ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (31-августтан 6-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын биринчи жарымы жол жүрүүгө, кеӊешмеге катышууга, жаӊы орунга көчүүгө, үйдүн пайдубалын куюуга ылайыктуу. Бул жаатта пландарыӊыз болсо, ишке кирише бериӊиз. Аптанын экинчи жарымында өзүӊүздү жакшы сезбей, ишиӊизде баш аламандык өкүм сүрүшү мүмкүн. Чоӊ ката кетирбөөгө аракет кылыӊыз. Апта аягында бирөөлөргө жакшылык кылып кереги жок, аныӊыз баары бир бааланбайт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Тилектериӊизди ишке ашырууда бут тосууларга кабыласыз. Таасирдүү адамдарга таянсаӊыз гана тоскоолдуктарды жеӊе аласыз. Ашыкча чарчап-чаалыгуу ден соолугуӊузга зыян тийгизет. Айрымдар балалуу болууну пландашса, кээ бирлер эски сүйүүлөрүнө кайтып келишет. Акчаны карызга алуудан баш тартыӊыз, анткени майда-чүйдөгө эле жок болуп, орду табылбай калат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Үйдө көбүрөөк болуу максатыӊыз ишке ашпайт. Иште жумуштар көп чыгып, кеч калып иштөөгө туура келет. Үйгө керектүү тиричилик техникасын сатып келүү да сизге тапшырылат. Кыскасы, жума күнгө чейин түйшүк көп болот. Ишембиде туугандар кызыктуу жаӊылыктары менен бөлүшүшөт. Жекшембиде эски сырдын айынан досуӊуз менен мамилеӊиз бузулушу ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта маселелерди чечүү үчүн мекемелерге баш багууга, дарыланууга ылайыктуу. Бирок чөйрөдөгүлөргө этият мамиле жасабасаӊыз, уруштун себепкери болуп каласыз. Уккан ушактарга маани берүүнүн кереги жок. Сизге убада берген адам сөзүнө туруп, зарыл буюмуӊузду колуӊузга карматат. Коомдук жайларда капчык менен документтерге сак болуу кажет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада бир нерсени сатып алардан мурун анын сизге канчалык керектүүлүгүн ойлонууӊуз зарыл. Болбосо артында өкүнүп каласыз. Сырткы келбетти өзгөртүүгө шашылбаӊыз, жыйынтыгы жакшы болбойт. Жеке жашооӊузда сезимдериӊизди түгөйүӊүзгө туура билдирүү талап кылынат. Аптанын аягында банкетке барасыз же көптөн күттүргөн жолугушууга туш келесиз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Чыгармачыл адамдарга эргүү келип, жаӊы долбоорду ишке ашырышы ыктымал. Соода жаатында иштегендер шеригинин чынчылдыгын сынап, жиндерине тийбөөлөрү керек. Бир нерсе боюнча шек жаралса, ачык сүйлөшүү сунушталат. Мал сатып алууну же курста окууну самагандардын ою кыялдангандай ишке ашат. Апта аягында балдар түйшүккө салат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Көндүм эмес тамак-ашты жана дары-дармекти ичүүдө абайлабаса, аллергияга кабылуу коркунучу бар. Бойдоктор «тандаган адамым идеалдуу» деп куру кыялга берилбей, анын мүнөзүн жакшылап талдоолору керек. Шаршембиде эскерүү кечесине катышууӊуз ыктымал. Жума күнү аласаӊызды кайтарып беришет. Апта аягында энергияӊыз азаят, иш пландабай туруӊуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада шашылыш чечим чыгаруунун кажети жок. Жаӊылыш ойдун курмандыгы болуп калууӊуз ыктымал. Сүйүктүүӊүз досторуӊуздан сизди кызганып чатак чыгарбашы үчүн интригага аралашпаӊыз. Апта башында көптөр үчүн кеӊешчи болуп, алкышка бөлөнөсүз. Аптанын ортосунда тойго чакырык алууӊуз мүмкүн. Эс алуу күндөрү үйдөгү майда-барат жумуштар менен алпурушасыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Кызматтан көтөрүлүүгө жол ачылат. Сизге жакшы төлөнүүчү жаӊы иш тапшырылышы мүмкүн, ойлонуп көрүӊүз. Кээ бир адамдардан кол үзүү, жаӊы тааныштар менен байланыша баштоо күтүлөт. Дүйшөмбүдө дарегиӊизге сын айтылат, жинденбеӊиз, өзүӊүзгө болгон ишеничти жоготпоӊуз. Бейшембиде бир ишти баштоодон мурда арты кандай болорун талдаӊыз. Ишембиде кабар келет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Орто жерден олжого ээ болуу тууралуу ойлорду жыйыштыруу керек. Ал ишиӊиз эртедир-кечтир билинип, аброюӊузга доо кетет. Бирөөлөрдүн убадаларына ишенбеӊиз. Жакындарыӊыздын маселелерине түшүнүү менен карап жардам бериӊиз. Көпчүлүк катышкан кечеде мактоого арзууӊуз мүмкүн. Ким менен сырдашып сүйлөшкүӊүз келип жүрсө, жолугушууну апта аягына пландаӊыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта оӊдоп-түзөө иштерине, керексиз нерселерден арылууга ылайыктуу. Каржылык тартыштык жаралбашы үчүн сатуу, сатып алуу дегендерди токтото туруӊуз. Айрымдар жумушуна байланыштуу иш сапарга чыгышат. Жылдыздар жаракатка же башка кырсыкка учурабашы үчүн кичинекей балдарды өз алдынча коё бербей, сак болууну эскертишет. Имиджди өзгөртүү планы жаралат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Ден соолугу начарлагандар өз алдынча дарыланбай, ооруканага көрүнүүлөрү зарыл. Үйдөгү буюмду убактылуу колдонууга бирөөлөргө бербөө керек, сындырып же кайтарып бербей коюшат. Апта ортосунда документтерге байланыштуу маселе чыгышы мүмкүн. Таарынышкан жубайлар тил табышып, чогуу эс алууну пландашат. Ата-энеӊиз же бир туугандарыӊыз төрүӊүздү атташат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан