгарышат. Аптанын экинчи жарымында ден соолугуӊузга кам көрүүӊүз керектелет. Жеген тамак-ашыӊыздын сапатына көӊүл буруӊуз. Ошондой эле үйдү оӊдоп-түзөө иштерин баштабай туруӊуз. Үй-мүлкүӊүзгө зыян келтирип алууӊуз ыктымал.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дүйшөмбү жана шейшембиде акча маселелерин чечүүгө киришсеӊиз жакшы майнап чыгарасыз. Үй-бүлөдө да маанилүү делген иштерди талкуулап алыӊыздар. Сиздин демилгеӊизди жакындарыӊыз колдоорун бөркүӊүздөй көрүӊүз. Бейшембиде жакын тааныштар менен тил табышуу кыйынга турат. Эски таарынычтар козголуп, сөз көбөйүшү мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын биринчи жарымында кыска мөөнөткө созулган иш сапарга чыгып, жаӊы тааныштарды табасыз. Алардан өзүӊүзгө пайдалуу көп нерселерди ала аласыз. Шаар кыдыртуу сунушун киргизишсе макул болуӊуз. Аптанын экинчи жарымында акча чыгымынын көбөйүшүнө байланыштуу үйдө чыр чыгышы ыктымал. Чыр тереӊдебеши үчүн ашыкча сөздөн качыӊыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Тажрыйбаӊызга жана керектүү адамдардын кеӊешине таянсаӊыз, көптөгөн маселелерди чечүүгө жетише аласыз. Үйгө жана өзүӊүзгө керектүүлөрдү сатып алууну пландаган болсоӊуз ишке киришиӊиз, ыӊгайы келип турат. Жума күнү туугандарга баш багып, алардын сизге болгон мамилесине жиниӊиз келиши ыктымал. Апта акырында жекече калып эс алуу тилегиӊиз ишке ашат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта оптимисттик маанайда өтөт. Өзүӊүздү ар тараптан көрсөтүүгө жетишип, жакшы жыйынтыктарга ээ болууга мүмкүнчүлүгүӊүз бар. Андыктан жаӊы пландарды түзүп, демилгелерди көтөрүӊүз. Таасирдүү адам менен таанышып, ал жаӊы баштаган ишиӊизге колдоо көрсөтөт. Алыскы тааныштардан кабар келүүсү мүмкүн. Бойдоктордун мамилелери жаӊы тепкичке көтөрүлөт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жылдыздар аптада өзүӊүздү токтоо жана ызы-чуусуз алып жүрүүгө кеӊеш беришет. Чечүүнү талап кылган маселени ойлонуп чечпесеӊиз, жыйынтыгында көп чыгымга дуушар болуп калышыӊыз ыктымал. Бир түрдүү жашоо тажатса, эмгек өргүүсүнө чыгып эс алыӊыз, ден соолугуӊузду чыӊдаӊыз. Достор чакан кечеге катышып, чогуу эс алууну сунушташат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жашоого өзгөчөлүк киргизүүгө, жаӊы сезимдерге кабылууга умтулуу күчөйт. Балким, активдүү эс алууга киришесиз, саякатка чыгасыз. Бирок кыска аралыкка созулуучу сүйүү романдарынан качыӊыз. Жакындарыӊыздын бири жакшы кабары менен кубантат. Сизди коомдук иш-чара өткөрүүгө салым кошууга үндөшөт. Өнөкөт оорулар козголбошу үчүн ичкиликтен баш тартыӊыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жашоодо олуттуу максатыӊыз болсо, аны жүзөгө ашырууга бардык күч-аракетиӊизди жумшооӊуз кажет. Тааныштарды, таасирдүү адамдарды колдонуӊуз. Жаӊы кызматка илешүүгө да мүмкүнчүлүк чыгат. Бейшембиде балдардын биринин маселеси менен алаксууӊуз ыктымал. Ишембиде конокторду күтүп, белектүү да болосуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сиз үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн жаӊы ийгиликтүү тилкеси башталат. Ошондой эле билимди тереӊдетүү үчүн курстарга катышууга да ыӊгайлуу убак. Юридикалык маселелер оӊ тарапка чечилмекчи. Интернет аркылуу сүйүүсүн тапкандар кездешүүнү пландашат. Жылдыздар аптада үйүӊүздү уурулардан сактоо керектигин эскертишет. Жолдо калбоо үчүн барган жерден эрте кайтуу кажет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Кооптуу кадамдарга барууга бел байлап турган чагыӊыз. Кам санабаӊыз, кыйынчылыктарда да суудан кургак чыгып кете аласыз. Чөнтөгүӊүзгө акчалар келип түшүп, аны муктаждыгыӊыз үчүн кенен жумшайсыз. Сүйүктүүӊүздүн сиз билбеген жаман жактары маалым болуп, буга бир топ нерв коротууӊуз ыктымал. Сизге үй тиричилик буюмдарын оӊдотуу маселеси жүктөлөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта үйлөнүү тууралуу сунуш киргизүүгө, той өткөрүүгө, гардероб жаӊыртууга абдан ыӊгайлуу. Соода жаатында иштегендер шериктери менен оӊой тил табышып, бир топ кирешеге туйтунушат. Жылдыздар бөөдө жаман сөз угуп калбоо үчүн бирөөлөрдүн жеке турмушуна аралашпоо керек дешет. Апта аягында тегерек-четти тазалоодон тышкары аласа-береселерди такташасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан