Коӊшу Казакстан теӊгенин курсун эркин коё бергени үчүн анын таасири Кыргызстанга да тийип жатат. 20-август күнү Бишкекте казак валютасы 10-15 тыйынга чейин арзандады. Борбордун акча алмаштыруучу жайларында 1 теӊгенин наркы сатып алууда 15-20 тыйын, сатууда 30 тыйынга барабар болду. Казакстандын өзүндө да валютасынын катнашы долларга карата 25 пайызга чейин наркын жоготту.
Ошону менен катар Бишкекте да доллар кайрадан көтөрүлө баштады. 20-августка карата
1 доллардын баасы сатып алууда 63,5 сом, сатууда 65 сомго чейин жетип жатат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg