АЧКАРЫН СУУ ЖЕ КӨК ЧАЙ ИЧСЕ АДАМ ЖАШАРАБЫ?

Учурда айрымдар жаштыкты узартабыз деп суу, көк чай ичүүнү адатка айлантып алышкан. Эл ичиндеги андай адаттардын кайсынысы туура, организмге зыяны жокпу деген суроолорго Бишкектеги №19-эмкананын врач-терапевти Үмүт Саипова жооп берет.

ЛИМОН КОШУЛГАН СУУ АРЫКТАТАБЫ?
Элдин түшүнүгүндө

Эртеӊ менен ачкарын суу же сууга бал менен лимон кошуп ичүү кажет. Мындан ичегилер тазаланып, адам арыктайт жана жаш көрүнөт.
Врач эмне дейт?
Күн сайын ачкарын сууга бал менен лимон кошуп ичүүгө келсек, лимон организмди A, E, B, C витаминдери менен камсыз кылып, бал иммунитетти көтөрүүгө жардам берет. Бирок ачка жүрбөй, артынан 30 мүнөт же 1 саат өткөн соӊ эртеӊ мененки тамакты ичүүнү унутпоо зарыл. Дамамат ачка жүрүүдөн гастрит жана ашказан-ичегинин жарасы пайда болуусу ыктымал. Себеби ачка жүргөндө ашказанда бөлүнүп чыккан туз кычкылы ашказандын былжырын оюп жеп жиберет. Тамак барбагандан ичегилер жакшы иштебей ич катат. Арыктайм дегендер тамак алдында суу ичип алса, ашказанга тамак аз батары белгилүү.

КӨК ЧАЙ РАКТЫН АЛДЫН АЛАБЫ?

Элдин түшүнүгүндө
Ачкарын көк чай ичүү рактын алдын алат, кандагы холестеринди, кантты азайтат, жаштыкты узартат.

Врач эмне дейт?
Көк чайдын өттү айдоочу, ашказан-ичегини тазалоочу касиети бар. Өттө таштын жаралуусунун алдын алат. Ушулардан улам кандайдыр бир деӊгээлде рактын жана карылыктын алдын алат десек болот. Бирок кандагы канттын, холестериндин деӊгээлин азайтат деген түшүнүк туура эмес. Көк чайдын артынан жарым сааттан соӊ шам-шум этүү кажет.

ЗАЙТУН МАЙЫНАН ӨӉ НУРДАНАБЫ?

Элдин түшүнүгүндө
Эртеӊ менен дайыма ачкарын зайтун майын ичсе организмдеги шлактар чыгып, тери жашарат, бет нурданат. Ошондой эле өттөгү кум, майда таштар чыгып, ичтин өнөкөт катуусу калат.

Врач эмне дейт?
Айтылгандар элдик медицинада колдонулушу мүмкүн. Бирок салттуу медицинада зайтун майынын өттөгү кумду, майда ташты чыгарары, ичтин өнөкөт катуусун калтырары далилденген эмес. Бирок тамак-ашка дайыма колдонуп жүрсө, териге жакшы таасир этип, өӊ жакшырары белгилүү.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Aikoo2014
2015-08-24 13:37:35
Жакшы кенештер экен.
0
Саби
2015-08-24 14:33:31
зайтун майы кандай май?суумай эмеспи
0
Ailino
2015-08-24 15:23:16
Саби, зайтун майы ( оливковое масло)
+1
kg.myrza.94
2015-08-24 23:03:29
Абдан маанилуу кабар экен супер.
0
Meka77
2015-08-24 23:35:32
Жакшы кенештер экен.
0
sterva
2015-08-24 23:58:48
Мен да кундо эртен менен ачкарын соссуз суу ичем.Кээде бал кошуп коем.Зайтун майы ашказанга жакшы,инимдин ашказаны тырышып ооруп,эч бир дары таасир бербей,ушул зайтун майын ичип жакшы болгон,негизи бул май баардык организмге жакшы
+2
nari94germanya
2015-08-25 00:56:41
A men kynyn 3 litr syy ichem)) byl nerse den soolyka en paidalyy dostor.
0
Sultanim
2015-08-25 01:49:38
Зайтун куранда откон.пайдаларын издешсе,аябай коп экен.рактардын алдын алат.майы да семиртпейт.(doymamis yag turu)
0
Mars55
2015-08-26 02:20:57
тамакка табитим аз кантип кобойтом билсенер айтып койгулачы сураныч
0
nico
2015-08-26 16:56:24
Mars55, Эртен менен ачкарын 1 стакан жылуу сут же болбосо 1 стакан алма менен сабиздин ширесин ичсе созсуз 1-2 саатта табит пайда болот
0
Mars55
2015-08-26 21:03:56
nico,рахмат чоооон
0
ere
2015-08-26 16:13:41
суу омур булагы
0
nico
2015-08-26 16:51:58
Менин апам дайыма эртен менен ачкарын саат 6:00 да 4 стакан жылуу суу ичип, андан бир-эки саат откон сон эртен мененки тамакты ичет...Салмагы 74 кг, буюрса бир айда 3 кг арыктап, озун жакшы сезип, ону да агарып онолуп калды.
Буюрса мен да ичейин деп жатам, башында кыйналып, анан конуп калат экенсин...
0
kg_egizder
2015-08-27 02:31:01
Зайтун майы эн жакшы аябай пайдасы кооп, бетке койсо тырыш кетет, шайтан жакындабайт ошо адамга, мен жакында алдым эн жакшысы Испанияныкы экен, баасы 200 сом куран китеп тасби саткан жерде бар
0
aidka-1310
2015-08-27 04:18:28
Эрте менен турар менен филтрдеги сууну бир стакан натощак ичем, кунуно 2литр суу и жатаардса созсуз бир стакан кефир 2 % ичип жатам! Жарым айда 5 кг арыктапмын озум суйунуп журом! 60 болчум 55 кг болуп калдым! Сиздерге да сунуштайм! Эч кандай диета кармаган жокмун , болгону кунуно 2 л суу!
0
aidka-1310
2015-08-27 04:20:18
Кайнатылган суу болбойт! Филтр жок болсо кеч крандан идишке куюп койсонуз эрте менен ичсе болот!
+1
munarkul
2015-08-27 15:00:28
Зайтун майын кайсы убакта ичиш керек айтып койосунарбы менин да ашказаным туйуп оорутуп атат.
+1
Sultanim
2015-08-28 11:13:05
munarkul, эрте мн ачкаарын 1чон кашык ичсе, журокко,аш казанга,боорго жакшы экен. 1ст сууга 3чай кашык зайтун майын кошуп,ачкарын ичсе шекерди орто тутат экен. Деги эле пайдалары аябай коп экен.
+1
munarkul
2015-08-28 11:40:43
Sultanim, Чоон рахмат
0
Bekish-kg
2015-08-30 10:15:18
зайтун майы оливковое масло болсо аны ошол бойдон эле ичиш керекби же бир деме кылып анан ичеби?канча грамм ичишкерек?
0
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан