Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов 22-июлда Ош шаардык соту тарабынан 7 жылга эркинен ажыратылган. Ал карматпай жүргөнүнө байланыштуу издөөгө жарыяланып, өкүм сырттан чыгарылган. Өкүм боюнча, экс-мэр мэриянын бюджетине 29 миллион 714 миӊ 134 сомдун ордун толуктап да бериши керек. Анын тарапташтары соттун өкүмүнө нааразы болушуп, адвокаттары өкүм менен макул эместигин билдирип, кийинки инстанцияга кайрылышкан болчу. Бирок өкүм өзгөрүлбөгөн бойдон калды, 19-август күнү Ош облустук соту тарабынан Мырзакматов «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.
Экс-мэрдин жактоочусу Чынара Жакупбекова маалымат жыйын өткөрүп: «Мелис Мырзакматов парламенттик шайлоого чейин убакыттын тардыгынан улам сот тарабынан акталбай калышы ыктымал»,- деди. Адвокаттын айтымында, Мырзакматовдун ишин карап жаткан Ош облустук сотунун судьялары соттук отурумда процессуалдык нормаларды бузушкан жана аларга карата кылмыш ишин козгоону өтүнөрүн билдирди. «14-августта мен Жогорку Сотко облустук соттун курамындагыларга ишенбөөчүлүк көрсөтүп кайрылгам. Бирок облустук сот 17-августта менин арызымды карабай туруп Мырзакматовдун ишин карады. Ошондуктан мен прокуратурага соттук коллегиянын курамындагыларга кылмыш ишин козгоо боюнча кайрылам»,- деди Жакупбекова. Андыктан «Ата Мекен» партиясынын талапкерлер тизмесинде алдыӊкы сапта бараткан Мырзакматовдун талапкер катары БШКдан каттоодон өтөр-өтпөсү коомчулуктун көӊүл чордонунда. Мырзакматов соттолгон адам катары парламенттик шайлоого катыша албасы айтылууда. «Ата Мекен»: «Мырзакматов тизмеден чыгарылбайт. Партия айткан сөзүнөн өмүрү кайткан эмес»,- деп билдирүү таркатууга жетишти.
Конституцияда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо тууралуу» мыйзамдын 3-беренесине ылайык, соттолгондугу алынып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар президенттин кызматына жана Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайланууга укугу жок.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg