МАНАС БЕРДИБЕКОВДУН «ЖАЛПАК ЖӨЖӨСҮ» КАНТИП ЖАРАЛГАН?

«Элди күлдүргөнгө караганда ыйлаткан оӊой» деп куудулдардын актанып калганын кулагыбыз чалганы бар. Бирок ошол эле учурда мындан канча жыл илгери жаралып, бүгүнкү күнгө чейин эл эсинде сакталып келе жаткан, кийинки муун жаӊыртып ойноп жүргөн сатиралар бар. Ошол сыяктуулардын бири Манас Бердибеков катышкан «Жалпак жөжө» сатирасы кантип жаралган, билип алыӊыз.

«ЖАЛПАК ЖӨЖӨ»
Сюжети: Айыл жетекчилери (Абдылда Иманкулов, Жаныбек Алыкулов) текшерүүчү келе жатат дешип, аларды кантип коноктоп, узатууну пландаштырып калышат. Сырттан кирген экөөнү (Манас Бердибеков, Жамбыл Камчиев) жетекчилер текшерүүчү деп кабыл алышат. Артисттер экенин билгенден кийин кабинеттен кууп чыгышат. Бир эмес үч жолу кууп чыккандан кийин «артист экенсиӊер, бизди күлдүргүлө» десе, Манас Бердибеков жалпак жөжө туурасындагы анекдотун айтып кирет. «Бир жолу КамАЗ айдаган айдоочу жолдон жөжөнү тебелеп кетиптир. Анан ээсине алып барып, «бул сиздин жөжөӊүзбү?» десе, абышка «менин мындай жалпак жөжөм жок» дептир»,- дейт. Муну бир эмес, бир нече жолу айттырышат.

Абдылда Иманкулов, куудул:
– Бул сатира турмуштан алынган. Муну Рахман өзү айтып берсе жакшы болмок, бирок ал азыр Кытайда.
Манас ыраматылык чоӊдор менен жакшы сүйлөшө алчу эмес эле. Анын концерттерин Рахман уюштурчу. Клубду сүйлөшүү, билет сатуу сыяктуу иштердин баары анын моюнуна илинген. Бир жолу бир совхозго концерт коймой болуп, экөө сүйлөшүп келмекке барышат. Чарчаган Рахман Манаска «директоруна кирип сүйлөшүп чык» дейт. Манас кирип барса директор «сен кимсиӊ?» деп сураган экен. Ал чоӊдор менен кооз тилде сүйлөшүш керек деп ойлогон го, «биз элдин рухун, духун көтөргөнү келдик, артистпиз» дейт. Анда союз тарай элек болчу. Арыгында суу жок, эгини күйүп жаткан директордун жаны кашайып турган экен. «Чык эшикке!» деп кубалап салыптыр. Кайсалактап калган Манас чыгып кетейин десе бир нече эшик турат дейт, өӊдөрү да бирдей, кайсы эшиктен киргенин билбей бир аз буйдалып калат. Аӊгыча костюм-шым кийген, папка көтөргөн Рахман кирип барып, папкасын столго тарс коюп, «мал-жан эсенби, быйыл эгин, тоют кандай?» деп акыбал сураша кетет. Директор аны текшерүүчү экен деп ойлоп коркуп кетиптир. Аны билип калган Рахман сыр билгизбей ошол тондо сүйлөшө берет. Аягында экөөнүн теӊ артист экенин билип, уялганынан концерт коюуга уруксат бериптир. Ушул окуяны Манас менен чогуу иштеп чыгып, элге тартуулаганбыз.

Жамбыл Камчиев, куудул:
– Мен, Дөөлөт Мадымаев, Рахман Разыков, Манас Бердибеков төртөөбүз «Аралаш» деген куудулдар тобун түзүп алып Ошто иштеп жатканбыз. Жаныбек Алыкулов, Абидин Темировдор «Фрунзеге келгиле» деп эле чакыра беришчү. Анан 1990-жылдары борборго келип, Орус драма театрында 10 күн, филармонияда 4 күн концерт коюп калдык. Ошондогу концерт учурунда «сыйлуу үч белек бар, ким күлкүлүү анекдот айтса, белек ошонуку» деп залга кайрылганбыз. Курсант деген бир жигит чыгып, КамАЗдын айдоочусу айылдан жөжөнү тебелеп алганын, акчасын төлөп берейин деп ээсине көтөрүп барса, ал тааныбай койгонун айтса, элдин баары кыраан каткырып калышты. Бизге да жакты. Бул анекдотту айткан Курсант Кубик Калыковдун бир тууган агасы экен. Анан Манас жалпак жөжө менен совхоз директорунун кууп чыкканын аралаштырып бир интермедия иштеп чыккан.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
azimova90
2015-08-24 11:30:33
Ооо, жол жалпайып калган экен"-деген жерин угуп алып боорум эзилген.
+6
Oi_pikir
2015-08-24 15:27:24
"Менин мындай жалпак жөжөм жок" деген кеп элге ушунчалык кенен тарап, сиңип кеткен го. Көрсө Кубик Калыковдун агасы айткан анекдот тура. Бир жыргап күлүп алдым, бул баянды окуп.
+7
mister.ailasyz
2015-08-27 13:39:39
Жалпак жөжө деген сөздү колдончу элем, бирок каяктан келгенин билбейт элем.
0
mister.ailasyz
2015-08-27 13:40:52
Видеосу жок беле ушу интермедиянын.
0
friendwipkg
2015-08-31 04:08:53
Видеосу турат го.
0
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан