Өткөн аптада кыргыз жана казак президенттери Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алынып салынган. Бирок бажы кызматкерлеринин милдети чек арачыларга өткөрүлүп, кырдаал өзгөрбөгөн бойдон калганы тууралуу коомчулукта кептер жүрүүдө. Айрыкча казак тарап мурдагыдан да катуу текшерип калганын көпчүлүк бир ооздон белгилешүүдө. Мунун айынан чек арада арты көрүнбөгөн тыгын пайда болуп жатат. Казакстандык интернет маалымат булактарынын билдирүүлөрүнө таянсак, кыргыз тараптан чек арадан өтүү көйгөй жаратпаганын, ал эми казак тарапта текшерүү абдан күч алганы, кыргыз чек арачылары казак кесиптештерине караганда кыйла кичипейил экендиктери айтылат.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Гүлмира Бөрүбаева бул тууралуу мындай дейт:
– Кыргыз-казак чек арасында бажы көзөмөлү алынгандан кийин адамдар топтолуп, унаалардын тыгыны катталган окуялар болду. Азыр абал турукташып, кадимки жумуштук калыпка түштү. Кыргыз тарапта чек арадан өтүү 1,5-2 мүнөттү алса, казак тарапта документтерди текшерүү процедурасы узакка созулуп жатат. Буга Казакстандын чек ара текшерүү технологиясынын башка экендиги себеп. Мисалы, автоунаа рентгенден өткөрүлөт, жарандар эмгектенүү үчүн бара жатса, аларга миграциялык карта ачылат. Дагы бир себеп – бул учурда Орусия жана Казакстандан Кыргызстанга келген туристтердин көптүгү. Өкмөттүк деӊгээлде жумуш топтору түзүлгөн, анда текшерүүнү тездетүү боюнча маселелер көтөрүлүп, анын үстүнөн иштер жүрүп жатат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg