«Гаишниктер», «Сүйө бил» тасмаларынын жылдызы Алиман Дүйшөналиева шаарда апасы менен сейилдеп жүрүп тоноочунун курмандыгы болгонун айтат. Белгисиз жигит актрисанын баштыгын ала качууга аракет жасаган. Максатына жетпеген соӊ тим болбой, Алимандын артынан кайра келген. Ызы-чуу түшкөн Алиман атасын чакыртып, тоноочуну кармоого аракет кылышкан. «Атам аны кармайм деп тайып жыгылып колун сындырып алды. Акыры ал жигитти кармап, милиция кызматкерлерине тапшырдык. Көрсөтмөдө аракка акчасы жоктугунан ушундай кадамга барганын айтыптыр. Ошол окуядан соӊ көчөгө жалгыз чыккандан кооптонуп, чочулап жүрөм»,- дейт актриса.