ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ИНТЕРНЕТ ААЛАМЫНДА
Скриншот же скрин
(screenshot) – англис тилинен «экранды сүрөткө тартуу» деп которулат. Бул түшүнүк экрандын бетин сүрөткө тартып алуу же иш кагаздын бетин мониторго чагылдыруу дегенди түшүндүрөт. Мобилдик телефон же компьютерден скрин кылып тартылып алынган сүрөт монитор бетиндеги сүрөттү дал өзүндөй кылып көрсөтөт. Скриншот «негизги эмес» маалымат сактоочу катары саналып, иш учурунда убакытты тактоодо, интернет сайтын жасоодо кереги тиет. Мындай сүрөттү тартып алуу үчүн мобилдик телефондорго жана компьютерлерге атайын программалар киргизилген.

КООМДО
Краудфандинг
rowd funding) – интернет айдыӊында эл жыйнаган каражат. Акча чогултуу ар түрдүү максатта болушу мүмкүн. Мисалга алсак, тилсиз жоонун курмандыктарына жардам берүү, саясий максатта, күйөрмандардын колдоосу же болбосо жаш ишкерлерге каражат жагынан көмөктөшүү жана башка. Краудфандингде интернет колдонуучуларга алгач акча чогултуунун максаты жана ага керектелүүчү каражаттын суммасы айтылып, анын ишке ашырылуусу катышуучулардын бардыгына ачык-айкын жүргүзүлүшү керек. Учурда краудфандинг АКШда кулач жайып, кичи ишканалардын акциясын интернет аркылуу сатуу популярдуу болууда. 2008-жылдагы АКШнын президенттик шайлоо учурунда Барак Обама шайлоого керектөөсү үчүн 2 миллион калктан 282 миллион доллар чогултушу дүйнөдөгү эӊ белгилүү краудфандинг катары эсептелинет.

МОДА ДҮЙНӨСҮНДӨ
Маст-хэв же маст-хав
(must-have) – мода дүйнөсүндөгү учурдагы «хит» же эӊ популярдуу болуп турган нерсе. Англис тилинен түзмө-түз которсок «болуусу керек» деген маанини берет. Бул түшүнүктү кийимдерге, бут кийимге, аксессуарларга, косметикаларга, кыскасы, модага тиешелүү нерсенин баарына карата колдонула берет. Маст-хэв моданы кубалаган адамга бүгүн же эртеӊ керек болгон нерсе. Ар бир сезондо маст-хэв мода дүйнөсүнүн эксперттери (белгилүү дизайнерлер, мода журналынын редакторлору, стилисттер жана башка) аркылуу жарыяланып, тигил же бул нерсе мода болуп чыга келет. Мисалы, үстүбүздөгү жайда тельняшка кофталар мода болду. Мындан тышкары түбөлүк маст-хэв катары таанылчу буюмдар (көбүнчө өтө баалуу буюмдар) да болот.

 

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Adik01219
2015-08-25 22:20:19
Рахмат супер инфо
0
Ayka1994
2015-08-26 11:16:43
ааа жакшыыы
0
mani
2015-08-27 21:19:50
Жакшы
0
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан