Парламенттик шайлоого катышам деген партиялардын шайлоо алдындагы иш-аракеттери көӊүлдүн борборунда болуп, коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Алардын катарында көп талкууну жаратып жаткан «Ата Мекен» да бар. Ошондуктан «Башканы коюп Манасты айт» демекчи, партиянын тизмесине көз чаптырып көрөлү.
Айрым партиялар сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрүнө таянып «жаштар, аялдар көп партиябыз» дешүүдө. Бул жагынан «Ата Мекенде» абал кыйла башкача. Тизмеде 198 орундун ичинен талап боюнча аялдарга 64 орун (32 пайыз), жаштарга 60 (30 пайыз), улуттук азчылыктарга 33 орун (16 пайыз) берилген. Алгачкы ондукта өз алдынча саясат жүргүзүп келе жаткан инсандар көзгө илинет. Тизменин сап башында Баш мыйзамдын «атасы» Өмүрбек Текебаев. Лидерден кийинки эле тизмеде кинорежиссёр, «Айтыш» фондунун түптөөчүсү, «Курманжан датка» тарыхый фильмин тарткан Садык Шер-Нияз турат. Өмүрбек Текебаев Садык Шер-Ниязды парттизменин өзүнөн кийинки эле орунуна койгондугу жөн жерден эместир.
Партиялык тизменин 3-катарынан орун алган Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду «Бакиевдин кадры» дегендер көп. Чынында ал Бакиевдин убагында аймактык деӊгээлдеги чиновник болчу. Тескерисинче, анын саясий жылдызы Бакиев куулгандан кийин жанды дегенибиз туура болот. Анткени өлкөдө эӊ кыйын саясий кырдаал түзүлгөндө, башкача айтканда, Ош окуясынан кийин Ош шаарын калыбына келтирүүдө кризис менеджердин ролунда болду. Ал учурда Оштун шаар башчысынын моюнуна улут аралык ынтымакты калыбына келтирүү деген оор милдет да жүктөлгөн эле. 2012-жылы жергиликтүү шайлоолордо ал оппозициялык маанайда чыгып, Ош шаарында бийликти утуп да алган. Ушул өӊдүү мисалдар Мырзакматовду өзүн-өзү жасаган жаӊы саясатчы деп мүнөздөөгө жол берет.
Аида Салянова – алгачкы бештиктеги биринчи айым. Өкмөтүнө да, министрине да, сотуна да, депутатына да тийиштүү кылмыш ишин козгоп, коррупцияга каршы бекем, эрктүү тура алгандыгынан коомчулук кабардар.
Бешинчи катардагы дагы бир айым – Наталя Никитенко. Бул айым да «Ата Мекендин» көзгө басар жаш саясатчыларынын бири.
Алдыӊкы ондуктан интеллигент, билимдүү жана жөнөкөй Жоомарт Оторбаев да орун алды. Биринчи-вице-премьер, андан кийин өкмөт башчы болуп, премьерлик отчётун берген соӊ кызматтан кеткен.
«Ата Мекен» социалисттик партиясы ишеним артып, келечегинен көптү үмүттөнүп жаткан жаштардын бири – Жоомарт Сапарбаев. Бул жигит партиянын эӊ жаш депутаты болуп,
V чакырылыштагы парламенттеги ишмердүүлүгүндө тажрыйба арттырды.
Тизмедеги Клара Сооронкулова кызматынан алынгандыгы үчүн «Ата Мекенге» келип калды деген ойлор айтылууда. Артка кылчайып көрсөк, 2010-жылкы Конституциялык кеӊешмеде ал төраганын орун басары болгон. БШКнын, Конституциялык соттун мүчөсү болуп туруп да өзүнүн көз карашына байланыштуу кызматтан бошотулган.
Талапкерлердин алдыӊкыларынын бири Алмамбет Шыкмаматов да өзүнүн чечими менен Адилет министрлигинен кеткен адам. Дегеле бул тизмеде кокустан келип калгандар көрүнбөйт.
Динар Турдугулова