«БИЗ ЖАРЫК САЯСАТТЫ ЖАЙЫЛТАБЫЗ»

«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын IV кезексиз съезди Бишкек шаарындагы Тарых музейинде өттү. Бул кокустук эмес. Анткени «Өнүгүү» кыймылы партия болуп түзүлгөндө дал ушул залда алгачкы съездге чогулуп, кыргыз элинин мыкты инсаны, көсөм элчиси, маркум Ишенбай Абдуразаковдун ак батасын алып, чоӊ саясатка аттанышкан. Кыргыздын жаӊы тарыхына «Жарык саясатты» алып келе жаткан «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын съездине аймактардан келген 250дөн ашык делегаттардын жаркын маанайы, жарык жүздөрүнөн улам залдын ичи жарык болуп, жыйын жагымдуу маанайда өттү.

Съезддин күн тартибине үч маселе коюлду:

1. «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын платформасынын программасын бекитүү;
2. Саясий курамдын мүчөлөрүн толуктоо;
3. 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышуучу талапкерлердин тизмесин аныктап бекитүү.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы үч жылдан бери ири долбоорлорду ишке ашыруу менен элге таанылган партияга айланды. Анткени партиянын ишмердиги ар бир кыргызстандыктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Үч жыл аралыгында республика боюнча 162 долбоорду ишке ашыруу менен миӊдеген адамдарга реалдуу жардам жасалды. «Жүрөгүӊдү сакта!» долбоору алгач жүрөк кан тамыр ооруларын кароо менен башталып, кийинчерээк гинеколог, терапевт, педиатр врачтарынан турган «Өнүгүү» медициналык көчмө тобуна айланган. Бул текшерүүнүн алкагында 35 000 жаран медициналык кароодон өтүп, оор абалдагы 11 жарандын жүрөгүнө операция жасалып, алардын өмүрү сакталып калды. МТС ачуу аркылуу ар бир дыйканга түздөн-түз жардам көрсөтүлүп, өлкөнүн бардык аймагына 15 МТС ачууга жетишкен. Анын алкагында 40 миӊ дыйканга 20-30 пайызга арзан баада кызмат көрсөтүлгөн. Бишкек шаарындагы караӊгылыкты жоюп, элдин коопсуздугу үчүн башталган «Жарык шаар» долбоору эми бул аймактан чыгып, бүтүндөй өлкөнүн шаарларына тарап, «Жарык өлкө» долбооруна айланып кетти. Бул съездде доклад менен чыгып сүйлөгөн «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев кыргыз саясатындагы караӊгылыкты айдап чыгып, «Жарык саясат» идеологиясын жайылтууну айтып чыкты.

Бакыт Төрөбаев, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы:
– «Жердин касиети, суунун баркы, элдин эрки» – ушул үч түркүк мамлекетибизди болк эттирбей кармап турган түпкү негиз болот. Биз жашоо-турмушубуздун бардык жактарын жаӊылоого багытталган жаӊыча «Жарык саясатты» кабыл алдык. Биздин максат – Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүү жана туруктуу өнүгө турган экономикасын калыптандыруу. Ар бир кыргызстандыктын татыктуу жашоосуна жетишүү. Ал үчүн ак ниеттүүлүк, адилеттүүлүк жана адал мээнет менен элге кызмат кылабыз.
«Өнүгүү-Прогресс» партиясы чоочун бирөөлөрдүн ийгилигин өзүнө энчилебестен, өнүгүүгө бет алган үч негизги багыттарына кеӊири токтолду. Ошондой эле жасаган иштери аркылуу элдин алдына жарык жүзү менен шайлоого аттанар алдында аларды делегаттардын баамдоосуна коюшту.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын мүчөсү Нурлан Набиев минтип айтты:
– Биз өнүгүүгө үч негизги багытты тандап алдык. Жердин касиети. Экономиканын агроөнөржай тармагын өнүктүрүү. Кыргызстандын кен байлыктарын пайдаланууга элдик көзөмөл. Суунун баркы. Суу – улуттун байлыгы. Экологияны сактоо жана өлкөнүн жер байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу. Элдин эрки. Укук коргоо жана сот системасын өркүндөтүү. Заманбап, кесипкөй армия түзүү аркылуу өлкөнүн коргонуу жөндөмүн бекемдөө. Калктын бардык катмарларын социалдык жактан коргоону камсыз кылуу.
Өнүгүүгө карай багытталган жаӊы платформанын программасы делегаттар тарабынан бир добуштан кабыл алынып, колдоо тапты. Андан соӊ «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын саясий кеӊешинин курамы жаӊы мүчөлөр менен толукталды.
«Өнүгүү-Прогресс» партиясы 2015-жылдагы парламенттик шайлоого кайсы талапкерлер менен аттанарын съездде жарыялады. Партия шайлоо кодексине ылайык 181 талапкерди тизмеде көрсөтүп, анда аялдар, улуттар азчылыгы жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер боюнча квоталарды сактоо менен делегаттарга жашыруун добуш берүүгө койду. Делегаттар көп болгондуктан добуш берүү процесси бир сааттан ашык созулуп, алдыдагы талапкерлер аныкталды. Ошентип саясий атаандашуунун башына Бакыт Төрөбаев чыгып, экинчи орунга жаш ишкер, Нарындын кулуну Алтынбек Жунус турса, үчүнчү сапка Исхак Масалиев кирди. «Өнүгүүнүн» тизмесинде жаш ишкерлер, кыргыздын патриот уул-кыздары көп.
Ошентип «Өнүгүү-Прогресс» партиясы парламенттик шайлоого жаштардын жаӊы дем-күчү менен жарык саясатты жайылтууга бет алды.

Мирлан Өмүралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан