Кагаз кутудагы сүт тез ирип кетпесин десеӊиз, кутуну ачарыӊыз менен бир чымчым туз салып коюӊуз, сүт көпкө чейин ирибейт.
Мискейдин оозуна туурасынан жыгач кашыкты коюп койсоӊуз, ичиндеги кайнап жаткан суюктук ташып кетпейт.
Бир саамга эле алаксып, кара басып бышырып жаткан күрүчүӊүз казандын астына тартып кеттиби? Күрүч күйүк жыттанып калды деп кайгырбаӊыз, казанды ачып бир кесим ак нанды күрүчтүн үстүнө коюп, капкагын жаап коюӊуз, нан күйүктүн жытын сиӊирип алат.
10-15 мүнөттөн кийин ачып, күрүчтүн күйбөгөн үстүнкү бөлүгүн тарелкага кылдат бөлүп салып алыӊыз да, сыр билгизбей тамагыӊызды дасторконго коё бериӊиз.
Сырды сүргүчтөн өткөргөндө жабышып айлаӊызды кетирип жатса, бул абалдан чыгуунун жолу опоӊой. Сүргүчтү өсүмдүк майы менен майлап, анан сырды өткөрсөӊүз биринчиден, жабышпайт, экинчиден, оӊой жуулат.
Таттуу болгар калемпирин тазалап жатканда данектерин ыргытып жибербей, кургатып сактап коюӊуз. Данектеринин курамында калемпирге караганда пайдалуу заттар көп. Кышкысын тамак-ашка кошсоӊуз өзгөчө даам жана жыт берет.
Эгер лимондон көбүрөөк шире сыгып алам десеӊиз, алдын ала 5 мүнөт ысык сууга лимонду салып коюӊуз.
Мүшөктө сакталып турган картошка тез өнүп кетпеши үчүн арасына алма аралаштырып салуу керек.
Чили калемпирин ашканада колдонордон мурун колуӊузду өсүмдүк майы менен майлап алсаӊыз, жууганда калемпирдин ачуусу колдон оӊой кетет.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg