ЖАРАКАТКА КАБЫЛГАНДА КАНТИП ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ КЕРЕК?

Кышында ар түрдүү себептер менен жаракатка кабылгандар көп. Андыктан бул ирет биз Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун №1-травматология бөлүмүнө кайрылдык. Бөлүмдүн жетекчиси Анаркулов Бектур кышындагы жаракат түрлөрү жана жаракатка кабылганда биринчи жардамды кантип көрсөтүү керек экендиги тууралуу маалымат берди.

– Бектур мырза, айтсаңыз, кышында травматология бөлүмүнө көбүнчө кандай жаракатка кабылгандар түшөт?
– Травматология бөлүмү дегенде, эл көбүнчө кайсы бир дене-мүчөсү сынгандарды, сөөгүнөн жарака кеткендерди, муундары чыгып кеткендерди дарылоочу жай катары кабыл алышат. Анын сыңарындай, биздин бөлүмгө кышында көбүнчө муздан тайгаланып колу-бутун сындыргандар, курулушта иштеп жатып бийиктен кулап же мушташып бир жерлерин сындыргандар же сөөгүнөн жаракат алгандар түшөт. Буларга автокырсыкка учурап денесинен түрдүү жаракат, сынык алгандарды да кошууга болот.
2009-жылы жыл ичинде биздин бөлүмгө 641 адам түрдүү жаракат менен түшкөн. Жалпысынан 518 операция жасалды. Мунун ичинен 47 оорулуу 2-3төн операцияны башынан өткөрүштү.
– Сынык кандай түрлөргө бөлү­нөт?
– Сөөктүн сыныгынын ачык жана жабык деген түрлөрү бар.

  • Эгер сөөк менен кошо сыртындагы териге зыян келсе, анда бул сөөктүн ачык сынган түрү деп аталат.
  • Эгер сөөк сынган менен териге зыян келбесе, анда сөөктүн сыныгынын жабык түрүнө кирет.

Сынууга көбүнчө кашка жилик, ийин жана кызыл ашык, шыйрак сөөктөрү учурайт. Остеопороздон (кальцийдин жетишпестигинен келип чыккан сөөктүн борпоңдугу) улам да сөөктүн сынуулары келип чыгат. Бул көбүнчө кышында муздан тайгаланып жыгылганда кездешет. Карылар жамбаш сөөктөрүн сындырып алган учурлар көп.
– Сөөк сынганда биринчи жардамды кантип көрсөтүүгө болот?
– Биринчи жардамды көрсөтүүнү көпчүлүк биле бербейт. Ошондуктан кырсыкка учураган адамды ооруканага алып келгенче, алардын абалы оордоп кетет. Мисалы, жакында эле бизге шыйрагы сынып кеткен адамды бутун шалактаткан боюнча алып келишти. Анын бутуна шак-шак коюп, ооруну сездирбөөчү дарыны ичирип алып келишсе, анын абалы жеңилирээк болмок эле.
Биринчи жардамды кантип көр­сөтүүгө болот?

  • Омурткадан жаракат алганда (сынды деп шекшигенде). Мүмкүн болсо, адамды ордунан козгобоо керек. Эгер бир жерден экинчи жерге жылдыруу зарыл болсо, дене кыймылдабай, омуртка түз кармалгандай болуусу керек. Бул үчүн эки буттун ортосуна жумшак нерсе (мисалы, кийим) коюп, анан кызыл ашыктан, тизеден, жамбаштан байлап коюу кажет. Анан акырын көтөрүп, тегиз нерсенин (фанеранын, жалпак тактайдын же эшиктин) үстүнө жаткызып, көтөрүү керек. Омуртканын ичинде жүлүн болгондуктан, бел сынганда адамды туура эмес кыймылдатып жиберсе, жүлүнгө зарп кетип же үзүлүп кетиши мүмкүн. Бул шалга учуроо же өлүмгө туш болуу дегендик.
  • Кол-бут сынганда. Сынган жерге катуу материалдан жасалган нерседен (жыгач, металл, пластмасса) шак-шак коюу керектелет. Шак-шак сынган сөөккө бир нече жеринен бинт (же мата, көйнөктүн айрындысы, кур, жип) менен таңылат. Шак-шак сынган жердин астыңкы жана үстүңкү муунун бириктирип кыймылдабагандай болушу керек. Эгер шак-шак табылбаса, анда сынган бутту соо бутка, ийин сынса колду денеге кошуп таңуу кажет. Кырсыкка учураган адамга тынчтандыруучу валидол дарысын же ооруну сездирбөөчү анальгин (темпалгин) берүү да туура.

Эгер ачык сынык болсо, анда сыныкты түздөп туруп, шак-шак коюу керек. Жаранын тегерегин йод (арак, спирт) менен сүртүп, микробдор көп кирип кетпеши үчүн жараны даки менен абайлап таңуу керек. Канды токтотуу үчүн сынган жерден өйдөрөөк мата же жип менен таңуу зарыл. Ачык сыныкта адамды туура эмес кыймылдатуудан кан көп кетип же сынган жердин тегерегиндеги араң турган тарамыштар, байламталар үзүлүп кетиши мүмкүн. Андыктан адамды кыймылдатпоо жана «Тез жардамды» чакыруу зарыл.

  • Кол-буттун байламталары созулуп же үзүлүп кетсе. Мындайда дароо катуу оорутуу сезилет. Эгер байламта үзүлгөн болсо, анда тырс эткен үн чыгат. Ал жер шишип чыгат, кан агуу күтүлөт. Дароо муздак компресс жасап, дарыгерге шашылуу керек. Ооруган жерди мүмкүн болушунча кыймылдатпоого аракет кылуу зарыл.
  • Баш чайпалганда. Адам жыгылып же бир кырсыкка учурап башы чайпалды дейли. Мындай учурда адам акыл-эсин жоготпосо, анда чалкасынан жаткызып, башын көтөрүү керек. Анан ооруканага алып баруу кажет. Эгер адам акыл-эсинен танып калса, анда оозундагы былжырларды тазалоо зарыл. Тилин чайнап албоосу үчүн тиштеринин ортосуна бир нерсе, мисалы, кашык, чүпүрөк, пластмасса коюп, анан ооруканага шашылыш түрдө алып баруу кажет.
  • Ири сөөктөр сынса. Баш сынса, анда адамды катуу, түз нерсенин үстүнө жаткызып, тез жардамды чакыруу керек. Жамбаш, башкача айтканда кашка жиликтин башы сынса, анда бутту бири-бирине байлап, адамды катуу, тегиз нерсенин үстүнө жаткызып, ооруну сездирбөөчү дары берүү кажет. Анан ошол бойдон ооруканага алпаруу туура. Кокус төш же далы сөөк сынса, анда деле адамды катуу тегиз нерсенин үстүнө жаткызып, ооруну сездирбөөчү дары берип, тез жардамды чакыруу зарыл.
  • Моюн сынса. Мындай учурда адамдын моюнун таңуу керек. Таңууга жасалма жака керектелет. Бул үчүн матанын же жоолуктун бетине катуу картонду жазып, анан экөөнү чогуу моюндун өлчөмүнө жараша бүктөө керек. Эми бир адам кырсыкка кабылган адамдын башын кыймылдатпай түз кармап, экинчи адам моюнга жасалма жаканы коёт. Жаканын үстү жоолук же моюн орогуч менен таңылат. Эгер катуу картон табылбаса, анда адамдын моюнун “Тез жардам” келгиче кыймылдатпай кармап туруу зарыл. Анткени моюн омуртканын ичинде жүлүн болгондуктан, ага зарп кетпешине же үзүлүп кетпешине кам көрүү керек.

– Жыгылганда бир жерди сындырып албоо үчүн эмне кылуу керек?
– Туура жыгылууну үйрөнүү кажет. Негизи, жыгылганда кол менен таянып жыгылуу туура эмес. Кол сынып кетиши же жарака кетиши мүмкүн. Андыктан жыгылганда капталдан жыгылууга же бутту бүгүп жыгылууга аракет кылуу кажет. Ошенткенде гана сыныкка, жаракага учуроо коркунучу азаят. Муну чоңдордон тартып кичинелерге чейин билүүсү кажет.
– Маегиңизге рахмат. Иши­ңизде ийгилик болсун!

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
akish87
2012-09-09 21:47:03
Мени кышта шыйрагым сынган 31-декабрьда чорт узулуп кетткен эки соокта сынган, мына 10 ай болду жатканыма дагы эле буто элек бутума сиписадан темир койюшкан врачтар ошолбойдон уйдо жатам неге мынча кыйын буттушу сооктун
0
zamakure
2017-03-10 14:56:37
Шыйрак катта жугуруп жыгылганга шишип кетти рентгеге тушсо жакшы сынык жок дептир шишикти кандай кетирсе болот
0
№ 376, 15-21-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан