УЛГАЮУ КОЛДОН БАШТАЛАТ

Адамдардын жаш курагын анын колу, моюну, көздүн тегереги айтып турат. Бул маселеде эркектер көп деле ойлонбойт, бирок айымдар депрессияга учурашы мүмкүн. Колго кантип кам көрүү тууралуу «Viva Profi» медициналык борборунун косметологу Айнура Уезбаева кеӊеш берет.

ЖАШ КУРАК
Баланы (уул-кыз айырмасы жок) эс тарткандан баштап күнүгө колуна крем сүйкөгөнгө көндүрүү керек. Жаш кезинен кам көрүлгөн колдордун териси назик, жумшак келип, так да түшпөйт.

ТАК
Колдогу так көбүнчө ички органдардын жабыркашынан пайда болот. Ооруканага барып текшерилсеӊиз, врач кайсы орган ооруп жатканына жараша дары-дармек жазып берет. Андан сырткары күндүн түз тийген нурунан, колдун катуу үшүп калуусунан улам да так түшөт.

МУЗДАК-ЫСЫК АБА
Аба ырайы суук мезгилде, айрыкча кышкысын колго сөзсүз пахтадан же болбосо булгаарыдан тигилген мээлей кийиӊиз. Муздак аба кан тамырларды ичкертип, натыйжада кан айлануу, зат алмашуу жакшы жүрбөй калат. Теринин кургап, кесилишине жеткирет.
Күндүн ультрафиолет нурлары да териге терс таасир бергендиктен, жай мезгилинде колго күндөн коргоочу крем сүйкөгөндү унутпаӊыз.

СУУ
Колду аябай муздак же ысык сууга салсаӊыз тери кургап, түлөй берет. Андыктан идиш-аякты, кирди жылуу суу менен жууганга аракет кылуу абзел. Чоӊ ишкана-мекемелердин полун жууп иштегендердин колдору бат карыйт. Анткени алар сууга курамында химикаттар бар (хлор жана башка) айна же башка тазалагыч заттарды кошушат. Химикаттар терини «жеп» салат. Кадимки резина мээлей кийгени менен, баары бир ичине суу кирип кетет. Суу кирбеши үчүн чыканактан өйдө келген резина мээлей, анын ичинен пахтадан тигилген мээлей кийсе жакшы.

УКАЛОО
Бош учуруӊузда каалагандай ыкма менен колду укалай бериӊиз. Укалоо кан айланууну жакшыртат.

СКРАБ
Колуӊузду аптасына 1-2 жолу атайын кол үчүн чыгарылган пилинг-скраб менен жууп туруӊуз.

САМЫН
Катуу самынга караганда суюк самын колдонсоӊуз, териӊиз жумшак бойдон сакталат. Же болбосо жаш балдар үчүн чыгарылган катуу самынды пайдаланыӊыз.

ҮЙ ШАРТЫНДА

  • Кечинде жатарда зайтун майын (бул болбосо башка өсүмдүк майы) колго сүйкөп, анан пахтадан тигилген мээлей кийип алыӊыз.
  • 1 жумуртканын сарысына 1 аш кашык өсүмдүк майын, 1 чай кашык бал кошуп аралаштырып, колго тегиз сүйкөйбүз. Анан полиэтилен мээлей кийип (чач боёк менен кошо сатылат), сыртынан кол аарчы менен ороп коёбуз. 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен колду жууп салуу керек.
  • Колдогу тактарды кетирүү үчүн (толук кетирбесе да, тактарды кичирейтип, агартат): 50 грамм петрушканы 200 грамм кайнак сууга демдейбиз. Ал даяр болгуча 2 бадыраӊды сүргүчтөн өткөрүп, ага 20 мүнөт колду малып туруӊуз. Андан соӊ петрушканын суусу менен колуӊузду чайкап коюӊуз.
  • Күнүгө 3-4 маал лимондун же апельсиндин ширеси менен колдогу тактарды сүртүп туруӊуз.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Jumaida
2015-08-24 12:29:58
Беттеги такты кетируу учун да кенеш жазыныздарчы
0
admin_media
2015-08-24 14:47:07
Jumaida, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/allsearch/?search_term=беттеги+так&where_to_search=article&x=0&y=0
0
Serenada
2015-08-24 21:19:51
Менин жакындан бери бетим будурчолор чыга турган болду бул эмнеден?
0
Meka77
2015-08-24 23:46:49
Ухаживать этип журуу керек дегилечи.
-2
Ayka1994
2015-08-28 00:20:01
мен куткон маалымат экен рахмат супер инфо
0
88inara88
2015-08-28 01:30:29
Колунарга парафин кылып турсаныздар парафинда шумшак кылып,териге бырыш тушурбой колдун жарылганын алдын алат.Азыр бардык салондордо эле болсо керек парафин. болбосо озунор сатып алып уйдо жасасанарда болот.колунар аябай сонун болуп калат.
0
Erkatay1108
2015-08-28 02:02:30
кантип кочуруп алсам болот
0
Akkuumun
2015-08-30 13:44:13
Буттун кургашы эмне себептен болот,ушуну жазып кетесиздерби? Бутумдун таманы жазы же кышта аябай кургап,носки кийгенде бутумдун кургаган териси илинип ооруй берет
0
Lenin
2015-08-30 17:19:45
Колго ком коруу учун эн мыкты чечим бул жерден караныз: http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=85091&st=20
0
Lilia11
2015-10-06 21:36:36
Биз аялзаты эмнелелерди гана жасабайбыз. Колдун териси тулойт жарылат. Ошол учурда жатаар маалжа колду таза самынжап жууп гдицерип коюп алам.
0
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан