«БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН ЭМГЕК» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН ХI КУРУЛТАЙЫ

18-августта «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын ХI съезди болуп өттү. Жыйынга жалпы республика боюнча партиянын делегаттары келип катышты. Делегаттар күн тартибинде добуштарды эсептөө үчүн жана мандаттык комиссиянын курамын бекитип алышты. Жашыруун добуш берүү алдында «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теӊ төрагалары Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаровго сөз берилди.

«ДОЛБООРЛОРУБУЗДУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРА АЛБАСАК, БИЗДИН БААБЫЗ БИР ТЫЙЫН»
Аскар Салымбеков күздө өтүүчү шайлоо кампаниясы өтө жөнөкөй эмес кырдаалда өтүп жатканын эске алып, ар бир делегаттын ишенимине дем берди. Ал мындан тышкары Кыргызстанга Евразия экономикалык шериктештигинин катарына мүчө болуп кириши менен экономикалык жактан дагы бир жолу чоӊ мүмкүнчүлүк берилип жатканын айтып, «өлкөнүн бюджетин көтөрүү менен элдин жашоо шартын жакшырта алабыз» деди.
Аскар Салымбеков партиянын экономикалык долбоорлоруна кыскача токтолуп өттү. Атап кетсек, айыл чарбасын ирилештирип тоо кен өндүрүшүнө элдин, мамлекеттин жана келип иштетүүгө аракет жасаган инвестордун ортосундагы мамилени жакшыртуу менен өндүрүштү алдыга жылдыра алабыз деген ишеничин билдирди.
«Экономика, экономика жана дагы экономика» деген Аскар Салымбеков жеӊилдетилген салык киргизүү менен орто жана чакан бизнести өнүктүрүү максатында «Жеӊилдетилген салык өлкөсү» аталыштагы программа иштелип жатканын айтты. Ал Сингапур мамлекетин атап, анда орто жана чакан бизнес үчүн салык 3 пайызга чейин түшүрүлгөнүн мисал иретинде келтирди.

БИР БИЛЕК, БИР ТИЛЕК
Кийинки сөз кезеги «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теӊ төрагасы Адахан Мадумаровго берилди.
Ал негизинен үч маселеге айрыкча көӊүл буруу керектигине токтолду:

1. Кыргыз мамлекетинин сырткы коопсуздугу. Ааламдашуунун учурунда Кыргызстандын орду кайсы жерде болуп калышы мүмкүн?
Тышкы саясат: кошуна мамлекеттер менен кандай мамиледе болуу, экинчи жана үчүнчү ири күчтөргө каршы туруштук берүү;
Коргонуу кубаттуулугун күчтөндүрүү, кыргыз армиясынын деӊгээлин көтөрүү.
2. Ички коопсуздук: башкаруу системасын президенттик-парламенттик кылуу; кыргыз мамлекетинин маалымат, дин саясатынын багытын аныктап, бири-бирине шайкеш келтирүү; чек ара маселесин чечүү.
3. Социалдык багыты – кадрдык маселе, жумушсуздук, социалдык жактан аярлуу катмарга кам көрүү маселелери орчундуу жана тез арада чечилүүчү маселе деп белгиледи.

Партия жетекчилеринин сөздөрү келген делегаттар, коноктор тарабынан кызуу кабыл алынып, дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду.
Курултайга чейин партиянын облустардагы өкүлдөрү райондук, шаардык конференцияларды өткөрүп, делегаттарды шайлап алышкан. Съезддин жүрүшүндө Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси добушка коюлуп, «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын саясий кеӊеши тарабынан бекитилген депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бир добуштан кабыл алынды. Жогорку Кеӊештин депутаттыгына «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын атынан баруучу талапкерлердин саны тизме боюнча 140 деп саналат. Алдыӊкы катарда Аскар Салымбеков, Адахан Мадумаров, Олег Подобедов, Дамира Дөөлөталиева, Бахтияр Фаттахов, Мусабек Турсункулов, Нарынбек Молдобаев, Надира Нарматова, Каныбек Нарбаев, Эрнис Сооронбаев, Нурлан Орозбаев, Урмат Аманбаева, Вячеслав Хан, Токон Мамытов, Марат Мураталиев, Чинара Жаныкеева, Рашид Тагаев, Керим Турапов, Шаршен Касенов, Гүлшаркан Култаева жана башкалар бар.
Маалым кыла кетсек, «Шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, Кыргызстандын саясий партиялары Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттыкка талапкерлердин тизмесин 20-августка чейин тапшыруулары тийиш эле.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан