Уран Ботобеков, коомдук ишмер: «ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООДО ЭКИ ИДЕОЛОГИЯ ТИРЕШЕТ»

– Уран мырза, шайлоого катышчу саясий партиялар талапкерлердин тизмесин, чама-чаркы менен каржысын тактап, аламан байгеге аттанганы турушат. Бул жолку шайлоонун маанисин кандай баалар элеӊиз?
– 4-октябрда Кыргызстандын тарыхында үчүнчү ирет толук партиялык негизде (2007-жылдын декабрь, 2010-жылдын октябрь айы) өткөрүлүп жаткан шайлоонун жыйынтыгы мамлекеттеги эки чоӊ саясий маселеге тикелей таасир этет.
Биринчиси, өлкөдө түптөлө баштаган парламенттик башкаруунун келечек тагдыры күздөгү шайлоонун жыйынтыгынан түздөн-түз көз каранды. Шайлоонун жыйынтыгына жараша Жогорку Кеӊеш партиялык атаандаштыкты, коалициялык башкаруунун маданиятын жана фракциялык ички тартипти чыӊдаган жоопкерчиликтүү мамлекеттик бийлик түзөт, же тескерисинче Кыргызстанда парламентаризмдин «терисин жамынган» авторитардык башкарууну өнүктүрөт.
Экинчиси, алдыдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы 2017-жылы өтчү президенттик шайлоонун пайдубалын түптөп берет. Алмазбек Атамбаевден соӊ келчү президенттин тагдыры Жогорку Кеӊеш ичиндеги саясий конфигурацияга, ошол кездеги коомдук процесстерге жана электоратка таасир эткен ички, сырткы факторлорго байланыштуу болот. Демек, быйылкы парламенттик шайлоо 2017-жылкы президенттик шайлоонун «генералдык репетициясы» болот. Андыктан азыркы шайлоонун жыйынтыгы акыйкатта Кыргызстандын жакынкы беш жыл аралыгындагы тагдырын аныктоочу тарыхый мааниге ээ.
– Сиздин оюӊузча парламенттик шайлоодо кайсы партиялар негизги оюнчулар? Алардын бири-биринен башкы айырмасы эмнеде?
– Парламенттик шайлоо өнөктүгү башталган соӊ аламан байгеге катышуу оюн отузга чукул саясий партиялар билдиришкен эле. Бирок уюштуруу съездин өткөзүп, талапкерлердин тизмесин түзүп, Борбордук шайлоо комиссиясына 5 миллион сомдук күрөөнү койгон саясий партиялар араӊ ондон ашты. Алар: «Ата Мекен», КСДП, «Бүтүн Кыргызстан – Эмгек», «Азаттык», «Бир бол», «Республика – Ата Журт», «Ар-намыс», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «Замандаш», «Мекен ынтымагы», «Улуу Кыргызстан» жана башка саясий партиялар.
Булардын ичинен «Ата Мекен» партиясы 2010-жылдын октябрынан соӊ «шайлоодон шайлоого чейинки активдүү аракет» стратегиясын карманып, участкалык шайлоо комиссияларына өз өкүлдөрүн киргизип, жер-жерлерде партиялык уюмдарын ачып, электорат менен эки тараптуу байланышта болуп келди. Ал эми КСДП артта калган беш жыл ичинде бийликти чыӊдоого, район, шаар, айыл башчылыгына өз өкүлдөрүн дайындоого, жергиликтүү шайлоо аркылуу бийлик вертикалын күчтөндүрүүгө аракет кылды. Ошондой эле «Бир бол», «Республика – Ата Журт» жана «Өнүгүү» партиялары акыркы бир жылда олуттуу финансылык ресурс жумшоо менен баштапкы уюмдарын чыӊдоого жетишти. Башка партиялар шайлоого карата даярдыгын акыркы 6 айда башташып, партиялык идеологиясын иштеп чыга элеги да бар.
Партиялык идеология демекчи, «Ата Мекен» мурдатан калыптанган позициясы, саясий принциптери жана демократиялык баалуулуктар үчүн күрөшүп келген партия катары белгилүү. Ал эми КСДП беш жыл ичинде президенттин партиясы катары иштеди. Аны ажо өзү да айтып жатат. Жаӊыдан түзүлгөн «Бир бол», «Кыргызстан» партиялары убакыттын тартыштыгынан улам саясий идеологияга эмес, көбүрөөк финансылык ресурска үмүт артат.
Ушундан улам алдыдагы парламенттик шайлоодо эки үлкөн идеология таймашат. Партиялардын идеологиялык, электоралдык жана институционалдык өзгөчөлүктөрүн эске алганда, «Ата Мекен» социалисттик партиясы менен КСДПнын атаандашуусун күтсөк болот.
Демек, саясий күрөш эки чоӊ топтун ортосунда жүрөрү күтүлүүдө.
– Ал эми бийликке радикалдуу сын айтып жаткан «Эгемендүү Кыргызстан», «Азаттык» партияларынын шайлоо платформасын кандай баалайсыз?
– Эки партияга теӊ ийгилик каалайм. Бирок экөөнүн теӊ жер-жерлердеги баштапкы уюмдары эми гана түзүлүп, уюштуруу иштери жаӊыдан башталууда. Шайлоодо партиялардын радикалдуу сыны менен бирге баштапкы уюмдардын активдүүлүгү, электорат менен жүргүзгөн үзгүлтүксүз иши, активдүү жарандык позициясы жана акыркы беш жылдагы ишинин эффекти абдан маанилүү.
– Партиялардын шайлоо тизмеси боюнча жеке оюӊуз кандай? Ал демократиялык негизде түзүлдүбү?
– Демократиялуу өлкөлөрдө шайлоо тизмеси ачык жана атаандаштык негизде түзүлөт. Мен билгенден көп партиялардын тизмеси жабык түзүлүп, съезд күнү гана делегаттарга ачыкталды. Андыктан буга нааразы болгондор ар бир партияда бар. Тизме партиянын, калыӊ элдин тереӊ элегинен өтпөгөнү үчүн шайлоо тизмесине криминал өкүлдөрү, капчыктуулар, кошоматчылар кирип кеткени коомду да түйшөлтүп турат. Биз эртеӊки тагдырыбызды ушулардын колуна тапшырабызбы деген түпөйүлдүк эл ичинде бар. Эмнеси болсо да биз тандаган парламент мамлекеттин күзгүсү болот. Андыктан шайлоочулар партиялардын сапаттык тизмесине жараша добуш берет деп үмүт этип туралы.
Акаевдин заманында «Кыргызстан – Борбор Азиядагы демократия аралчасы» деп элитабыз мактанчу эле. Шайлоодон кийин «Кыргызстан – Борбор Азиядагы парламентаризмдин аралчасына» айланабы, ал эртеӊки шайлоонун жыйынтыгына жараша болот.
– Маегиӊизге рахмат!

Айжамал Туратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан