СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Ато-у, мен келдим,- дедим колунан өөп. Атам да менин колумдан жумшак өөп, чачымдан сылады.
– Ата, сиздерди кандай сагындым дейсиз?! Бошоорум менен учуп келдим,- дедим. Атам унчукпады.
– Ато-у, сиз да мени сагын­дыңызбы?- деп сурадым божурап. Атам дагы эле унчукпай башын ийкеди. Мурда бир күн жок болуп калсам “эне кызым, сен жок болсоң үй аңгырап калат экен. Турмуш күтүп кетсең сенсиз кантип чыдайбыз? Мен үчүн дагы эле наристе бойдон­суң, периштенин өзүсүң” дечү атамдын унчукпаганына таң калдым. Ичимден бир жума келбей калганыма таарынып калган го, жарыктык киши деп коём. Аңгыча апам келип мени өөп-жыттады.
– Апа, атам мага таарынып калдыбы, эмнеге сүйлөбөйт?
– Атаң таарынган жок, кызым... Капа болбо, каралдым, бул да болсо Кудайдын сыноосу,- деп апам мукактанды.
– Ата... Апа... Силерге эмне болду? Мен таарынттымбы, капа кылдымбы же бир ката кылдымбы?
Атам башын чайкап, колун жаңсады. Апам жоолугунун учу менен көзүндөгү жашты аарчып:
– Ушул эле жетпей тургансып атаң тилден калды... Сүйлөй албай калды, кызым,- деди. Мен дендароо болуп катып калдым. Бир топко чейин атама телмире тигилдим. Атамдын сүрдүү каректери кайгыга чыланып, жалдырап калыптыр.
– Мүмкүн эмес, жок... Мүмкүн эмес, ата, кызым деп айтыңызчы?! Кызым деп айтыңыз,- деп тамагым буулуп атамды жулкулдатып, зыркырап ыйладым.
Атамдын эмне күнөөсү бар эле? Жетим калганы, жетимдиктин азабын тартканы, кийин перзенттерине өзү көргөн күндү көрсөтпөйм деп машакаттанганы аз беле?!
Күндөрдүн биринде негедир атам оңдонуп, колдорун көтөрүп, кыймылдай баштады. Ошондо кубанычтан жүрөгүм жарылып кете жаздап сүйүнүп алдым. Анткени мени эркелетишин, чачымды сылап бешенемден өбүшүн сагынган элем. Бирок көрсө, аттиң дүйнө атам жашоого эмес, акыретке оңдонуп, түбөлүк дүйнөгө даярданган экен. Ошол күнү атам бозоруп отурган мени нурсуз көздөрү менен аяп караганын билем. Көкүрөгүнө башымды коюп шолоктоп ыйлаган менин чачымдан жансыз сылап, өзү да кошо ыйлаган. Ошондо атамдын ыйлаганын биринчи жолу көргөм. Атам экөөбүз акыркы жолу үнсүз сырдашып, үнсүз түшүнүшүп, үнсүз коштошуп жатканыбызды жүрөгүмдүн түпкүрүндө сездим. Атамдын ажал менен арбашып жатканын туйган апам чоң атамды чакыртты. Аңгыча эжем келди. Жүзүн кат-кат бырыш баскан чоң атам дирилдеген эриндерин кыбыратып, көз жашын да байкабай, атамдын колдорун укалады. Анан сүрөө окуп баштады. Биз апам, эжем үчөөбүз ичибизден кайра-кайра келме келтирип, атамды канчалык ажалга ыраа көрбөсөк да, аргасыз пендечиликке баш ийип турдук...
Атам дирт-дирт этип алсыз дем алып, нурсуз каректери коюуланып бара жатты.
– Сен, каралдым, сыртка чыгып тур, сени кыялбай кармалып жатат окшойт,- деди чоң атам мага карап. Мен башымды чайкап каршылык көрсөттүм. Апам да башын жаңсап, жаштуу каректери менен чыгып туруумду өтүндү. Босогого жеткенимде артымды карасам, чоң атам калтыраган колдору менен атамдын көздөрүн жаап, ак жибек жоолук менен ээгин таңып жатыптыр.
– Жо-ок, ата, мени таштаба-а!- деп кыйкырган бойдон босогону кучактап жыгылдым. Бир боорунан айрылган чоң атам эриндерин эмшеңдетип ыйлап отурду.
– Чоң ата, чоң ата дейм ... Атам кана? Атам...- дедим ага жалдырап.
– Атаң акыретке кетти, Кудай ырайымына алып, жайы жаннатта болсун,- деп алсыз күбүрөдү.
Ошентип күздө атамдан айрылдым. Заманам куурулуп, опол тоодой аска-зоом кулап мөгдүрөдүм.
Кантсе да апам менин бирден бир тирегим, ишеничим болуп калган эле. Эми анын да минтип төшөк тартып жатып калышы, мени мөгдүрөтүп да, жүдөтүп да, чыйралтып да таштады. “Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар” дегендей, бир туугандын жолу башка, ал эми ата-эненин орду таптакыр башка экенин билдим.
...Күндөрдүн биринде кошуна жашаган жездем апамдын ахыбалын сурап келип, кетерде мага карап:
– Айткандай, кечээ Ошто командировкада жүрсөм, сага бирөө кайра-кайра чалды эле. Шаардамын деп айтсам СМС жазып жибериптир,- деп чөнтөк телефонун мага сунду. Таң калып ачып окусам, “Жаным, мага чал. Бактияр” деп жазылып туруптур. Ошондо гана ага жездемдин телефон номерин калтырганымды эстедим. Дүнүйөм түгөлдөнүп, кубанычым ааламга сыйбай, жүрөгүм опкоолжуп кетти. Мени унуткан эмес экен. Мага түбөлүк арка-жөлөк болчу жан биргемдин бар экендигин ойлоп бутум жерде, башым асманда каалгып турду.
– Жезде, телефонуңузда бирдик бар беле?
– Сүйлөшкөнүңө жетет, анан үйгө алпарып берерсиң, мен кете берейин,- деп чөнтөк телефонун таштап чыгып кетти. Эртеден кечке номерин улам терип, байланыша албадым. Эки күндөн кийин райондун борборундагы телеграфтан Бактиярга кайра чалдым.
«Алло» деген добушту укканда үнүм буулуп, араң жооп бердим.
– Салам, мага ушул номерден Бактияр СМС жазган экен.
– Малика, сенби?- деди бейтааныш бирөө.
– Ооба, каяктан тааныйсыз, ким болосуз?- деп сурадым.
– Бактияр сен жөнүндө көп айтат. Ошондон билем, менин атым Кажы.
– Кажы?
– Өз атым Хажыакпар, досторум ушинтип аташат,- деди.
– Кажы, Бактияр менен сүйлөшсөм болобу?
– Сүйлөшсөң болот эле... Бирок...- деп бир нерсени айта албай кабатырланып жаткансыды.
– Эмне болду?- деп жүрөгүм болк этип коркуп кеттим.
– Биз аны таппай жатабыз, үйүндөгүлөрү да. Атасы аны издеп кечээ Бишкекке кетти.
– Кажы, эмне деп жатасың? Түшүндүрүп айтчы!
– Сөздүн кыскасы, достор ойноп Арсланбапка барган элек. Кыздар да бар болчу. Ошол... Ичтик, ойноп-күлдүк, Бактияр мастыкка алдырып бир кызды...
– Эмне-е?
Колум калтырап коркконумдан трубканы коюп салдым. Бир топко өзүмө келе албай калчылдап, титиреген колдорум менен кайра номерди тердим:
– Алло... Кажы, кызга эмне болуптур?
– Кызды эмне кылмак эле, кыларын кылыптыр. Азыр анын ата-энеси Бактиярдын үйүндө отурат. Кызды да алып келишиптир. Башка эч нерсе билбейм...
Көзүм караңгылап, үстүмдөн ылдый бирөө суу чачып жибергенсип муздай түштү.
– Бактияр... Мен эмне кылам? Мени ойлободуңбу? Сага болгон сагынычымды, кусалыгымды, дартымды айтам деп келдим эле го... Бул кандай күн болду, каякта жүрөсүң?- деп кабинкада ыйлап отурдум. Анан оюма бир нерсе кылт эте түштү. Ал жатаканага барат, ал жерде жок болсо, анда сөзсүз шаар четиндеги көлдүн боюнда ар дайым экөөбүз барып эс алуучу бир үй бар, ошондо болот. Анткени Бактиярдын себепсиз тияк-биякта жүрчү да, ар кайсы жакта түнөп калчу да адаты жок эле. Шаардагы классташтарыма, тааныштарыма телефон чалып, Бактиярдан кабар алууларын, аны издеп табуу керек экендигин түшүндүрдүм. Алар менин өтүнүчүмдү кабыл алышып, кабар болсо билдире тургандыктарын айтышты. Тилекке каршы, эки күн издеп шаардан Бактиярды таба алышпады. Биз жашаган жатакананын башчысы гана “Малика кеткенден кийин ал да кетип калды. Ошол боюнча Бактияр келе элек” дептир. Муну уккан соң түндө бакка чыгып ыйлап-ыйлап алдым.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aiklaus
2010-01-19 03:30:04
Tundo bakka chygyp degeni kandai bakchaga dese bolot go deim men bakktyn ustuno chykty eken dep oilop ketiptirmin
0
aizita
2010-04-27 23:55:53
juroktu yilatyp jiberet eken...
0
№ 376, 15-21-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан