СЕНТЯБРДА ОКУУЧУЛАР МЕКТЕПКЕ КААЛАГАН КИЙИМИ МЕНЕН БАРА АЛЫШАТ

Өкмөт 12-август күнү мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизип, мектеп формасынын кеӊейтилген стандартын кабыл алды. Былтыркы жылы милдеттүү кийилсин деп киргизилген мектеп формасынын бир түрү, тагыраагы, кочкул кызыл пиджагы бар комплект боюнча буйрук жоюлган. Жаӊы талаптарга ылайык, мектеп формасы бир эле фасон менен түстө эмес. Стандарттардын ичинде кочкул кызыл пиджактуу комплект да бар, бирок мектеп формасын окуу жайдын администрациясы менен ата-энелердин комитети кеӊешип, бир формага токтолгондон кийин сатып алуу керек болот.
«30-сентябрга чейин окуучуларга мектепке каалаган кийиминде барууга уруксат. Бул мөөнөт ата-энелерге кайсы бир форманын түрүнө токтолуу үчүн берилди. Эӊ оӊою ак көйнөк менен кара пиджак, юбка жана шымды калтырышса болмок. Ага чейин директорлор менен мугалимдерге форма үчүн акча чогултууга жана окуучуларды формасы жок болсо мектепке киргизбей коюуга тыюу салынат. Ушундай окуялар каттала турган болсо, министрлик тиешелүү чара көрөт»,- деди билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (49)
prosto_gul9
2015-08-26 20:48:16
30-сентябрьга чейин каалаган кийим( спортивный,платья....) кийсе да болобу или обязательно юпка кофтабы?
Жооп берип койсоңуздар.
0
Grazie
2015-08-27 05:05:35
Италияда башталгыч класстар баардыгы спортивный шым футболка же ынгайлуу жумшак кофта сыртынан кадимкидей еле халат кийишет баланын кыймылдагап баскан турганына ынгайлуу болуш керек бутуна ботас спорт бут кийим
0
Grazie
2015-08-27 05:08:37
ойлосонор кийинип чечингени галстугу туалетке барса илгич,топчу,замочка иши кылса байкуштарды кыйнап еле эч кандай ынгайлуу эмес
+1
malywKG
2015-08-27 08:12:54
Эээ ушу форманы ким чыгарды кайжактан жешти билбей айласы кетип ушуну ойлоп таптыды.бул форманы азыр баары карызга акча алып элдин балдарынан кемеылбайн деп кыйналып алып жатат копчулук ата-эне.форманы жок кылыш керек озу каалаган форманы кийсин мыкты окусун ошо эетет
+2
Swallow
2015-08-27 09:08:44
Форма фартуктан отоору жок .....
+4
balykchy007sity
2015-08-27 19:30:49
форманын кереги жок баары уже кийим алып алышкан кылса эмдиги жылы кийдирсин
0
burul.72
2015-08-27 20:07:35
туура эмес чечим,балдарыбыз ак койнок кара шым,кара юбка ак кофтага конуп калган,ушул эле форманы талап кылса болмок,элди мажбурлап болбойт кантип ушуга акылы жетпейт,андан коро мектепке компьютер менен камсыз кылсын,пайдалуу иштерди киргизсин,
0
burul.72
2015-08-27 20:19:01
бирдиктуу форманы мамлекет озу бир жерден баасын да бирдей кылып чыгарсын алып беребиз,ар кандай цехтерден сапаты ар кандай баасы кымбат .Корея,Турцияга атандашкан го.Биринчи экономиканы ошондой которуп алсын,ал мамлекеттерге жетуу кыйын формасына тем более,мына коросунор мурда да бир кызыл форма чыгарышкан,мажбурлашканынан алып бергенбиз,кийин кайра кийбегиле деп кыздарыбызды урушкан учурлар болгон,кызык шахматный эле
0
BAYAW-KG
2015-08-28 00:19:02
Айылдагы ата-энелер эмне кылат анын устуно айылда кыйраткан иш жок элге дыйканчылык кылып мал багып эптеп жашап болдарын окутуп жаткандар канча 3 же 4 баласы барлар бар алар чы?
+1
marjana
2015-08-28 02:39:36
ээ ушул чондордуку отту алып койгондор эми эмне кылабыз эмне дагы башка алып беребизби
0
Eliza761024
2015-08-28 12:43:47
Бирдей единый формага отуу копчулугубузду бушайман кылды.бирок жогору жакта сурагандарга жооп жазгым келди.Форма сатып алгандар 1 сентябрдан баштап кие беришет,ал эми жокторго 30 сентябрга чн кысымга албайт деп айтылды жогору жактан. Ошондой эле тигилген костюмдардын сапаты баасына жараша болот экендигин байкадым.кээ бир колунда барлар атайылап турциянын материалынан заказ берип тиктирип жаткандары бар экен.эгер мен балама кийгизбейм дегендер директорго кирип шартын тушундуруп чечсе болот дешти.
0
admin_portal
2015-08-28 12:48:21
Eliza761024 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
kg.almasveek
2015-08-28 16:08:17
Адам баласына жакпаган нерсе болуп калган го! Эркин мамлекет деп кантип айтабыз зордуктап кийгизип алдырып атса орточо айлык 5-6мин болуп жатса 4-5баласы барлар кантип алат бул нерсени илгерки эле форма жакшы болчу, ак корнок кара шым
0
musapyr
2015-08-28 16:44:13
Анда эмнеге 2680 сомго сатышты? Эмне учун баардык жерде бир баада эмес!
0
ROZA-87
2015-08-28 21:22:16
Эн жакшысы ак кофта, кара юбка
0
Feijipiao
2015-09-05 02:24:36
Мектеп формасы деди алып беришти,эми эн жаманы мектептен мектеп которгузуп жанды кашайтты дейт бир эжекебиз.Корсо кызы 10-класс экен 4 окуучу болгонуна байланыштуу башка мектепке барып окугула деп мектептен кууп жатышыптыр.Жетим козудай коздорун жалдыратышып мектебине барса дагы не келдинер каякка барсанар ошол жакка баргыла деген жоопту угушат экен.Тушунбой калдым эмне болуп жатат.Ошол эле мектепте эмес копчулук мектепте ошондой болуп жатат.Эгер мумкун болсо ушул туралуу да маалымат берсениздер
0
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан