Кыргызстанда бий өнөрүн жанданткан жигиттердин бири, учурда окуучуларды тарбиялап, байма-бай Европа өлкөлөрүндөгү сынактарга катышып жүргөн Атай Өмүрзаков маек берүүгө убакыт таппай жүргөн. Бийчи «атак-даӊк, популярдуулук мени өзгөрттү» дейт. Кызыгы, бийчи маек берүүгө убакыт таппай жүргөндө биз да ошентип ойлогонбуз, көрсө, Атай мурунку бойдон эле калыптыр. Анда белгилүү бийчи менен болгон маек назарыӊыздарда.
– Кандайсыӊ, Атай? Сенин жараткан ийгиликтериӊ биз үчүн кадимки көрүнүш болуп калгандай?
– Саламатсыздарбы?! Биз акыркы жолу Германияда жана Түркияда өткөн долбоорлорго катышып, жеӊишке жетишпесек да өлкөбүздү татыктуу көрсөтө алдык. Элди көнүмүш нерсеге үйрөтө бербеш керек, жеӊиш менен бирге жеӊилүүнү да кабыл алганды үйрөнгөн жакшы.
– Сен жараткан ийгиликтерди окуучуларыӊ басып өтө алыштыбы?
– Ооба, менден озуп өтө алышты. Анткени «Тумар КР» бий тобу Украинадагы долбоордон атак алса, учурда жаӊы чыгып келе жаткан «Адэм» тобу «Тумар КР» бийчилеринин ийгилигин кайталады. Ийгиликке жеттиби же жокпу деп окуучуларымды өзүмө салыштыра бербейм, мен үчүн долбоордо көрсөткөн мыкты жыйынтык жетиштүү. Байгелүү орунга илинсе, демек, ал ийгилик болуп эсептелет.
Бийчилердин мууну алмашып, өспүрүмдөрдүн бий өнөрүнө болгон кызыгуусу артып жатат, мен үчүн чоӊ жетишкендик ушул. Буюрса, Англияда жана АКШда өтө турган сынактарга катышып бүтүп, дүйнөлүк 3D шоу менен коштолгон концерт уюштурууга аракет кылып жатабыз. Ошол нерсе ишке ашкандан кийин бийден биротоло кетсемби деген пландарым бар.
– Ийгиликтин кайсы бир тепкичин багындырган адам катары айтсаӊ,жеӊишке кантип жетсе болот?
– Сөзсүз кыйынчылыкты басып өтүш керек. Жеӊишке канчалык жеӊил жол менен жетсеӊ жолуӊ ошончолук татаал болот деп ойлойм. Жеӊиштин даамын татып жүрө берсеӊ кыйынчылык келгенде өзүӊдү таппай каласыӊ. Мына ушунун баары менин башымдан өткөн. Мен бий өнөрү менен алектенерден мурун Кыргызстан курама командасында футбол ойночумун, кикбокс, таэквондо, баскетбол менен машыгып, спорттун көп түрүндө өзүмдү сынап көрдүм. «Тумар КР» тобундагы Азамат, Саламат менен кичинебизден доспуз, алар сүрөт тартышчу, а мен айкел жасачумун. Анан да мага дем-күч берген апамдын менин аракетиме болгон ишеними деп айта алам. Бизде ата-энелер баласы өзүнө жаккан нерсе менен алектенип жатса «койчу, балам, аны эмне кыласыӊ, андан көрө иште, оку» деп каалоосун бузушат. Тескерисинче, ата-эне баласына ишеним артыш керек, ошондо ийгилик жаралат. Мисалы, кичинемде күзгүнүн алдында туруп алып чоӊ Европанын сахнасында бийлеп жатканымды, элдердин кол чаап, көздөрүнө жаш алып жатканын көрчүмүн. Чехияда жеӊишке жеткенимде ичимден «мен бул күндү кичинемде күзгүнүн алдында элестетип отурбадым беле» деп таӊ калдым.
– Элдин толкуп-ташкан эмоциясын көргөндө кандай сезимде болосуӊ?
– Албетте, сыймыктанасыӊ, ырахат аласыӊ. Бир эле сахнада турганда эмес, интернеттен өзүмдүн видеолорумду, калтырылган комментарийлерди окуп деле жасаган ишиӊе ыраазы болуп кетесиӊ.
– Көп жылдан бери Украинада машыгып жүрөсүӊ, ал өлкөдө ири долбоорго катышып белгилүү болгонуӊду да билебиз. Учурда Орусия менен Украина тирешип турушат эмеспи, сен кайсынысына жан тартасыӊ?
– Саясат өз жолу менен кете берсин. Искусство эл-жер, улут тандабайт. Чынын айтайын, Украинанын эли жагат, Киевди аябай жакшы көрөм. Ал эми Орусияда досторум көп, андыктан бул эки өлкөнүн саясий тирешүүсү менин аларга болгон мамилемди өзгөртө алган жок. Мисалы, украиналыктар «эӊ кыйын робот бийчилер Кыргызстанда» деп эсептешет, ушундай комплиментти көп угам.
– Саясат демекчи, баралына келгенде өзүӊдү саясаттан көрө аласыӊбы?
– Саясатчылар мандат алып жатканда ант беришет го. Мен да ошентип «саясатка такыр аралашпайм!» деп ант берем. Анткени колумдан келбейт, күчүм жетпейт.
– Атактуулук, популярдуулук мурунку жумшак мүнөз, уялчаак Атайды өзгөртө алдыбы?
– Өтө өзгөрдүм. Мурун жумшак, жоош бала элем, бул сапатымдын баары мага жумушта тоскоолдук жаратчу. Азыр катаал мүнөздү өздөштүрүп келе жатам. Мурункудай жаш эмесмин, баарына макул боло бербейм. Бирөөгө каршы пикиримди айта алам. Жаман кыял-жоруктарымды да көрсөтөм. Жылдыз оорусу бир аз жабышкан. Бирок мени тизгиндеп калыпка салып коё турган апам менен байкем бар, жылдыз оорусунун белгилерин байкап калышканда ордума коюп коюшат.
– Маектериӊде апаӊ тууралуу сенден көп угабыз, балким, атаӊ тууралуу да айта кетерсиӊ?
– Ата-энем мен кичинекей кезимде ажырашып кетишкен.Апам бизди жалгыз тарбиялады. Атам мен 9-класста окуп жүргөндө каза болуп калды. Ал кезде белгилүү эмес
болчумун. Атамдын туугандары менен азыр катышып турабыз.
– Жеке фронтту да козгой кетели. Сүйүктүүӊдү таптыӊбы, балким, апаӊды келиндүү кылар күн да алыс эместир?
– Азырынча менин бир эле сүйүүм бар, ал апама болгон сүйүү. Мага үйлөнгөнгө өтө эрте, 30, 40, 50 жашта деле үйлөнгөнгө жетишем.
– Маегиӊе рахмат, сүйүктүүӊдү эртерээк тап!
Лунара Бекиева
star@super.kg