Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Көп узабай Акимбай, Сыдыкбек, Жакып бек диний ураан көтөрүшүп, Жаангир кожо дегенди туу кылып чыгып, кытай кошуундары урушсуз эле түндө-кечте кетип калып, алты шаарды ээлеп алышкан. «Гази» атанып сүйүнгөн кожо Меккеге ажылыкка кетип келбей калат да, баягы качкын Жакып бек бүткүл алты шаарда эч ким менен бийлик бөлүшпөгөн өкүмдар болуп эл оозунда «Бадөөлөт» атыгып, багы ачылган. Ал «бадөөлөт» дегидей дөөлөтман, тиги осмонлылар менен, Индстанга кирген англистер менен алака түзүп алган, Дүйнөлүк Лига билет аны. Кедерине кеткен бу Түркстан, канавайран чабылып, башынан багын алдырып отурат.
Курманжан өз алдынан үч чыйыр көргөнсүйт. Бири – ошол качкын бектердин изи менен кетиш, Бадөөлөт тагдыр алдынан чыкпаса да, кара башты калкалаш. Бири – Бадөөлөт менен кабарлашып, жакшылыкка жакшылык, биргелешиш, андан нары өзү илгертен бу жактын таберигинен тартуу жиберип биртке байланыш кылып келе жаткан улук кытай каникеси Сысы жактан көмөк сураныш. Бири – баскынчынын амирлигине кырыӊ дебей куллук кылыш.
«Э-э, кара баш кайда болсо да бешенесине жазылган күнүн көрөр...» Бир киши эмес, бүткүл элдин тагдыры кыл таразага түшүп турган мындай убакта кара башын калкалап кетиш ага жарашабы?!
Бадөөлөт көргөн жакшылыгын унута электир, мусулман баласы, биргелешип кошуун жыйнашы мүмкүн. Суранса Сысы «эжекеси» жер жайнаган көп кытайдан «көмөк» деп эсепсиз кол жөнөтүшү ыктымал. Мелтирей калды Курманжан. «...эки нар жөөлөшсө ортодо кара чымын кырылат...» деди ою. Ар биринин көздөгөн өз мудаты жок эмес, андан калса, кимиси качан күйүшөр тууган болгон эле булардын?! «Экөө кылып алабыз го бир балээни...» деп өзүнө өзү каяша кылды Курманжан.
«...Ыя, атабызды өлтүргөнгө энебизди алып бере туруш абзелби?.. Жетим жетилеби, өз акысынын теӊи боло алабы?.. Же... атасын өлтүргөндү «ата» деп, запкыдан жүрөгү өлүп, көргөн ит күнүнө көнүп, тегин, ата наркын унутуп, жумшаса кулу, минсе малы болуп кала береби?..»
Ушундай ойлордон кийин Шабдан өргүү алып жаткан өргөөгө келди. Бир түркүн шашкансып келген датканын түрүнө көз түшүп, кабагын карап, бир кооптуу сөз күтүп калышты баары.
– Төрө,- деди акырын өйдө карабай, – мен ыраазымын, төрө, Кудай жалгагыр, жанагы кара сакалчан менен эле сөзүӊөрдү бүтүрө бергиле, мен ыраазымын. А деле киши, биздин көзү өткөн даткабыздын туугандарынан...
«Баягы кара неменин бизге келгенин билип алыптыр, кекетип атат...» деп которду тилмеч. Майор Ионовдун көзү чекирейип кетти:
– Жерге кирсин ошол кара неме!
Анын актанганын өӊүнөн, үнүнөн эле сезип:
– Чын сөзүм, мырза, мен ыраазымын,- деди Шабданга, – бармак басыша турган башка бирөөнү тапкылачы, Кудай жалгагырлар, куткаргылачы мени бул кордуктан, маскаралыктан... эки ортодо алдастатпай...
– Эми, апай, асте кылыӊыз, акылга келиӊиз. Бул ишке кимдин кадыры өтөт? Ким жарайт акыры?!
– Ушу «багындык» деген сөздү айтышкабы?!
– Ал сөз кимдин оозунан чыкканы эп? Кеп мына ушунда, апай.
– Андай болсо,- деди Курманжан майорго карап, – андай болсо, төрө, ачыгын айтыш абзел, сиз менен иш бүтпөйт, бизге капа боло көрбөӊ, көрүп турабыз, ниетиӊиз жаман эмес окшойт бизге. Бирак сиз бүтүргөн иш калпыс бүтүп калышы мүмкүн. Сизден чини да, бийлиги да чоӊ акимдериӊиз бар. Ал акимдер не жаратат, не жаратпай коё алат. Бүгүн биз кылган шартнама эртеӊки күнү не жаратылбай, не кем баа болуп калса, орустай журтка эчтеме эмес, а биздин биртке журттун башына кыйынчылык түшүп калат...
Майор бул мелтиреген карасур зайыпты же коркутууга, же алдоого болбой турганын сезип, сөз ыгын күтүп, баш ийкеп отурду.
– Ошон үчүн бир береке эле сизди быякка жумшаган Искебүл пашанын өзү менен сүйлөшсөк, төрө.
Майор башка сөзгө өтпөдү:
– Мейли, жүйөсү бар, сиздин көӊүлүӊүзгө жараша болсун, урматы улук датка айым.
– Эми, тилмеч,- деди Курманжан саргылт жашыл көзү октоло, сөөмөйүн кезеп, – менин коёр шартым бу, толук айт орточу төрөгө! Дагы толук айтпай кылтылдатып коюп, эртеӊ ортодон дагы кан төгүлүп кеткидей болсо, эки дүйнөдө кеперетин тартып калып жүрбө, тилмеч?!
– Кудай сактасын, датка айым эжей, Кудай сактасын...
– Биз болжогон жерге сүйлөшүүгө барганда «алдадык» деп мени абакка кириптер кыла турган болушпасын – бул бир. Сүйлөшкөн учурда биздин элге да, менин керт башыма да мазак өтпөсүн – бул эки. Сүйлөшүү бир тараптын үстөмдүгүн ашкере бекемдөө эмес, «багынтуу» эмес, эки тараптын теӊ пайдасына ымга келишүү катары болсун – бул үч. Мына ушул үч шартыбыз бекем сакталса гана сүйлөшүүгө барабыз.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Adik01219
2015-08-25 22:13:01
О супер аз калды кызык жериндебиз.кадимкидей мен кол койгонсуп Атам го мыйзамга. курманжан энекебиз менен
+1
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан