ЖАМАЛ СЕЙДАКМАТОВА ЛЕЙЛЕК ТУУРАЛУУ КИНО ТАРТАТ

Атактуу актриса Жамал Сейдакматова Лейлек жергеси тууралуу тасма тартууга ашыгып жүргөн кези. Дегенибиз, Жамал айым жакында ал жакка «Туӊгуч» театры менен чогуу спектакль коюп барган.
«Ошондо Баткендин кооз табияты, асман тиреген тоолору Голливуддун декоративдик тоолорун элестетти. Бир карасаӊ тоолор коркунучтуудай көрүнөт, бир карасаӊ сулуу көрүнөт, айтор, абдан табышмактуу жер экен. Ичимден кино тартса болчудай экен деп койгон элем. Эли меймандос, берешен, жөнөкөй экен. Кайтып келе жатканда Исхак Раззаковдун мекени тууралуу сөзсүз кино тартпасам болбойт деп ниет кылдым эле. Келип демөөрчү издедим. Буюрса, демөөрчү табылды, сүйлөшүүлөр бүтсө эле тартуу иштерин сентябрь айында баштаганы турабыз»,- деп билдирди.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
shutUP
2015-08-24 10:08:47
ийгилик эжеке!
0
Topchubai
2015-08-24 12:45:18
Мени дагы кино пробага чакырасызбы?
0
Aikoo2014
2015-08-24 13:32:41
Жагымдуу кабар экен! Ишинизге ийгилик!
+1
Suikumduu98
2015-08-24 13:50:44
super kg ушул Ж.Сейдакматова жетектеген Тунгуч театры жана андагы окуучулар жонундо кенерирээк маалымат алып бериниздерчи?
+1
admin_media
2015-08-24 14:42:28
Suikumduu98, саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
Рахмат!
0
uulbu92
2015-08-24 23:52:00
чындыгында Лейлек абдан кооз. Менин киндик каным тамган жер.
0
Kari.94.kg
2015-08-25 11:42:52
Аиии тобом кокко жетти,Жамал эже сизге рахмат
0
Karagat98
2015-08-25 16:03:50
Браво Жамал эже!Биз, Лейлектиктер сиз меменен!!!
0
hadiya
2015-08-26 17:02:46
Соонун жанылык го!!
0
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан