Жогорку Кеӊештин депутаты, экс-спикер Ахматбек Келдибековдун үстүнөн жүрүп жаткан соттук иштерде күтүүсүз бурулуштар орун алууда. Дегенибиз, 17-августта өткөн адаттагы соттук отурумда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Келдибековго Социалдык фонддогу коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишин токтотту. Ал кылмыштын эскирүү мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу деп түшүндүрүлдү. Мөөнөтү өтүп кеткен кылмыштын таржымалына келсек, Келдибеков 2004-2005-жылдар аралыгында Социалдык фондду жетектеп турганда мамлекетке 24 миллион сомдон ашык зыян келтирген деп айыпталып жаткан.
Жогорку Сот: «Сот эпизоддордун бири боюнча гана жазык ишин кыскартты. Ал эми башка эпизоддор боюнча соттук териштирүүлөр уланууда. Кийинки сот отуруму 2015-жылдын 18-августуна белгиленди»,- деген билдирүү таркатты. Коомчулукта «Келдибеков бийлик менен соодалашып, бир жыйынтыкка келишти» деген пикирлер айтылып, бул кадамдар парламенттик шайлоого байланыштуу болушу мүмкүн дегендер да болду. 18-августтагы сот отурумунда Келдибеков: «Күнөөм жок экенин далилдемейинче парламенттик шайлоого катышпайм жана эч бир партиянын курамына кирбейм. Муну мен расмий түрдө жарыялайм»,- деди. Сыягы соодалашуу «шайлоого катышпайсыӊ, саясаттан алыс болосуӊ» деген талаптын тегерегинде жүргөн өӊдүү.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg