Адилет Акматов, режиссёр, каскадёр: «КАНЧА ООР ЖАРАКАТ АЛСАМ ДА ЧЫДАГАН ЖАНЫМ ТИШИМ ООРУГАНДА ЫЙЛАГАМ»

Мекенибиздин атын алыска чыгарган кыргыз уулдары менен маек курууну улантабыз. Бул жолку каарманыбыз – көптөгөн чет элдик тасмаларга трюк коюп, каскадёрлук милдетти аткарып жүргөн Адилет Акматов.

Туулган жылы, күнү – 1981-жыл, 9-октябрь
Туулган жери – Ош облусу, Кара-Кулжа району
Билими – Ош мамлекеттик университетинин искусство факультети
Трюктарды койгон, тартылган тасмалары – «Шумкар», «Башаламан», «Жаӊгак токоюнун арбактары», «Гаишники» (Орусия), «Миӊ бала» (Казакстан), «Путь боксёра» (Казакстан), «Без памяти» (Казакстан).
Тарткан, сценарий жазган тасмалары – «Долг», «Тёмная полоса», «Молодёжь за здоровье», «Конец фильма», «Өчпөс сүйүү», «Ант», «Умей любить» жана башкалар.

– Саламатсыӊбы, Адилет? Алгачкы эле суроом – кантип каскадёр болуп калдыӊ эле?
– Саламатчылык! Кызыгуумдан улам го. Мен эс тарта баштаганда Жеки Чандын тасмалары укмуш тараган эле. Анын жасаган трюктарын көрүп аябай суктанчумун. Ушул актёрдун тасмаларынан таасирленип каскадёр болдум десем болот. 7-классымдан баштап спорт менен алектене баштадым. Ошондо биринчи жолу колумду сындырып алгам. Өзүмдүн агам травматолог, канча жаракат албайын ошол дарылайт. Бара-бара бул жерим сынды деген көнүмүш нерсе болуп калды.
– Бул кесипти аркалаганыӊа тентектиктин таасири тийген жокпу?
– Чындыгында, тентек эмес элем. Болгону сыртка терезеден секирип чыгып, үйдүн чатырынан, жүрүп бараткан унаадан секирип үйдөгүлөрдүн жүрөгүн түшүрө берчүмүн (күлүп). Мектепте окуп жүргөндө жакпаган сабактар болсо 2-3-кабаттын терезесинен секирип качып кетчүмүн. Балдар мени «крышасы тайып калган» деп коюшчу.
– Биз сени актёр, режиссёр катары да көрүп жүрөбүз...
– Мен өзүм жасаган нерсени тасмага тартуу үчүн аны режиссёрго түшүндүрүп отургуча өзүм эле тартканым оӊ. Эсимде, Болот Шамшиев агайыбыз «сен сүрөт дагы тартасыӊ, режиссёрлук кылсаӊ оӊой болот. Анткени тартыла элек кадрды алдын ала көрө аласыӊ» деп айткан. Сүрөтчүлөр алгач тартчу сүрөттү элестетип алабыз. Режиссёр деле ошондой, кадрды алдын ала элестетип көрүш керек. Режиссёр катары эмгектерди жараткан соӊ өзүм сценарий жаза баштагам.
– Сүрөттү да жакшы тартат экенсиӊ. Биз билбеген дагы кандай таланттарыӊ бар?
– Адам кесипти тандабайт, тескерисинче, кесип адамды тандайт деп ойлойм. Өзүм кесибим боюнча сүрөтчүмүн, Ош мамлекеттик университетинде сырттан окуп жүрүп 10 жыл дегенде бүттүм. Анткени 1-курста режиссёр Токтош Абыкеевдин «Шумкар» деген тасмасына тартылгандан кийин кино тармагына ооп кетип окууну таштап койгом. Ата-энем урушуп жатып кайрадан киргизди эле, түрдүү кыска метраждуу тасмаларды тартам деп кайра куулдум. Ошентип жүрүп окуумду аяктаганыма эки жыл болду.
Ошондой эле имараттардын долбоорун чием. Мен чийген долбоорлор менен Ошто беш-алты үй курулду. Андан сырткары жыгач устамын. 3 жыл эмерек жасаган цехте иштегем. Эмеректерден башка эшик, сандык, бешиктерди кооздоп жасайм. Бирок жан дүйнөмө кино тармагы жакын болуп, өзүнө тартып кетти.
– «Каскадёрлук кооптуу» деп ата-энеӊ каршы болгон жокпу?
– Ата-энем башында «эркек баланы сөзсүз спорт менен машыктырыш керек» дечү. Жаракат алган сайын «жаныӊды кыйнап эмне кыласыӊ?» деп каршы боло башташты. Бирок артка кайтпасымды түшүнгөн атам «өзүӊ тандадыӊ, эми өзүӊ аягына чык» деген. Кээде оор жаракат алганда жөн эле жүрсөм болмок экен деп өкүнүп калам. Бирок айыккандан кийин баары унутулуп калат. Түрдүү трюктарды жасоо жашоомдун ажырагыс бөлүгү болуп калган, ансыз жашоом кызыксыз. Кесибимдин артынан кандай оор жаракат албайын баарына чыдайм, бирок тишим ооруганда чыдабай ыйлагам.
– Угушумча, Казакстандын каскадёрлор уюмунун мүчөсү экенсиӊ. Кыргызстанда каскадёрлор уюму барбы?
– Казакстандын «Nomad» деген тайпасынын каскадёрумун. Режиссёрлор Орусияда, Голливудда чоӊ-чоӊ долбоорлор болгондо бизди чакырышат. Кыргыз кинолоруна деле трюктарды коюп берем. Бизде Үсөн Кудайбергенов атындагы каскадёрлор федерациясы бар. Алардын курамында эмесмин. Бирок Ошто өзүм тарбиялап жаткан окуучуларымдан түзүлгөн тобум бар. Спорт комитети «спортту өнүктүргүлө!» деп спорт зал берген. Балдарды ошол жакта машыктырам.
– Алдыда дагы кандай пландарыӊ бар?
– Режиссёр Нурлан Мамакеев менен тарыхый сериал тарта баштадык. Жаӊылык десем болот, анткени сөздүк түзүп жаӊыча тил, жаӊыча костюмдарды ойлоп таптык. Эч бир улутка тиешеси жок ойдон чыгарылган пилоттук долбоор.
– Сыртыӊдан мүнөзүӊ каардуудай көрүнгөнү менен, сүйлөшө келгенде жумшак экенсиӊ...
– Баары эле «сүрдүү көрүнөсүӊ» деп айтышат. Мүнөзүм жумшак, өтө сабырдуумун. Ачуум келгенде бийиктиктен секирип, бугумду адреналин алуудан чыгарам.
– Үй-бүлөӊ тууралуу билгим келип турат...
– Келинчегим менен университеттин алдынан таанышып калгам. Кыз-жигит эмес, дос болуп 7 жыл сүйлөшүп жүрдүк. Үйдөгүлөргө «35-40ка чыкканда үйлөнөм» деп айтчумун. Анан алар «бизди уят кылбай үйлөн!» деп мага кыз издей башташты. Мен «өзүм табам» деп дос кызыма барып «үйлөнгөнү жатам, мага турмушка чыгасыӊбы?» десем макул болду. Ошентип 27 жашымда үйлөндүм. Учурда 2 кыз, 1 уулубуз бар. Үй-бүлөм Ошто турат, 1 айда мен барам же алар келишет. Аларды Бишкекке көчүрүп келгеним менен чет жакка көп чыккандыктан үйдө болбойм. Ошондуктан ата-энемдин жанында эле болгону туура.
– Балага жакынсыӊбы?
– Балага өтө жакын эмесмин. Себеби атам мени көп эркелетпей тарбиялаган. Ушинтип тарбиялаганы үчүн ага ыраазымын. Ата-баланын ортосунда чек болушу керек. Баланы күндө эркелете берсеӊ, теӊтуш болуп бирге ойной берсеӊ атанын баркы кетип калабы деп ойлойм. Азырынча келинчегим тарбиялайт, бой жеткенден кийин өзүм тарбиялайм. Албетте, жумуштан чарчап барганда эркелетем. Балдарымды такыр урушпайм, кыйкырбайм, кол көтөрбөйм, ошондуктан мага жакыныраак.
– Жубайыӊ кызганбайбы, кино жаатында сулуу кыздар менен иштешкенге туура келет эмеспи?
– Башында аябай эле кызганчу. «Сулуу кыздарды тартасыӊ, анан кантип эле чарт-чурт болбосун?» деп шектене берчү. Туулган күнүмдө ошол кыздардын баарын чакырып, келинчегим менен тааныштырып, «кызгансаӊ алар менен мамилем бар-жок экенин сурап ал» деп өздөрүнчө калтырып кетип калгам. Ошондон кийин ишеним пайда болуп кызганбай калды.
– Романтик эмес окшойсуӊ?
– Ичимден романтикмин, сыртымдан деле ошондой болгум келет. Бирок мага жарашпагандай туюла берет. Кээде келинчегимди капа кылып алганда өзгөчө нерселерди жасап турам.
– Маегиӊе рахмат!

"Сыртымдан сүрдүү көрүнөм, бирок мүнөзүм жумшак".

"Келинчегим Айгүлдүн ачык, бетке айткан мүнөзүн жактырам".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"58 жеримден жаракат алганыма карабай трюктарды жасап келем" дейт каскадёр Адилет Акматов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Mediziner
2015-08-24 11:10:30
Каскадёрлук ар кимдин эле колунан келе бербейт, азаматсыз!
+1
bolotbai
2015-08-24 11:38:03
Молодец иним,озумдун жердешим экенсин.Онорун оркундой берсин.Аа келин бала кызганбай эле койсо болот экен,себеби озу айткандай киного тартылган сулуу кыздарга караганда озубуздун келин бала татынакай сулуу экен бактылуу болушсун.
+1
aidai88
2015-08-24 12:04:41
Жаш убагына караганда кичирейип кеткенби же мен кичине болгонума мага чон корунгонбу?
-1
sansho
2015-08-24 13:58:42
Коптогон кызыктуу суроолорду узатпапсынар да. Залым бар дейт каяктан тапса болот ким билет аа.
0
melante
2015-08-24 17:18:53
жагат ушул каскадер.жубайы татынакай экен.бактылуу болгула
+1
Meka77
2015-08-24 23:45:59
Бактылуу болгула.
0
kgnur90
2015-08-26 11:59:25
жакшы маек болуптур бирок суроолорду берип жатканда "сиз" деп кайрылса сылык жана жагымдуу чыгат беле?
0
erni1135
2015-08-27 02:07:49
Озумун эжем жакшынакайда,бактылуу болгула!!!Жезде сизге соз жок,молодецсиз!!!
+1
nurik903
2015-08-27 17:16:04
уважуха
кобунчо паркур менен алекмин мени да кошуп алышын каалайт элем коп эле трюк кыла алам.....
+1
Baha.Kent
2015-08-28 00:46:06
Эн мыкты каскадер.
0
Adik01219
2015-08-31 05:45:12
Азаматсыз алга алга алга
+1
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан