БИР БҮРКҮМ

  • Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурдагы төрагасы Юруслан Тойчубековго Интерпол эл аралык издөө жарыялады.
  • «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун айтымында, сынак тапшырган мечиттердин имамдары ай сайын 5 миӊ сом стипендия алышат.
  • «Коррупция», «опузалап пара талап кылуу», «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айыпталган Жогорку Кеӊештин депутаты Хажимурат Коркмазов боюнча сот отуруму 1-сентябрга жылдырылды. 
  • 19-август күнү Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында 3 өспүрүм бала Чоӊ Чүй каналына чөгүп кетип, алардын сөөгү изделип жатат.
  • Орусиялык отелдерди онлайн брондоо боюнча Oktogo.ru сервисинин иликтөөсүнө ылайык, Ысык-Көл орусиялыктардын жакынкы чет өлкөлөрдөгү эӊ популярдуу болгон 5 курорттук аймагына кирди. 
  • Алмазбек Атамбаев 17-августтан 21-августка чейин кыска мөөнөттүү эмгек өргүү алды.
  • 20-августтан тартып Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташуу тууралуу макулдашуу жокко чыкты. 1993-жылы жардам берүүнү жеӊилдетүү боюнча мындай документке кол коюлган болчу.
  • Өкмөт башчы Темир Сариев милиция кызматкерлерине 86 унаанын ачкычын тапшырды.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан