МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ…

(Башталышы өткөн сандарда)

Балким, ушул боюнча жолукпай калышса ортолорунда эч нерсе болмок эместир. Бирок уулунун келечегин ойлогон ата-эне Карыпбек менен үй-бүлөлүк катышты бекемдөө максатында көп чакыра башташты.
– Адел, бизди конокко чакырып жатышат. Алмазбек майрамга карата келип кеткиле дейт.
Адел селт эте чочуп кетти. Көз алдына дароо Тимурдун жүзү тартыла түштү.
– Мен баргым келген жок, үйдө эле калайынчы.
– Үйдө жалгыз эмне кылмак элеӊ? Айкөл дагы командировкада. Жүрү, тез эле келебиз.
Карыпбек ыргылжыӊ болуп турган колуктусуна өктөм үн катты. Адел эки анжы ойдо. Бир оюнда күнү-түнү ээрчиген көздөрдү дагы бир ирет көрүп алгысы келсе, кайра ошол нерседен коркуп турду.
– Жок, мен барбайм!- деди чечкиндүү. Карыпбек өзү жалгыз кетти.
Тимурдун издегени эле Адел болчу. Карыпбек жалгыз келгенде ичинен менден качып жатат деп ойлоду. Кээ бир адамдар болот, кооптуу жагдай түзүлсө ошол жакка карай жакындайт. Тимурдун кумарлуу жүрөгү Адел деп дегдеп жатты. Ого бетер каны дүргүп, кандай болсо да көргүсү келе баштады. Ата-энесине бир шылтоо айтып, үйдөн чыгып түз эле Карыпбектикине жөнөдү. Ага үйдү табуу оор болгон жок, анткени ата-энесинин кебинен улам кайсы жерде жашаарын билип алган эле. Дарбазанын эшиги ачык экенин көрүп ичинен кым дей түштү. Бакчада жалгыз отурган Аделди көрдү. Кыздын ийиндери дирилдей үнсүз ыйлап жаткан экен. Чөгөлөй отура калды.
– Адел!
– Сен кайдан?- деди чочуп кеткен келин.
– Сага келдим,- деп аптыккан жигит Аделдин назик колдорун кармалап өөп жиберди. Мындайды күтпөгөн келин аз жерден ээси ооп кала жаздады.
– Адел, сени көргөндөн баштап...
– Унчукпа, эч нерсе дебе!
Аделдин жаш чайыган көздөрү бактылуу эле, «келди, мени издеп келди» деп жатты бактыга чалкыган жүрөгү. Келин шырп деген үндү угуп селт эте берди. Башын көтөрүп маӊдайында турган Айкөлдү көрдү. Көзүнүн жашын он талаа кылып ыйлап отурган Аделди көрүп Айкөл таштай катты да калды. Анан акырын бурулуп караӊгылыкка сиӊип кетти. Муну артын салып отурган Тимур байкаган жок.
– Кет, мунубуз болбойт,- деди шыбыраган Адел.
– Азыр кетем, бирок сенден ажырай албайм. Мына, бул номурга чалып тур,- деди ал телефон номурун берип. Анан кантип шыпылдап кирип келсе, ошондой шыпылдап чыгып кетти.
Адел жалгыз калды. Эмне иш болуп кеткенин акылына сиӊире албай дендароо. Эне сүтү оозунан кете элегинде, эч кандай сезимдин даамын татып, бир да жигитке колун кармата элегинде Карыпбекке аял болуп отуруп калган. Тагдырына баш ийип бергени менен, жүрөгү чоӊ сезимге куса болуп келген эле. Тээ жүрөгүнүн түпкүрүндө сүйүү дегдеп, жаштык каны алоолонуп бушайман болчу. Карыпбек канчалык камкор болбосун анын ысык сезимине жооп бере алмак эмес. Алоолонгон өрттөй болуп каптап келген бул сезим дүрт этти. Мына эми, аны эр болсо бирөө токтотуп көрсүн.

ххх

Айкөл Адел менен Тимурду көрүп терс бурулуп басып кетти. Бакчанын эч ким көрбөгөн жерине барып сулк кулады. Алыс жолдон келгенгеби, денеси талып, жаны жер тартып турду. Башын канчалык иштетсе да көргөн нерсесине ишене алчудай эмес. «Ким бул? Кайдан чыга калды?» деп өрттөнүп жатты көкүрөгү. «Бул Адел эмес, мен жакшы билген адам бул эмес» деди. Кийинки күндөрү анын жүзүнө тике карай албай жүрдү.
– Айкөл байке, сиз бир жумадан бери көзүмө тиктей элексиз.
– Ишим көп болуп чарчап жатам,- деди күӊк эткен Айкөл.
– Жок, себеби башка экенин экөөбүз теӊ билебиз.
– Адел...
– Айкөл байке, мага жардам бериӊиз!
Жүрөгүн кыскан сезимдеринен улам аптыгып ыйлап жиберди. Алсыз, чарасыз өпкө кага ыйлап жаткан Аделди карап Айкөл түтпөй кетти.
– Адел...
– Эмне болуп кеткенин өзүм деле билбейм. Бир көрдүм, ошондон бери тынчым кетти. Ал жүрөгүмдү уучтап колуна кармап кеткендей абалда жүрөм. Дайыма көргүм келип, үнүн уккум келет. Күнөөгө батып жатам, кыйналып кеттим. Мындай сезим менде эч качан болгон эмес, Айкөл байке.
– Таякем билсе эмне болорун билесиӊби?
– Билем, өз колу менен мууздап салат.
– Ким ал? Ошол жигит сенин көз жашыӊа татыйбы?- ызалуу үн каткан Айкөл эрдин тиштей токтоп калды. Аделдин көздөрүнөн анын балалык карегине сүйүү тамчылап турганын, болгондо да чоӊ сүйүү экенин сезди. Ичине өрт түшкөндөй туйлап кетти.

ххх

Тимур биринчи жолу канын дүргүтүп, башын айланткан сезимге туш болду. Анткени Адел ага чейин жолуктурган бир да адамга окшочу эмес. Аялдан мынчалык назиктикти, ишенчээктикти, тазалыкты көрбөгөн. Аны менен кезиккен айымдардын баары өзүнө-өзү ишенген, акылдуу, билимдүү боло турган, бирок аялдык назиктик, мээрим жок эле. Ал Аделден чыныгы аялга тиешелүү касиет-сапаттарды көрдү да, байланып калды. Башынан эле бир нерсени аягына чейин ойлоно бербеген адаты бар эле, бул жолу да багыт алган жолу калпыс экенин капарына албады. Дегдегени эле Аделди бир көрүү, өзүн көргөндө ак саргыл жүзү албырып кайда качарын билбей калган чарасыз элеси көз алдына келет да күлүмсүрөп алат. Дал ошол Аделди көрүп туруш үчүн Карыпбектин ишеничине кирип, тыгыз байланыш түзө баштады. Карыпбек менен көп кезиге турган болуп, анын иштөө графигин да билип алды.
– Адел, иштер менен чет өлкөгө жөнөйм. Менин кийимдеримди даярда!- деди Карыпбек.
– Каякка, канча күнгө?
– Москвага, канча күнгө экенин билбейм.
Адел үн катпай күйөөсүнүн кийимдерин даярдамакка уктоочу бөлмөгө кирди. Ошол замат телефону шыӊгырады. Бул Тимур болчу.
– Кандайсыӊ, сулуу кыз?- деди адатынча шайыр.
– Азыр сүйлөшө албайм,- деди ал үнүн акырын чыгарып.
– Сөзүм кыска эле. Эртеӊкиге чейин чыдай албай койдум. Баса, эртеӊ экөөбүздүн күнүбүз, билесиӊби?
Аделдин көздөрү алаӊдап коркуп кетти. Эмне дээрин билбей телефонду коюп салды.
– Эмне болду? Бирөө менен сүйлөшүп жаттыӊ беле?
– Апам чалыптыр.
– Эгерде келе алса мен жокто сенин жаныӊда болгону жакшы.
– Макул, айтып көрөйүн.
– Мени карачы, эмне өӊүӊ купкуу болуп турат? Кийинки кездери арыктап кыйналып кеттиӊ. Балким, бир жериӊ ооруп жаткан болбосун, дарыгерге алып барайынбы?
– Жок, жок,- деди жан талаша баш чайкаган Адел. – Баары жакшы, эч жерим ооруган жок. Кабатыр болбой барып келе бериӊиз. Апам бош болсо менин жанымда болот.
Эртеси күйөөсү узап кеткенден кийин Адел өзүнө орун таба албай бушайман болуп жатты. Бирде туруп, бирде отуруп, албырган жүзүн муздак суу менен жууп алдастайт...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
kgul
2015-08-31 09:39:12
ииииий байкуш кыз дессе
0
kgul
2015-08-31 09:39:59
суйуунун озу кандай керемет ее
+1
Adik01219
2015-08-31 09:43:46
Уят адел Бир жолу эле барып жатып ал.,карыган адамга канбай атса керек да.,
-5
aikol87
2015-08-31 09:53:40
Кызыгы Эми башталдыго.Аделдин боюнда болуп калса эле Эми Тимурдан.
0
jypar.i
2015-09-01 00:01:06
Ушул повесть боюнча кино тартса, сонун фильм жаралмак, сюжети жакшы экен
0
Gulnaz.GS
2015-09-01 04:27:10
Superчилер бузулган адамдар жонундо гана окучу болдук.жакшы нерсеге ундочу чыгарма жокпу
-2
Mavlyuda
2015-09-01 08:56:09
Мына сагааааа
0
Pantherka
2015-09-01 14:21:52
Ошон учун жаш аял албаш керек баарибир кетет башкага)))))))
+1
zinza.girl
2015-09-04 21:07:42
абдан сонун чыгарма экен мага жакты
0
medina.
2015-09-04 22:14:29
Анан?
0
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан