ЖАКШЫЛЫКТЫН ЖОЛДОРУ

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлиги менен Бишкек шаардык мэриясы жакында «Жолдор – көӊүл борборунда» деген аталышта бир айлык жарыялады. Ошону улап биз Кыргызстандын жашоосунда азыр эӊ орчундуу деп эсептелген жолдорго саякатка чыктык.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН
Кыргызстандагы жалпы автомобиль жолдорунун узундугу – 34 миӊ чакырым. Анын ичинен 19 миӊ чакырымы жалпы колдонуудагы жолго кирип, КРнын Транспорт жана байланыш министрлиги тарабынан тейленет.
Транспорт коридорун түзгөн эл аралык маанидеги жана аймактык негизги жолдун узундугу – 2242 чакырым. Мунун ичине Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт, Сарыташ-Карамык, Ош-Сарыташ-Эркечтам, Ош-Баткен-Исфана жана Талас-Тараз-Суусамыр жолдору кирет.

ОӉДОЛУП ЖАТКАН ЖОЛДОР
Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун узундугу «Торугарттан» «Кордой» чек ара пунктуна чейин – 539 чакырым. Бүгүнкү күндө бул жолдун 153 чакырымы оӊдолууда жана 2016-жылы толук бүтөт.
Ош-Баткен-Исфана автожолу – 360 чакырым. Ош-Баткен-Исфананы байланыштырып, өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бул жолду оӊдоого эл аралык финансы институттарынан 190 миллион АКШ доллары алынган. Бүгүнкү күндө жолдун 153 чакырымы оӊдолду. Калган 207 чакырым тилкесинде оӊдоо иштери уланып, 2018-жылы толук бүткөрүлөт.

ЖАӉЫДАН САЛЫНЫП ЖАТКАН ЖОЛ
Жалал-Абад-Казарман-Арал-Кочкор-Балыкчы түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун узундугу – 433 чакырым. Түштүктөн Тажикстан, түндүктөн Казакстан аркылуу Орусияга жол ачкан бул жолдун мааниси Евразиялык биримдикке киргенден кийин андан бетер артат.

Аргынбек Малабаев, КРнын транспорт жана байланыш министри:
– Жалпы суммасы 850 миллион АКШ долларын түзгөн бул долбоор Кыргызстандын Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясына киргени бекеринен эмес. Биринчиден, бул жол өлкөбүздүн аймактарынын карым-катнашын жакшыртууда эӊ маанилүү ролду ойнойт. Экинчиден, «Борбор Азия автомобиль жолдору» тилкесине кирип, автотранспорт коридорун түзөт. Ошондуктан президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча кыргыз өкмөтү 2013-жылы ведомстволор аралык комиссия түзүп, ал түндүк-түштүк альтернативдүү жолун үч фазада курууну кабыл алган. Жол салуу иштери 2014-жылы эрте жазда башталып, азыр 1-2-фазаларында иш жүрүп жатат. Жумушту кытайлык «ChinaRoad &BridgeCorporation» компаниясы аткарууда. Консультант катары «Кыргызжолунаадолбоор» долбоорлоо-изилдөө институту көзөмөл жүргүзүүдө. Башкы донорубуз Кытайдын «Экспорт-Импорт банкы».

Жамшитбек Калилов, «Кыргызжолунаадолбоор» долбоорлоо-изилдөө институтунун директору:
– Бул долбоорду түзүү бизге кыйынга турду. Себеби 80 чакырым тилкеде эч кандай из жок, аскага туш келгендиктен кызматкерлерибиздин арасынан кырсыкка кабылганы да болду.
Азыр биз долбоордун түзүүчүсү жана консультанты катары жолдун курулушуна тыкыр көз салып жатабыз. Бүгүнкү күндө 1-фазага кирген Жалал-Абад-Казарман, Кызыл-Жылдыз-Арал жолунун 80 пайызы бүтүп, 2-фазадагы Арал-Казарман участогунда иш жүрүп жатат.

Кубанычбек Ормонов, долбоордун туруктуу инженери:
– Долбоордун 1-фазасында Көк-Арт тоосун те­шип, 3 750 метр тоннель куруу каралган. Азыр ошого даярдоо иштери: тоннелдин оозундагы жерди тазалоо, жээгин арматура менен бекемдөө жүрүп жатат. Буюрса, бир-эки күндөн кийин тоону теше баштайбыз.
Бул тешкен тоонун артыкчылыгы: коопсуздук, жарык, аба алмаштыруучу жана суулардын агып чыгуу системасы курулган. Негизги тоннелдин жазылыгы 10 метр жана анын жанына 4 метр авариялык шартта пайдаланылчу кошумча тоннель курулат. 200 метр сайын бул экөөнү бириктирген өтмөктөр болот. Кокус негизги тоннелде өрт чыгып же башка авария болсо, ушул өтмөктөр аркылуу кошумча тоннелге эвакуация жасалат.

АЯГЫНА ЧЫККАН ДОЛБООРЛОР
2012-жылы узундугу 394 чакырым Ош-Сарыташ-Эркечтам жана Сарыташ-Карамык автожолу оӊдолгон. Бул жол «Жер ортолук деӊизи-Чыгыш Азия» коридоруна кирет.
Ош-Сарыташ-Эркечтам жолуна 170 миллион, ал эми Сарыташ-Карамыкка 48 миллион АКШ доллары сарпталган.
2015-жылы Ысык-Көл айланма жолуна кирген «Кубакы-Балыкчы» жол тилкеси оӊдолуп, пайдаланууга берилди.

Жоомарт Кожомкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан