Майрамбек Осмонов, ырчы, обончу: «АТАМ МЕНИ КӨЗҮ ӨТКӨНЧӨ ДУБАНА, ДЕЙДИ ДЕП ЖҮРДҮ»

«Шору эле мен кийген шым багалектин,
Ичинде дайым жүрчүм балакеттин.
Ата-энем мени кандай барктап-бакса,
Мен антип балдарымды бага элекмин»,- дегендей, Майрамбек Осмоновдун таттуу балалыгы өзгөчө окуялар менен коштолгон экен. Ырчынын аруу, таза балалык деген сыйкыр дүйнөсүнө саякаттап келдик.

«БАЛА КЕЗДЕ ЭЭНБАШТЫКТЫН САЗАЙЫН БЕРЧҮМҮН»
– Балалыгым Токтогулдун Толук деген айылында өткөн. Он бир туугандын жетинчисимин. «Жетинин бири кыдыр» дегендей, ата-энеге күйө калганы, башкалардан өзгөчөлөнүп сүйө калганы менмин. Айрымдардын балдарына окшоп ак нан жеп, немистин балдарындай болуп күнүгө түшкө чейин уктап чоӊойгон жокмун.
Атам дайыма буудай, жүгөрүдөн нан бышыртчу эле, кара нан жегим келбеген жаным коӊшу балдардын ак нанына алмаштырып жечүмүн. Көрсө, атам жокчулуктан эмес, пайдалуулугуна карап кара нан жедиртчү экен. Кышында меш жасаганда мени жанына алып, муздак темирди карматып «эй, акмак, үйрөн, кийин кереги тиет!» деп колго чапкылап үйрөтөр эле. Көрсө, атам ошол кезде эле бизди турмушка бышырган экен. Атамдын тарбиясынан улам устачылык өнөрүм бар. Кара жумушту эргүү менен жасайм. 6 жыл башымды көтөрбөй үй салдым. Коӊшу-колоӊдор «Сен кандай баласыӊ? Бир карасак тоого кетип баратасыӊ, бир карасак тойдон келе жатасыӊ, бир карасак усталык кылып тамдын үстүндө жүрөсүӊ» деп таӊ калышат.
Ээнбаштыктын да сазайын берчүмүн. Беш-алты ат кулакты тамыры менен жулуп жипке байлап сүйрөсөм, көчө чаӊга бөлөнүп бопбоз болуп жатып калчу. Каным кайнап, энергиям ашып-ташып турчу. Кой жайганы тоого чыксам да жөн турчу эмесмин. Элдин балдары койлорун жайып коюп жакшынакай болуп китеп окуп отурушчу. Мен болсо бир орунга тура албай, койду жайып коюп 500 метр жерден кыйма-чийме жол менен ылдый түшүп, кайра чуркап өйдө чыкчумун. Эмне Кудайдын азабы билбейм.

«ЭЧ КИМ КЕТИРЕ АЛБАГАН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИН МЕН КЕТИРГЕМ»
– Атам камчы менен сабап жазалачу. Бир жолу Нуржан деген кишинин үйүнүн алдынан кичинекей велосипед көрүп калып, мүшөккө салып үйгө көтөрүп келдим. Атам ал убакта ат менен артымдан келе жаткан экен. Үйгө келип мүшөктөн велосипедди чыгарып жатсам, атамдын басыгы тездеп камчы эмес, ак зым алып келди. «Бул велосипед кимдики, балам?» деди, «таап алдым» десем, «отур тапсаӊ» деди. Отурсам велосипеддин рулун карматып колумду жип менен байлады да, «айда, тапкан жериӊе баралы» деп ал кишинин үйүнө жеткичекти зым менен чаап барды. Ак зымдын чым деп бир тийгени жаныӊды ачытып жиберет экен. «Дагы аласыӊбы?» дейт, «жок, экинчи албайм!» десем зым бир тиет. Ак зым ушунчалык жаныма баткан экен, ошондон кийин бирөөнүн буюмун алгыс болгом. Атам уруп жатканда апам эч качан болушчу эмес.
Айылыбызга элдин кыжырына тийген бир милиция кызматкери келген эле. Аны эч ким кетире албай койгондо, 7-класстын окуучусу мен кетиргем. Айылдагы багар-көрөрү жок бечара кемпирдин көмүрүн түн ичинде милициянын үйүнө ташыдым. Эртеӊ менен тигил кемпир «көмүрүмдү уурдап кетиптир» деп арызданса, элдер уурунун изи менен барып милиция кызматкери жашаган үйгө келишкен. Мен атайын уурунун изи калсын деп себелеп ташыган элем. Анан элдер каргап жатып аны кууп жиберишкен. Ал эч нерсе эмес, эртеӊ экзамен деген күнү агай мектепке келбей калсын деп балдар менен атамдын терегин кесип барып, түн ичинде агайдын ашканасы менен үйүнүн ортосуна тиреп мыктап салгам. Эртеси агай экзаменге кечигип келген.

«ИТТИ ТУУРАП ИТ АТАРЛАРДЫН КОЛУНАН ӨЛҮП КАЛА ЖАЗДАГАМ»
– Бирөөнү туурамай адатым бала кезде эле бар болчу. Мектепти бүткүчөктү 40 адамды туурадым. Элдер «бир эле ооздон кантип 40 түрлүү үн чыгат?» деп таӊ кала беришчү. Айылдагылардын баарын так өзүндөй кылып туурап, алар чычалап жаман көрө баштаганда ата-энемди туурадым. Ошондон кийин айылдагы чал-кемпирлер «эй, сен эч нерсе эмес, бул ата-энесин туурап жатпайбы» деп бири-бирин тыйып калган.
Түн ичинде талаада чөп чаап жүргөндө агайлар жаткан бөлмөнүн оозуна барып эки иттин алышканын туурасам, Жайлообай деген агай бригадирге «эртеӊ ит атарды унутпай алдыргыла, түнү менен эки ит алышып тынчтык бербей чыкты» десе болобу?! Ит атар дегенде эле мага «Майрамбекти аткыла!» дегендей сезилди. Тонду тескери жамынып алып туурачумун, атып салса өлмөкмүн да. Ошондон кийин иттерди туурагыс болгом.
7-классымда биринчи жолу обон жаздым. Агайым обон жазган эле, аны туурап, мен деле обон чыгарып көрөйүн деп «Нооруз» деген ыр жазып койдум, азыркыга чейин ырдалып жүрөт. Бала кезде «Жумамүдүн Шералиев болом» дей берчүмүн. Акыл-эсим токтолуп калганда Түгөлбөй Казаковдун «Насыйкат» деген ырын угуп, Түгөлбөй агай менен ооруп калдым. Кыргыздар баласынын таланты ташкындап жатса да эсепчи кылам деп кыйнай беришет го. Ырчы болгонум үчүн атам мени көзү өткөнчө «дубана, дейди!» деп жүрдү.

«ЭКИ КҮН СҮЙЛӨБӨЙ КОЙСОМ КҮРӨӨ ТАМЫРЛАРЫМ ШИШИП, КАН БАСЫМЫМ КӨТӨРҮЛҮП КЕТТИ»
– Мектепти бүтүп шаарга окууга тапшырганы келе жатканда атам үч миӊ рубль берди. Жол кире окшойт деп ойлоптурмун. «Ме, балам, мага өтүк алып берип жибересиӊ» деди. Келип Токмок шаарына окууга өтүп, ал акчага кызыл аккордеон сатып алдым. Атамдын кеӊ пейилдигине ыраазымын, кийин «өтүк кана?» деп сураган жок. Ошол кызыл аккордеон чыгармачылыгыма ачкыч болуп калды.
Атам көзү өтөргө жакын «Балам, көчөгө чыксам эле баланчанын баласы деп сенин атыӊды айтышат. Алардын көзүнүн назарын буруш үчүн атасынын оозун урайын дубана, ал дейди талаалап калган дечүмүн. Сага ыраазымын, кечинде тойго барып тапкан акчаӊа мага дары ташып жаттыӊ» деп ыйлап жатып батасын берип маӊдайымдан өпкөн эле. Атам 67 жашында көз жумду, апам учурда 75 жашта. Ачка болсоӊ да, ток болсоӊ да ата-энеӊдин тирүү жүргөнү майрам экен.
Сөз тапкычтыгым апамдан өткөн. Ал Токтогулдун белгилүү кошокчусу. Ажыга барып келгенимден кийин апамдын бул өнөрүн калтырдым. Куюлуштуруп сүйлөйт, жакында чалып «тарак алып берип ийчи» дейт, «таракты эмне кыласыз?» десем, «чачымды тарайын, концерт коюп жатыптырсыӊ, билет албасам да колумду чапканга жарайын» дейт. «Иним да келеби?» десем, «ал бул жакта карасынчы сарайын» деп уйкаштырып сүйлөйт. Өткөндө «серьёзный» болуп көрөйүн деп эки күн сүйлөбөй койсом күрөө тамырларым шишип, тамагым буулуп, кан басымым көтөрүлүп ооруп калдым. Бул дүйнө тар болуп, эч жерге батпай кеттим. Мен сүйлөп турбасам болбойт экен.

"Бала кезде Жумамүдүн Шералиев болом дей берчүмүн".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Майрамбек Осмонов: "Атам өлөрдө кечирим сурап, батасын берди"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
aikol87
2015-08-31 10:38:42
Жакшы маек болуптур.
0
DNurgiza
2015-08-31 16:46:48
Менин жердешим да, деп мактанып калайын. Ырлары, обондору жагат. Бироолорду мактап ырдаганы гана жакпайт да.
0
asdf
2015-09-02 16:23:21
DNurgiza, чын эле ошондой болчу бекен айылдагылар айтып калышабы кылык жоруктарын же лапшаны илип атабы??? чоогу айылдаш болсон билсен керек
0
Begimkyz
2015-09-01 18:51:39
Аратор экен, сөздү тапканына балли.
0
eldar96
2015-09-02 10:07:35
Жакшы маек болуптур, бирок ото эле мактанып жибергендей сезилип жатат.
0
vbrb
2015-09-04 09:45:34
мактангандын да чеги болот да
+1
Sagidko88
2015-09-04 11:09:13
Жагат мага байкенин таланты. Ийгилик сизге. Азаматсыз. Маек сонун болуптур.
0
basyz-kaman.
2015-09-04 17:52:47
Иштеринизге ийгилик!
0
Izdeim_seni.
2015-09-04 19:09:00
Суйлоит десе эле шалпылдата бериптир,комур ташыганына ишенген жокмун,эми 7кл.бала тун у бою милициянын уйуно ташыдым деп,эх ананда ажылыка барган байке ушинтип калп айтса.
0
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан